КОЛЛЕГИЯ: PISA-2025 ДАЯРДЫКТАР ЫКЧАМ ТЕМПКЕ ӨТҮҮГӨ ТИЙИШ

  • 22.03.2023
  • 0

КОЛЛЕГИЯ: PISA-2025 ДАЯРДЫКТАР ЫКЧАМ ТЕМПКЕ ӨТҮҮГӨ ТИЙИШКыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Чүй облусундагы билим берүү маселелери боюнча көчмө жыйынында PISA-2025 эл аралык изилдөөгө катышууга карата даярдык көрүү маселелери боюнча министрдин орун басары Т.Ашымбаева маалымат берди.

 2025-жылы Кыргызстан PISA изилдөөсүнө катышат, ал төрт негизги багыт боюнча өткөрүлөт:

окуу сабаттуулугу, математикалык сабаттулук, табигый-илимий сабаттуулук жана компьютердик сабаттуулук. Билим берүү тармагында дүйнөлүк артыкчылыкты чагылдырган жана реалдуу натыйжаларды мегил-мезгили менен талдоо жана билим берүү саясаты үчүн далилдүү жана конструктивдүү корутундуларды чыгаруу үчүн бул эл аралык изилдөөгө катышуу өтө маанилүү.

Өз сөзүндө Т.Ашымбаева төмөнкүлөргө токтолуп өттү:

— 2006, 2009-жылдардагы изилдөөлөрдө Кыргызстан акыркы орундарда болуп калган. Ошол эл аралык изилдөөнүн корутундусу боюнча, ошол кездеги 15 жаштагы окуучуларыбыз эмнени билишкен эмес? Билим көйгөйлөрүн чечүүнү колдоно албайт, илимий кубулуштарды талдай албайт, илимий маалыматтарга таянып жыйынтык чыгарууну билишпейт. Бул боюнча, ошол кездеги изилдөөдө балдар эң төмөнкү көрсөткүчтөрдү көрсөтүшкөн, башкача айтканда минималдуу босого деңгээлине жеткен эмес. Мунун себеби төмөнкүдөй деп белгиленген: биринчиден мугалимдер окуу китептеринин чегинен чыгышпайт; экинчиден тапшырмаларды изилдөө мүнөзгө ээ эмес, б.а. статистиканы жаттоо, фактыларды жаттоо менен чектелген. Мектептеги билим берүүнүн мазмуну ошол кездеги PISA тесттеринин мазмунуна төп келбейт.

 

Эске сала кетсек, 2018-жылы Кыргызстан 2025-жылдагы PISA  сынагына катышуу каалоосун билдирген. Пандемия жана башка нерселер кедерги болуп даярдануу 2022-жылдын күзүнөн баштап темп алып баштады. Өткөн жылдын ноябрь айынан баштап февраль, март айларында 6-класстын 106 миңден ашык окуучусу тестирлөөгө катышты.

Ошону менен бирге, бир катар көйгөйлөрдү белгиледи: окуучулардын жана педагогикалык кызматкерлердин, мугалимдердин, методисттердин билим деңгээли канааттандырарлык эмес. Изилдөө үчүн сапаттык даярдык көрүү үчүн биринчиден ар бир мугалимдин жана мектеп администрациясынын ишин өзгөртүш керек.

Компьютердик жетишсиздик 25000 түзөт. Дүйнөлүк Банк тарабынан 1200 мектепке 25000 миңден ашык компьютер берилгени менен, дагы ошончо техкаражат жетишсиз б.а. бир компьютер 13 окуучуга туура келип турат.

Тестирлөө үчүн КБА, РИПКнын, райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрү, методикалык усулдук борборлорунун алдында тесттик аянтчалар түзүлүшү керек.

Онлайн окутуу тесттери үчүн платформаларды иштеп чыгуу, сыноолордун натыйжаларын электрондук түрдө алуу системасынын болушу керек. Анткени адам фактору аралашпаш керек. Мектептердин педагогикалык квалификациясын жогорулатуу бирден бир маселе.

А.Асаналиева “Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер