КОШ БОЛ, БАКЧАМ!

  • 31.05.2024
  • 0

Баш калаабыздагы Биринчи май районундагы бала бакчаларда кезектеги бүтүрүү кечелери болуп өттү.

КОШ БОЛ, БАКЧАМ!

Ошентип дагы бир окуу жылы аяктап, жалпы эле билим берүү мекемелеринде бүтүрүү кечелери байма-бай өтүүдө. Алардын катарында бала бакчанын босогосунан чыйыр алып чыккан бөбөктөрдү көрүүгө болот. Бишкек шаарындагы Биринчи май районунун мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын мектепке даярдоо тайпаларында “Кош бол, бакчам!” деген аталыштагы бүтүрүү кечелери уюштурду. Балдар бала бакчадан алган билимдерин кызыктуу оюн, ыр бий аркылуу көргөзүштү. Концерттик программалардын алкагында тамашалуу бийлерди бийлеп, ырларды көркөм окуган бөбөктөр бала бакчанын жамаатына ыраазычылык билдирип, жүрөктөн чыккан ырларын арнап, куттуктоо сөздөрүн айтышты. Анан албетте, соңку жылдары салт болуп калган ата-энелер менен биргеликте коштошуу бийин бийлешти.

А.К.

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер