ТАРБИЯ САБАКТАРЫНДА ТЫГЫЗ БАЙЛАНЫШ КЕРЕК

  • 22.08.2022
  • 0

Мектептердеги кошумча ийримдер алып барган сабактар менен тарбия иштерин интеграциялоо сунушталууда. Бул тууралуу бүгүн, 22-августта өткөн педагогика кызматкерлеринин август кеңешмесинин биринчи күнүндө мектептен тышкары билим берүү секциясында сөз болду.

Республикабыздагы мектептен тышкары билим берүүчү төрт ири борбордун бири, “Балажан” республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борборунун директорунун орун басары Замира Молдалиеванын пикиринде, мектептен тышкаркы билим берүү борборлору жүргүзгөн окуу жана тарбия иштеринин алкагында ресурстук борборлор ачылып, жалпы республикадагы мектептер мектептен тышкаркы кошумча билим берүү уюмдары менен биргеликте интеграцияланган программада иш алып барса, натыйжалуу болмок.

— Кошумча билим берүүнүн өзгөчөлүгү – стандартка кирбеген, чыгармачылык менен эркин түзүлгөн программалардын өзөгүндө иш алып баруу. Мектептеги ийримдердин программасы мектепте окутулган предметтердин негизинде түзүлөт. Бүгүнкү секциялык жыйында чыгармачылык менен эркин программаларды тандап түзүп, мектептин ишин да чыгармачылык менен алып кетсе деген ой-сунуштар айтылды. Сентябрдан баштап, биз өзүбүздүн программаларды түзүп, мектептерде ачылган ийримдердин программаларын карап, алар менен тыгыз байланышта иш алып кетүүнү караштырып жатабыз. Албетте, бул дароо эле ишке ашып кете турган оңой иш эмес, быйыл азыраак сандагы мектептер менен апробациялоо жүргүзүп көрсөк, анан акырындап башка мектептерге да жайылтууга болот деген ойдобуз, — деди Замира Абыкановна.

Жогоруда аталган төрт борбордун бири “Балажан” окуу-методикалык борборунда балдарга эстетикалык, жарандык, спорттук тарбия берүү программасы менен мектептердеги кошумча билим берүү ийримдеринин ортосундагы сабактарды жана тарбия иштерин интеграциялоо каралды.

ТАРБИЯ САБАКТАРЫНДА ТЫГЫЗ БАЙЛАНЫШ КЕРЕК

Катышуучулардын пикиринде, анын алкагында ресурстук борборлорду ачып, жалпы республикадагы мектептер жана мектептен тышкаркы кошумча билим берүү уюмдары менен биргеликте интеграцияланган иш алып баруу кыйла натыйжалуу болмок.

Секциялык мастер-класстарда “Балдардын улуттук инженердик-техникалык академиясынын илим жана креативдик технологиялардын өнүгүүсү” (“Алтын түйүн” балдардын улуттук инженердик-техникалык академиясынын бөлүм башчысы Бапанова Ж.Б.), “Кошумча билим берүү системасындагы ишмердиктин жамааттык формалары полиэтникалык чөйрөдө инсандын жарандык иденттүүлүгүн калыптандыруунун фактору катары” («Балажан» республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борборунун директору Мусина Д.С), “Балдардын билим берүү туризми — окуучуларга экологиялык тарбия берүүнүн каражаты катары” (Республикалык балдардын жана өспүрүмдөрдүн экология, край таануу жана туризм борборунун директорунун орун басары Тапаева С.И.) жана “Кошумча билим берүү уюмдарында ден соолугунан  мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга инклюзивдүү билим берүү” (“Сейтек” балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук борборунан Пак Т.Б.) темалары камтылды.

А.КАШЫБАЕВА
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер