КООМДУН КУТТУУ ОРДОСУ

  • 08.06.2020
  • 0
КООМДУН КУТТУУ ОРДОСУ
Тээ илгери биз бала чакта «ЧОҢ ҮЙ» деген бир куттуу ордо болор эле.
Ата-эне жашаган үй «чоң үй» деп ардакталып аталып, алардын балдары жана урпактары үчүн өтө ыйык жана куттуу борбор болуп келген. Балдарынын баары өз түндүгүн көтөрүшүп, өздөрүнчө түтүн булатып калышса да, ата-энелеринин көздөрү тирүу кезинде алар жашаган үйгө эртели-кеч айланчыкташып, балдары да керээлден кечке ошол үйдө жүрүшчү. Чоң ата-эненин мээримине, тарбиясына ык алышкан жаш балдар үйлөрүнө кеткиси келишпесе «чоң үйдө» каалашынча түнөп калышчу.
Бир туугандар бала-чакалары менен келишип, ортодо тамак ичишип, үй-бүлөлүк маселелерди чечишип, тентеги ашынып баратканын тескешип, зарыл муктаждыгы чыккан баласына баарылап кол кабыш кылышып, айтор «ЧОҢ ҮЙ» институтунун мыйзамы өтө күчтүу эле.
«Чоң үйдүн» улуу жана мээрбан тарбиясы далай жаштар үчүн академиялык мектеп болгон. Түптүү жана нарктуу үй-бүлөнүн муундардан муундарга калтырган баа жеткис мурастары – бул адал эмгек, айкөлдүк, боорукердик жана илгери үмүт менен алдыга умтулуучулук эле. Көргөн-өскөнү жакшы болгону үчүн «чоң үйдүн» перзенттери турмушта туура жолго түшүшчү.
Азыр ушундай «чоң үйдүн» кутун сактаган үй-бүлөнү көрсөм кубанып калам.
Зинакан Пасаңова, жазуучу.
Бөлүшүү

Комментарийлер