КОҢГУРООНУН ОРДУНА КОМУЗ ЖАҢЫРАТ

  • 16.03.2023
  • 0

Бишкектин мектептеринде танаписти жарыялаган коңгуроонун ордуна эми комуз күүлөрү жаңырат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.КОҢГУРООНУН ОРДУНА КОМУЗ ЖАҢЫРАТ

Комуз күүлөрү азырынча №3, 51, 93, 95, 96, 97, 99 жана №100 мектептерде жаңыра баштамакчы. Билим берүү мекеме-уюмдары окуучуларды кыргыз элинин тарыхы, адабияты, каада-салты менен жакындан тааныштыруу жана кеңири жайылтуу максатында ушул кадамга барууда. Окуучуларды танаписке чакырган коңгуроонун ордуна Нурак Абдрахманов, Асылбек Насридинов, Закирбек Дүйшөналиев сыяктуу композиторлордун жана комузчулардын күүлөрү тандалып алынды.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер