КОМПЬЮТЕР КЛАССТАРЫНА ЭМЕРЕКТЕР ЖЕТКИРИЛЕ БАШТАЛДЫ

  • 10.08.2022
  • 0

КР Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында Кыргызстандагы 1200 мектепке жана 8 педагогикалык колледжге компьютердик класстар үчүн эмеректерди алып келе баштады.

Ар бир мектепке 15 стол, 15 стул жана системалык блок үчүн 15 стенд каралган. Ал эми 8 педагогикалык колледжге 21 стол, 21 стул жана 21 процессор үчүн стенд алынып келинет.
5-августка карата Ысык-Көл облусундагы 109 мектепке эмеректер жеткирилди. Учурда Чүй, Баткен, Нарын облустарына, ошондой эле Бишкек шаарына жеткирилүүдө. Кийинки кезекте Ош, Жалал-Абад жана Талас. Бардык мектептерге компьютердик класстар үчүн эмеректерди жеткирүү октябрь айында аяктайт.
Белгилей кетсек, “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу 1200 мектеп (республиканын бардык мектептеринин 56%ы) жана 8 педагогикалык колледждер 24168 компьютер, 7208 проекторлор, 2408 тармак өчүргүчтөр, 1208 көп функционалдуу түзүлүштөр (принтер + копир + сканер) жана үзгүлтүксүз энергия булактары (UPS) менен камсыз болот.

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер