КОЛЛЕДЖГЕ КАНТИП ОНЛАЙН ТАПШЫРУУ КЕРЕК? АБИТУРИЕНТТИН КАДАМЫ

  • 23.07.2020
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги быйылкы жылы колледждерге тапшыруунун алгоритмин эскертет.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандын колледждерине 2020-2021-окуу жылында тапшыруу онлайн түрдө ишке ашырылат.

Абитуриент тапшыруу үчүн төмөнкүлөрдү аткарышы керек:

1-кадам. http://www.spuz.edu.gov.kg/ сайтына кирүү;

2-кадам. Орто кесиптик окуу жайлардын тизмесинен колледжди тандоо.

Азыркы учурда Кыргызстанда 144 колледж иш алып барат. Колледждер 129 адистик боюнча окутат. Ар бир областтагы 8 колледждин базасында Алдыңкы тажрыйба борборлору түзүлгөн, аларда жаңы стандарттар жана окуу программалары пилоттолууда.

3-кадам. Адистикти тандап, “Өтүнмө берүү” баскычын басуу керек;

4-кадам. Бардык керектүү талаачаларды толтуруп, сканерден өткөрүлгөн төмөнкү документтерди жүктөө зарыл:

  • орто жалпы билими жөнүндө аттестат же негизги жалпы билими жөнүндө күбөлүк,
  • сүрөттөр.

“Катталуу” баскычын басуу зарыл;

5-кадам. Ийгиликтүү катталгандан кийин колледждин адистиктеринин тизмесине кайрылып келип, “Берилген өтүнмөлөр” баскычын басуу керек, анда өзүнүн орточо баллынын жыйынтыгын көрүүгө болот;

6-кадам. Кабыл алуу комиссиясынын жооптуу кызматкеринен кабыл алууга сунуштоо жөнүндө тастыктама алуу зарыл.

Мындан тышкары, абитуриент сайттагы өзүнүн рейтингине мониторинг жүргүзө алат, ал үчүн өзүнүн аттестатынын (күбөлүгүнүн) номерин билүүгө тийиш.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер