КОРЕЙ-КЫРГЫЗ МААЛЫМАТ ТЕХНОЛОГИЯЛАРЫ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ

  • 05.12.2023
  • 0

КОРЕЙ-КЫРГЫЗ МААЛЫМАТ ТЕХНОЛОГИЯЛАРЫ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ

«3-Корей-Кыргыз ИТ конференциясы 2023» жана «2023 Фаблаб Бишкек MAKE-A-THON» темаларында эл аралык илимий-практикалык конференция ишин баштады. Уюштуруучулар — Сеул эл аралык достук уюму (SIFO), ФАБЛАБ Бишкек, КМТУ жана Корея эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA).

Конференциянын максаты — «Айыл чарбасында смарт акылдуу технологияларды колдонуу» темасынын алкагында Кыргыз Республикасында санариптик өндүрүштү андан ары өнүктүрүү боюнча сунуштамаларды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен келечекти баалоо жана пландаштыруу маселелерин талкуулоо.

Конференциянын катышуучулары: Бишкек шаарынын мэриясы, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министрлиги, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги, Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги, жогорку технологиялар паркы, эл аралык өкмөттүк эмес компаниялар жана көптөгөн ИТ компаниялары.

Белгилей кетсек, «2019-2021-жж. ФАБЛАБ Бишкек түзүү аркылуу жогорку билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» аттуу эл аралык кызматташтык программанын алкагында Сеул эл аралык достук уюму Кыргыз мамлекеттик техникалык университети менен KOICA долбоорун демилгеленди. Бул долбоордун алгачкы этабында И. Раззаков атындагы КМТУнун базасында ишке ашыруу керектигин Чериков С.Т. профессордун саламы абдан чон.

КОРЕЙ-КЫРГЫЗ МААЛЫМАТ ТЕХНОЛОГИЯЛАРЫ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ

 KOICA жана SIFO тарабынан каржыланып, имараттарды оңдоо, санариптик жабдууларды орнотуу жана прототиптерди түзүү жана илимий идеяларды ишке ашыруу үчүн керектүү материалдар менен камсыз кылуу үчүн ресурстар бөлүнгөн. Санарип өндүрүшүн каржылоонун жалпы көлөмү 120 миллион доллардан ашты. 2019-жылдан баштап профессорлор, лаборатория жетекчилери, студенттер жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, ошондой эле алардын үй-бүлө мүчөлөрү окутулду. Жыл сайын ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн бионикалык протездерин жасап, орнотуу боюнча кайрымдуулук өткөрүлүп келет. Fablab долбоорунун эффективдүү жана уникалдуу жыйынтыгы менен дагы 3 жылга узартылды.

Fablab долбоору мамлекеттин экономикалык өнүгүүсүнүн ар кандай багыттарында стартаптар үчүн негиз болгон санариптик өндүрүш көндүмдөрү аркылуу адамдардын жогорку билимди кеңейтүүгө багытталган. Бул жылы долбоордун чоң аракеттери Fablab студенттерине жана бүтүрүүчүлөрүнө тездетүү программасынын жана бизнес-инкубациялоонун контекстинде өз идеяларын өнүктүрүүгө мүмкүндүк берүүгө багытталган.

Эл аралык илимий-практикалык конференциянын пленардык жыйынында түштүк кореялык уюмдардын өкүлдөрү өз билимдери жана тажрыйбалары менен бөлүшүшөт. Айыл чарбасында санариптик технологияларды мындан ары өнүктүрүү максатында SIFO менен Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу «АгроСмарт» санариптештирүү жана маркетинг борбору» мамлекеттик ишканасынын ортосунда меморандум түзүү пландаштырылууда. Иш-чаранын жүрүшүндө 10 команданын презентациялары өткөрүлөт. «Make-A-Thon» сынагынын жыйынтыгы боюнча эксперттердин баалоо иштеринин жыйынтыгы боюнча катышуучуларга көптөгөн сыйлыктар, анын ичинде 3000 долларга жакын сыйлыктар ыйгарылат.

Учурда Fablab долбоору чон ийгиликтерге жетишти жана долбоордун бардык катышуучулары жана биздин өнөктөштөр жакынкы жылдарда абдан жемиштүү жана ийгиликтүү жыйынтыктарды күтүшүүдө. Ошентип, SIFO президентинин айтымында, Сун Жу Ли айым FabLab долбоору биздин элдерибиздин ортосундагы мамилени чыңдоого, Кыргызстан элинин жашоосун жакшыртууга жана мамлекеттин санариптик трансформациясын өнүктүрүүдө маанилүү экенине чын жүрөктөн ишенет.

Бөлүшүү

Комментарийлер