КОЛЛЕДЖ ОКУТУУЧУЛАРЫ ТАЖРЫЙБА АЛМАШТЫ

  • 03.03.2023
  • 0

Колледждер аралык мобилдүүлүктү өнүктүрүү максатында Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Жалал-Абад колледжинин окутуучулары М.А.Бекешов жана Э.Ч.Ташиев ОшТУнун гуманитардык-технологиялык колледжинин студенттерине «Автоунаанын түзүлүшү» предметинен конок лекцияларды өттү.

КОЛЛЕДЖ ОКУТУУЧУЛАРЫ ТАЖРЫЙБА АЛМАШТЫ

Анда автоунааларды техникалык тейлөө багытындагы адистиктер үчүн атайын бул кесипке тиешелүү болгон бардык акыркы маалыматтарды камтыган лекциялар окулду. Заман талабына ылайык, адисти даярдап чыгуу үчүн өнүгүүнүн заманбап үлгүлөрүн камтыган лабораториялык, техникалык жана усулдук колдонмолорду колдонгон маанилүү лекциялык сабакка студенттер кызыгуу менен катышты. Бул тажрыйба алмашуунун алкагында гуманитардык-технологиялык колледжинин автоунаа кафедрасынын ага окутуучусу Кочкоров А.Э. «Автоунаалардын диагностикасы» предметинен, окутуучу Бурканов Т.М. «Автоунаанын түзүлүшү» предметинен Жалал-Абад колледжинин ТОиРАТ-2-21(9,11) тайпаларынын студенттерине практикалык сабактар өткөрүлдү.

Бөлүшүү

Комментарийлер