КОЛЛЕГИЯ: БИР КАТАР РАЙОНДУК БИЛИМ БЕРҮҮ БӨЛҮМДӨРҮНҮН ЖЕТЕКЧИЛЕРИНИН КЫЗМАТ ОРДУ КАРАЛАТ

  • 22.03.2023
  • 0

Бүгүн, 22-мартта билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиевдин катышуусунда Чүй облусундагы билим берүү маселелери боюнча көчмө коллегия өттү.

КОЛЛЕГИЯ: БИР КАТАР РАЙОНДУК БИЛИМ БЕРҮҮ БӨЛҮМДӨРҮНҮН ЖЕТЕКЧИЛЕРИНИН КЫЗМАТ ОРДУ КАРАЛАТ

Коллегия мүчөлөрү Чүй облусунун жалпы республикалык тестирлөөгө катышкан бүтүрүүчүлөрүнүн билим деңгээли 2022-жыл үчүн канааттандырарлык  эмес деп таап, бир катар райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин кызмат ордун кароо токтомун чыгарды.

Бүтүрүүчүлөрдү даярдоонун деңгээлинин төмөндүгү үчүн Ысык- Ата, Панфилов райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин жоопкерчилиги (кызмат орду),  КеминМосква райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчыларына эскертүү жана Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнө сөгүш берүү каралат.

Сөгүш берүү тууралуу Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө сунуш берилет.

Ошондой эле Чүй облусунун райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери бүтүрүүчүлөрдү даярдоонун деңгээлинин төмөндүгү үчүн 13 мектеп директорунун жоопкерчилигин карап чыгат.

Мектептер:

  1. Аламүдүн районундагы С. Чокморов атындагы орто мектеби;
  2. Жайыл районундагы (Кара-Балта ш). У. Сатыбалдиев атындагы орто мектеби;
  3. Ысык-Ата районундагы (Кант ш.) Ленин атындагы орто мектеби;
  4. Ысык-Ата районундагы О. Жакишев атындагы орто мектеби;
  5. Кемин районундагы Ак-Тилек орто мектеби;
  6. Москва районундагы “Спартак” атындагы орто мектеби;
  7. Москва районундагы А. Сыдыков атындагы орто мектеби;
  8. Москва районундагы Усубалиев атындагы орто мектеби;
  9. Москва районундагы А. Жапаров атындагы орто мектеби;
  10. Панфилов районундагы Раимкулов атындагы орто мектеби;
  11. Панфилов районундагы Е. Кожомкулов атындагы орто мектеби;
  12. Сокулук районундагы Н.Д. Жетикашкаева атындагы орто мектеби;
  13. Сокулук районундагы Ч. Байсалбекова атындагы орто мектеби.
Бөлүшүү

Комментарийлер