КОНСУЛЬТАТИВДИК-ЭКСПЕРТТИК КЕҢЕШ ЧЕЧЕТ ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНЫН БАШТАЛЫШЫ ЖӨНҮНДӨ

  • 23.07.2020
  • 0

Жаңы окуу жылы башталаарына аз эле убакыт калды. Эгерде дүйнөнү дүңгүрөткөн таажывирусу болбогондо быйыл 2283 мектеп окуучуларга эшигин ачмак. Тилекке каршы, күндөн күнгө кооптонуу күч алып жатат. Бул дарттын экинчи толкуну  сентябрь айында болушу ыктымал экенин маалымат каражаттары жазып чыгышты. Ошондуктан Билим берүү жана илим министрлиги 2020-2021-окуу жылына карата даярдыктарды бекитилген Антикризистик Планга ылайык жүргүзүүдө. Түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен жаңы окуу жылынын биринчи чейректеги окуу процессин аралыктан уюштуруу үчүн  даярдыктар көрүлүп жатат.

КОНСУЛЬТАТИВДИК-ЭКСПЕРТТИК КЕҢЕШ ЧЕЧЕТ ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНЫН БАШТАЛЫШЫ ЖӨНҮНДӨ

 Жаңы  окуу жылын сапаттуу уюштуруу боюнча эксперттер иштеп жатышат

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынын берген маалыматы боюнча, эгер айрым аймактарда коронавирус илдетинин жайылышы кооптуу эмес деген санитардык-эпидемиологиялык кызматтардын чечими чыкса, анда ал региондогу мектептерде окуу процесси дагы өзүнчө каралат.

Ошондуктан Билим берүү жана илим министрлиги мектеп мугалимдерин, окуучуларды ата-энелерди азыртан дистанттык билим берүү процессине даярдана берүүсүн максатка ылайыктуу деп эсептейт. Кырдаал жакшы жагына өзгөрүүсү менен окуучулар мектепке реалдуу режимде окууга келишет.

Учурда министрликтин алдында практик-педагогдордон, эксперттерден, билим берүү жаатындагы менеджерлерден турган эксперттик-консультативдик кеңеш иштеп жатат. Кеңештин корутундусу менен башка өлкөлөрдүн жана Кыргызстандын тажрыйбасы изилденип, талданып, окуучулардын жаш өзгөчөлүгүн, балдардын жана педагогдордун коопсуздугун приоритет катары койгон варианттагы чечимдер кабыл алынат.

Ошондой эле тажрыйбалуу методисттерден, педагогдордон жана эксперттерден турган команда телесабактардын мазмунун, жадыбалын, өткөн практиканы  карап чыгып, аларды тартууга киришти. Сабактар мектепке чейинки жана мектептеги билим берүүнүн бардык деңгээлдерин камтыйт. Аны  тартууда эң ириде анын сапатына, маңызына көңүл бөлүнүп, компетенттүүлүк мамилеге негизги басым жасалууда. Бул максатта, конкреттүү методикалык жана техникалык талаптарды камтыган атайын методикалык колдонмо иштелип чыкты.

— Буга кошумча мугалимдер жана методисттер үчүн окутуулардын циклы уюштурулуп, ийгиликтүү тажрыйба республиканын мугалимдерине да жайылтылат. Окуучуларды онлайн-тестирлөөгө мүмкүндүк берген платформаны жакшыртуу иштери улантылууда. Окуу китептерин электрондоштуруп, аларды kitep.edu.gov.kg платформасына жайгаштыруу да учурда жасалып жатат. Дистанттык билим берүүнүн өркүндөтүлгөн технологиялары кенири колдонууга алынат, — дейт басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.

Жеке менчик мектептердин реалдуу окутканга шарты бар

Жеке менчик мектептерде бир класста 20 окуучуга жетпеген бала окуйт. Демек, бардык санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактап, окута берсек болот да деген ата-энелер  Марал радиосу уюштурган «Күн чабыт» программасында  билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбековага бир топ суроолор менен кайрылышты.

— Жеке менчик мектептердин мамлекеттик мектептерден мүмкүнчүлүгү жогору. Материалдык-техникалык базасы күчтүү. Төртүнчү чейректе биз мамлекеттик же менчик деп бөлгөн жокпуз.  Ооба, 20 бала окуйт, реалдуу окуганга уруксат бергиле деген суроолор түшүп жатат. Башталгыч класстар боюнча маселелерди кылдатттык менен чечкенге иштеп жатабыз. Биринчи класска эмне үчүн өзгөчө көңүл буруп атабыз? Анткени алардын өз алдынча көндүмдөрү өнүгө элек. Алар деген жаңы мектепке келип, мугалим менен таанышып, окуу эмне экенин түшүнүп, көрүшү керек. Ошондуктан жеке менчик мектептерде балдар аз, окутканга бардык шарттары болсо санэпидемнадзор менен бирге карайбыз. Дистанттык окутуу – адамдардын ден соолугунун коопсуздугу. Биздин балдар оорубаганы абдан жакшы, бирок, алар вирусту алып жүрүүчүлөр катары чоң адамдарга ташуучулар болуп атат. Эксперттик-консультативдик кеңеш менен жана тиешелүү медициналык тармактагы адистер менен талдап туруп, анан гана  чечим чыгарабыз. Эң негизгиси биринчи кезекте коопсуздук жана 1-класс. Алар кандайча окуйт азыр каралып жатат, — деди министрдин орун басары.

Негизинен биринчи класска барчу балдардын санына жараша аларды экиге бөлүп, биринчи бөлүгүн эртең менен, экинчисин түштөн кийин окутуу боюнча да сунуш түшүп жатат. Же болбосо бир бөлүгүн дүйшөмбү-шейшемби, экинчисин – шаршемби-бейшемби күнү окутуу каралууда. Эмнеси болсо дагы эксперттер бардык варианттарды талдап,                                                                                                                         Кыргызстанга төп келчү, шартына ылайыктуу вариантын карап жатышканын министрдин орун басары белгиледи. Ошондой эле Казакстандагы Назарбаев университетинин профессору  Д.Шаматовдун айтымында,  башталгыч класстын окуучуларын окутууда чет өлкөлүк тажрыйбаларды карап көрүү зарыл.

— Балдардын мектепке келип окуганы жакшы экенин баарыбыз жакшы билебиз. Алиппени жакшы үйрөнсө, мектеп жөнүндө тажрыйба алат. Башка мамлекеттерде башка бир моделдерин иштеп чыкканга аракет кылып жатышат. Балдар мектепке келип окушса эки сменде, бирок балдардын саны аз болсо деп. Класстан балдарды чыгарбай, танаписти да ар кандай убакта берип, балдар бири-бири менен аралашпай, контакттарды азайтсак деген ар кандай жолдорун таап атышат. Ошондой эле балдарды мектепке алып келишибиз керек, бирок гарантия керек. Балдар өздөрүнө да жугузбай, башкаларга да жугузбай оорубаш керек, — дейт профессор.

Дистанттык окутуунун оң жана терс жагы

Өткөн окуу жылынын үчүнчү жана төртүнчү чейректеринде мектептер  даярданбай туруп эле аралыкта окутууга өтүп кетпедиби. Оор кырдаалдан чыгуу аракетинин натыйжасында,  билим берүү тармагыбыз  мектеп жашына чейинки балдарды,  окуучуларды, студенттерди мындан ары  аралыктан окутуунун системасын тандап алууга туура келди. Бирок бардык нерсенин оң жана сол жагы болот эмеспи. Аралыктан окутуунун жакшы жактары —  заманбап технологиянын эң акыркы тажрыйбалары менен тааныш болуп, аларды колдонууга мугалимдер жапырт өттү. Республика боюнча окуу-усулдук тажрыйбага  ээ мугалимдердин алдыңкы иш-аракеттери менен таанышканга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Керек болсо, аралыктан окутуунун натыйжасында өз ара атаандаштык жаралып, сабак өтүүнүн жаңы идеялары, ой-толгоолору, чыгармачылык өсүшү байкалганын мугалимдер  өздөрү айтып чыгышты. Айрым кирди-чыкты менен жүргөн мугалимдердин жоопкерчилигин, сезимин  ойготту, аракетин ашырды деп да айтышканын кулагым чалган.

Дегеле он уктаса түшүнө кирбеген, заманбап технология менен тааныш эмес, компьютерге өмүрү жолобогон, жада калса көтөрүп жүргөн телефонду тың колдоно албаган агартуучулар үчүн абдан чоң сыноо эле болду. Аралыктан окутуунун ыңгайсыздыгы материалдык жактан  да мугалимдерди беймазага салды.

Көп эле мугалимдин үй-шарты компьютер аркылуу Zoom менен сабак өтүүгө ыңгайлашкан эмес, ал тургай, ноутбугу, тыңгылыктуу телефону жок мугалимдер четтен чыгат. Жарыбаган айлыктын көзүн караган мугалимдер насыяга телефон, айрымдары ноутбук алганга жетишти.

Ар бир мугалим сабагынын кайтарымын алуу үчүн окуучуларынан, студенттеринен талап кылып, ансыз да өп-чап жашаган,  көп балалуу, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө мугалимдер жек көрүнүштү.  «Телефондон баламдын башы чыкпай калды» деп урушкан ата-энелер дагы болду. Бирок замандын талабына моюн сунбагандан айла жок экенин түшүнгөн мугалим журтчулугу жапырт санариптештирүүгө баш-оту менен кирип, ушул жаңы окуу жылында өткөн кемчиликтерин жоюп, тың сабак берээрине толук ишеним артып отурушат.

Назарбаев университетинин профессору  Д.Шаматовдун пикиринде, онлайн окутууда гаджеттерди үйрөнүү менен көп мугалимдер өздөрүнүн тажрыйбаларын башкалар менен бөлүштү.

— Бул абдан маанилүү нерсе. Мисалы, видеосабакты жасап көрүп туруп, фейсбукка, ютубка жүктөп  он, жыйырма мугалим менен тажрыйба алмашып атат. Онлайн окутуу эмес, методикасы менен тажрыйба алмашты. Сабакты сапаттуу бергенин көрүп атабыз. Анан мугалимдердин аброю көтөрүлдү бир аз болсо дагы. Ата-эне балдары менен отуруп, кыйналганда, мугалимдердин баркын билишти, — дейт профессор.

Чындыгында аралыктан окутуу эптеп-септеп окутуп жаткан мугалимдерди сүрүп чыгат.

— Онлайн окутууда 45 минуттук сабакка мугалим бир же эки күн даярданышы ыктымал. Дистанттык окутууда окуучу менен мугалимдин кайтарым байланышы күчтүү. Мугалимдин даярдыгы, чыгармачылыгы, тилдерди билүү, дүйнө булактарынан билүүсү абдан маанилүү. Биринчи кезекте интернет маселеси чечилиши керек. Мугалимдин интернетке туташуусу боюнча айлыгына кошумча кошуп берүү да каралышы керек. Анткени өткөндө мегаком бекер бергени менен интернет абдан начар иштегенин мугалимдер айтып чыгышты. Ошондуктан тез интернетке мүмкүн өзү кошулуп алат.  Ошондо гана өнүгүү жолуна түшөбүз, — дейт эксперт Асылбек Жоодонбеков.

Ата-энеге кандай жоопкерчилик жүктөлөт?

Билим берүү боюнча эксперт Асылбек Жоодонбековдун пикиринде, карапайым адам  модем, зум, ватсап деген түшүнүктөрдү билип атат.

— Албетте, мугалим, окуучу кыйналды, балким, каражат тарабынан, бирок бул жашоо процессине керек. Ошондуктан ата-энелердин ушул процесске катышы билим берүүнү аңдап түшүнүп жатканынын өзү, бир аз ачууланып жатса дагы мектеп менен ата-эненин байланышы сезилип жатат. Эми мектепте ата-энеге индивидуалдуу мамиле кылыш керек. Эгерде класста 30 окуучу болсо, анын онунун ата-энеси түшүнөт, баласына гаджет  сатып, интернет мүмкүнчүлүгүн чечип берет.  Ал эми бешөөнүн мүмкүнчүлүгү жок. Демек, ошолор менен иштеш керек. Аны кантип жардам бериш керек тууралуу мугалимдер кеңешип, иштеп чыгышы керек. Дагы бир ону менен  кызматташып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек. Ушул сыяктуу  ар бир мугалим, класс жетекчи окуучунун ата-энесинин түшүнүгүнө карата индивидуалдуу иштегенде жакшы жагы болот. Мында мугалимдердин авторитети көтөрүлөт, — дейт эксперт.

Аралыкта окутууда  окуу китептери кандай берилет?

Маалыматка караганда, дистанттык форматта окуучулар окуу китептерин мектепке барып, бардык санитардык эрежелерди сактап, алышы керек.

— Бирок электрондук ресурстарды  көбөйтүп атабыз. Окуу китептерин kitep.k сайтына жайгаштырып атабыз.  Видеосабактарды окуу деген порталга коюп атабыз. Окуу китебинен тышкары электрондук  мүмкүнчүлүктөр жетишерлик болуш керек. Окуу китептери мектептин китепканаларында жата бербеши керек. Окуучулар мектепке келип, аралыкты сактап, бирден-экиден кирип, китепканадан алып кетиши керек. Таптакыр эле электрондук деп кетип калбашыбыз керек. Окуу китептерин окуп эле, электрондук ресурстарды карабай койбош керек. Жаңы информатика окуу китебин чыгарып атабыз. Пандемия шартында аябай кыйналдык, бирок ошого карабастан авторлор карап, экспертизадан өтүп, 7-8-9-класстар үчүн информатика окуу китеби жаңы стандарттын негизинде чыгып атат, — дейт АТН.Джусупбекова.

Электрондук форматта чыккан китептердин мүчүлүштүктөрүн оңдогонго ыңгайлуу экенин адистер айтышууда. Ошондуктан көп окуу китептери электрондук форматта жайгаштырылды.

 Окуучулардын билимин баалоо кандай болот?

Адистердин пикиринде, калыптандыруучу баалоо биринчи орунга чыгат. Анда окуучу эмнени түшүндү, кандай көйгөйлөр болуп атат, ошол көйгөйлөйрдү чечүү үчүн эмне кылуу керек деп туруп бааланат. Кайтарым байланыш менен баалоо бир жүрөт экен. Биз көнүп калган 2, 3, 4, 5 деген баалар да болуш керек. Анткени окуу процессинде кандайдыр бир жыйынтыктар чыгышы керек экенин адистер белгилешүүдө.  Дистанттык окуу процессинде кадимки эле реалдуу окуу процессиндей эле  калыптандыруучу баалоо менен суммативдик баалоо дагы бирге жүрүшү керек.

— Акыркы он жылда баалоонун жаңы моделдери кирген. Жаңы дагы бир түрү — критериялык баалоо, бул жеке менчик мектептерге кирип жатат. Бул бизге да абдан керек. Окуу китептин куралы болуп калбастан, окуу китепти биринчи беттен акыркы бетке чейин окутуп койсок, билим жыйынтыкталбайт. Окуу китеби ар бир мугалимдин куралы. Мисалы, математика 6-класстын сабагы болсо окуучу кайсы компетенцияларга, көндүмдөргө ээ болот деп туруп, ошонун негизинде иш алып барышыбыз керек. Окуу китеби жөн гана жардам бериши керек. Бул окуу китеби жардам бербесе башкасын пайдаланыш керек. Ар бир мугалим 6-класста менин окуучум эмнени өздөштүрүш керек деген  иш алып барышы зарыл.  Критериялык баалоодо жалаң эле жактоо түшүнүк менен чектелбестен, балдардын ой жүгүртүүсүн жогорку деңгээлге, алардын анализ жасап, талдай алышабы, жаңы нерсени ойлоп табалабы, ушуга жараша ойлоп тапшырма берип туруп, ошого жараша баалоо болуш керек. Балдарыбыз жаңы бир нерсе ойлоп табалабы, ошондо гана ага беш коюшубуз керек. Эски нерсе артта калды, жаңы билимди пайда кылган балдарды колдоп, жаңы нерсени  ойлоп чыккан балдарга беш деген бааны коюп, ошол багытта көп иш алып барышыбыз керек, — дейт профессор.

Ошентип бир жарым айдан кийин, буюрса жаңы окуу жылы аралыкта окутуу менен башталат. Жаңы окуу жылында жаңыча көз караш менен келген окуучулар, мугалимдер заманбап технологиянын өздөштүрбөй калган жактарын үйрөнүп, дагы бир кадам алдыга жылат деген ишеним чоң.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер