ЖЫЛДЫК ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ ОТЧЕТТУК КОЛЛЕГИЯ БАШТАЛДЫ

  • 07.03.2024
  • 0
Бүгүн Ж.Баласагын атындагы КУУнун базасында өтүп жаткан Билим берүү жана илим министрлигинин жылдык жыйынтыктоочу отчеттук коллегиясында Догдуркүл Кендирбаева мектептик, мектептен тышкаркы билим берүү, мугалимдин статусун көтөрүү, санариптештирүү маселелерине кеңири токтолуп, жаңы муундагы сапаттуу окуу китептери менен камсыздоо максатында китеп басып чыгаруу саясаты кайра каралып чыкканын белгиледи. Жылдык отчетко КР Кабинет Министринин төрагасы Акылбек Жапаров катышып жатат.
ЖЫЛДЫК ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ ОТЧЕТТУК КОЛЛЕГИЯ БАШТАЛДЫ
ЖЫЛДЫК ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ ОТЧЕТТУК КОЛЛЕГИЯ БАШТАЛДЫ
ЖЫЛДЫК ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ ОТЧЕТТУК КОЛЛЕГИЯ БАШТАЛДЫ
Министрдин отчетуна көз чаптырсак, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин маалыматы боюнча, бала бакчалардын жана мектептердин санынын өсүшүнүн оң динамикасы байкалууда (бала бакчалар – 1712ден 1834кө (7,12%), мектептер – 2333төн 2350гө (0,7%) чейин.
Күндүзгү типтүү бала бакчаларда мектепке чейинки билим берүү менен камтуу 1834 бала бакчада 220 миң баланы түздү (анын ичинен 1583 мамлекеттик жана муниципалдык, 251 жеке менчик), бул 2022-жылга салыштырмалуу 20 миң балага жана 122 бала бакчага көп. Пайыз менен камтуу мектепке чейинки курактагы бардык балдардын 26,4% түздү, бул өткөн жылга салыштырмалуу 2,5% көп.
Билим берүү жана илим боюнча негизги статистикалык көрсөткүчтөр:
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин маалыматы боюнча, бала бакчалардын жана мектептердин санынын өсүшүнүн оң динамикасы байкалууда (бала бакчалар – 1712ден 1834кө (7,12%), мектептер – 2333төн 2350гө (0,7%) чейин.
Күндүзгү типтүү бала бакчаларда мектепке чейинки билим берүү менен камтуу 1834 бала бакчада 220 миң баланы түздү (анын ичинен 1583 мамлекеттик жана муниципалдык, 251 жеке менчик), бул 2022-жылга салыштырмалуу 20 миң балага жана 122 бала бакчага көп. Пайыз менен камтуу мектепке чейинки курактагы бардык балдардын 26,4% түздү, бул өткөн жылга салыштырмалуу 2,5% көп.
Мектептик билим берүү менен камтуу 1 447 717 окуучуну (1-класстан 11-класска чейин) түздү, бул 2022-жылга салыштырмалуу 40 миң балага көп, 2350 мектепте (анын ичинен: мамлекеттик – 2164, жеке менчик – 186 мектеп).
Мугалимдердин саны да өсүүдө – мектепке чейинки билим берүү тармагында 8 785тен 9 796га чейин, мектептик билим берүү тармагында 82 724төн 89 962ге чейин.
Кесиптик билим берүүнүн деңгээлинде 32,7 миң окуучусу бар 100 кесиптик лицей, 3140 мугалим, 108,1 миң окуучусу бар 142 колледж, 8447 мугалим, 227,5 миң окуучусу жана 12039 мугалими бар 61 жогорку окуу жайы бар. Республиканын ЖОЖдорунда 71 674 чет өлкөлүк жаран билим алууда (студенттердин жалпы санынын 31,4%), анын ичинен 46 353 (64,6%) коңшу мамлекеттердин өкүлдөрү, 25 321 (35,3%) алыскы чет мамлекеттердин өкүлдөрү.
Кытай Эл Республикасында, Түркия Республикасында, Казакстан Республикасында, Өзбекстан Республикасында жана Тажикстан Республикасында жашаган этникалык кыргыздар үчүн Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында жыл сайын 75 бюджеттик орун бөлүнөт.
Кыргыз Республикасынын элчилигинин көмөгү менен этникалык кыргыздардын документтери Кыргыз Республикасынын ЖОЖдоруна алар жашаган өлкөлөрдөгү да, Кыргыз Республикасындагы да окууга кабыл алынып, адистик предметтер боюнча талапкерлерди тестирлөө уюштурулган.
Сынактын жыйынтыгында Өзбекстан Республикасынан (31), Тажикстан Республикасынан (27) жана Түркия Республикасынан (1) 59 этникалык кыргыздар Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына тапшырып, билим ала башташты.
Илим тармагында мамлекеттик бюджеттен каржылоого 154 изилдөө жана эксперименталдык долбоорлоо иштери тандалып алынган.
Эл аралык рейтингдердин деңгээлинде:
Кыргызстан адамдык өнүгүү индекси боюнча 191 өлкөнүн ичинен 118-орунда, адам капиталынын индекси боюнча 174 өлкөнүн ичинен 72-орунда турат.
2022-жылы билим деңгээлинин индекси боюнча Кыргызстан дүйнөдөгү 191 өлкөнүн ичинен 76-орунда турган. Илимий ишмердүүлүктүн деңгээли боюнча Кыргызстан 197 өлкөнүн ичинен 126-орунда, окумуштуулардын саны боюнча — 128 өлкөнүн ичинен 51-орунда, патенттердин саны боюнча — 171 өлкөнүн ичинен 88-орунда. инновациялардын индекси — 132 өлкөнүн ичинен 94-орунда.
Билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү мыйзамдарды инвентаризациялоонун натыйжасы 2023-жылы “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын жаңы консолидацияланган Мыйзамынын жана “Илим жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынышы болду.
Г.А., «КБ»
Бөлүшүү

Комментарийлер