КОЛЛЕДЖДЕРГЕ КАБЫЛ АЛУУ АЧЫК-АЙКЫН ӨТҮП ЖАТАТ

  • 05.08.2020
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан иштелип чыккан колледждерге кабыл алуунун https://spuz.edu.gov.kg/ онлайн порталына 22 070 өтүнмө катталды. 3-августтан баштап колледждер окууга тапшыргандардын тизмесин жарыялай баштады. Министрлик тарабынан иштелип чыккан платформа аркылуу быйыл колледждерге жалаң өзүнүн билимине таянгандар өтүүдө.

Таза кабыл алууга жол ачылды

Колледждердин директорлорунун айтымына караганда, министрлик тарабынан иштелип чыккан платформанын түзүлгөнү окуу жайга таза кабыл алуунун жолун ачты.

— Өзгөчө бюджеттик орундарга кабыл алууда көп түшүнбөстүктөр бар эле. Бюджетке каалоочулар абдан көп болгондуктан, конкурстан өтпөй калгандар тааныштарын ортого салып, чыр-чатак көп болчу. Быйылкы кабыл алуу ушул баш оорудан арылтты. Таза, ачык-айкын өттү. Ар бир жаңы нерсени киргизээрде сөзсүз бут тосуулар болот, кандайдыр бир кемчиликтер катталат. Биздин оюбузча, кемчиликтерди чогуу-чаран отуруп алып, сунуштарды айтып, анан жойсо болот. Пандемия бүткөндөн кийин деле бул системаны калтыруу керек, өркүндөтүүнүн үстүнөн иштөө зарыл. Айрым колледждердин жетекчилери профилдик сабактар боюнча экзамен алуу жагын сунуштап жатышат. Мен бул сунушка каршымын, — дейт орто кесиптик окуу жайлардын директорлор кеңешинин төрагасы Асылбек Алымкулов.

Бул системанын артыкчылыктары катары таажы вирусуна байланыштуу талапкерлердин, алардын ата-энелеринин, кабыл алуу комиссиясынын мүчөлөрүнүн ден соолугунун коопсуздугун сакталганын, талапкерлердин өз алдынчалыгы, жоопкерчилиги, ойлоосу, заманбап технологияларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрү, көндүмдөрү өнүккөнүн, аралыктан кабыл алуу санариптештирүүнү тездетип жана кабыл алуу комиссиясынын ишин жеңилдеткенин жетекчилер айтышууда.

— Талапкер документтерин аралыктан тапшырып, ата-энелери, бир туугандары менен сайттан өзүнүн канчанчы орунда экендигин, өзүнүн билими таза бааланып жатканын көрүп, окуу жайга, кабыл алуу комиссиясына, билим берүү министрлигине ишеними артты. Эч кандай ортомчусуз, экзаменсиз өзүнүн мектептен алган билими менен окууга өткөнү үчүн, таза утканга, таза утулганга үйрөндү. Окуучунун аң-сезиминде билим берүү системасына болгон ишеним пайда болду. Баткенден, Жалал-Абаддан, Аксыдан жана башка алыскы айылдардан тапшырган талапкер убара болбой, сайт аркылуу эле аралыктан тапшырып, убактысын, акчасын үнөмдөдү. Аралыктан кабыл алуу системасы бизге жакты. Анткени таза, окуучунун орточо баллынын негизинде билимдүү окуучулар өттү, дейт Кочкор-Ата колледжинин директору Э.Молдокеримова.

Ар бир нерсенин эки тарабы болот эмеспи. Анысыңарындай жаңы киргизилип жаткан системада талапкер окуу жайга келип, окуу жайдын базасы менен кеңири таанышканына мүмкүнчүлүк жок болгонун, тандаган адистиги боюнча талапкер кеңири маалымат алалбай калганы, айрым талапкерлер интернеттин жоктугунан сайтка кире албай убара болушканын жетекчилер белгилешүүдө.

Кабыл алуунун экинчи туру башталды

Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат катчысынын билдирүүсүнө караганда, окууга тапшыруучулардын коопсуздугун камсыздоо жана массалык чогулуусун алдын алуу максатында, билим алуу ниетин тастыктоо үчүн колледждер 3-августтан тартып абитуриенттерге телефон аркылуу байланыша башташты.

Окурмандын эсине сала кетсек, документтерди каттоо эки тур менен электрондук түрдө ишке ашырылып жатат. Колледждерге кабыл алуу боюнча биринчи тур 13-июлдан 30-июлга чейин онлайн режиминде каттоо жүргүзүлдү. 3-августта колледждер система тарабынан кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмесин илип башташты. 3-6-августта – абитуриенттер ОКОЖго кабыл алууну каалоосун тастыкташты. Аталган окуу жайда тандалган адистик боюнча окууну каалоосун 6-августка чейин тастыктабаган абитуриенттер колледжге кабыл алынбай калаарын эскертебиз.

7-августтан 25-августка чейин – кабыл алуунун экинчи туру башталды. Биринчи турдагыдай эле колледждер кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмесин илишет. 25-30-августта – абитуриенттер окуу жайга кабыл алууну каалоосун тастыкташы керек.

Документтердин түпнускаларын студенттер өткөн окуу жайга окуу жылдын башында бериши керек.

Кантип катталуу керек?

Билим берүү жана илим министрлиги колледждерге тапшыруунун алгоритмин дагы бир жолу эскертет.

Абитуриент тапшыруу үчүн төмөнкүлөрдү аткарышы керек:

1-кадам. http://www.spuz.edu.gov.kg/ сайтына кирүү;

2-кадам. Орто кесиптик окуу жайлардын тизмесинен колледжди тандоо.

Азыркы учурда Кыргызстанда 144 колледж иш алып барат. Колледждер 129 адистик боюнча окутат. Ар бир облустагы сегиз колледждин базасында Алдыңкы тажрыйба борборлору түзүлгөн, аларда жаңы стандарттар жана окуу программалары пилоттолууда.

3-кадам. Адистикти тандап, “Өтүнмө берүү” баскычын басуу керек;

4-кадам. Бардык керектүү талаачаларды толтуруп, сканерден өткөрүлгөн төмөнкү документтерди жүктөө зарыл:

орто жалпы билими жөнүндө аттестат же негизги жалпы билими жөнүндө күбөлүк,

сүрөттөр.

“Катталуу” баскычын басуу зарыл;

5-кадам. Ийгиликтүү катталгандан кийин колледждин адистиктеринин тизмесине кайрылып келип, “Берилген өтүнмөлөр” баскычын басуу керек, анда өзүнүн орточо баллынын жыйынтыгын көрүүгө болот;

6-кадам. Кабыл алуу комиссиясынын жооптуу кызматкеринен кабыл алууга сунуштоо жөнүндө тастыктама алуу зарыл.

Мындан тышкары, абитуриент сайттагы өзүнүн рейтингине мониторинг жүргүзө алат, ал үчүн өзүнүн аттестатынын (күбөлүгүнүн) номерин билүүгө тийиш.

Сынак орто жалпы билими жөнүндө аттестаттын же негизги жалпы билими жөнүндө күбөлүктүн орточо баллынын суммасы жана конкреттүү адистик үчүн профилдик предметтин баасы боюнча өткөрүлөт.

Эгерде бир орунга бирдей баллга ээ абитуриенттер талапкер болсо, коллежд алар үчүн онлайн режиминде кошумча сынактарды өткөрө алат.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер