БОРБОРДУК АЗИЯ УНИВЕРСИТЕТИНИН (БАУ) «МАДАНИЙ МУРАСТАР» СЕРИЯСЫНЫН КИТЕПТЕРИ АКЫСЫЗ ЖҮКТӨП АЛУУГА КОЮЛДУ

  • 29.04.2020
  • 0

Борбордук Азия Университетинин (БАУ) Маданий мурастар жана гуманитардык илимдер боюнча бөлүмү (ММГИБ) БАУнун сайтына «Маданий мурастар» китептер сериясы боюнча бир нече басылмаларды эркин жүктөп алуу үчүн жайгаштырды: https://ucentralasia.org/Research/CulturalHeritageBookSeries/RU.

Басылмалар англис, орус жана кыргыз тилдеринде жеткиликтүү, ошондой эле кеңири темаларга арналган, алардын ичинде кыргыздардын, Борбордук Азия менен Памир элдеринин тарыхы жана маданияты тууралуу да камтылган. Аталган басылмалар өз ичине төмөнкү бешилтиктерди камтыйт: «Памирдин музыка өнөрү», «Памир кыргыздарынын кошок ырлары», «Советтик Өзбекстандагы кыргыз чабандары: тарыхый-этнографиялык баяндоо», «Тянь-Шандын байыркы эстеликтери» ж.б.у.с. Муну менен бир катар ММГИБнин изилдөөлөр боюнча 5 отчетун дагы акысыз жүктөп алууга болот ОКНГН: https://ucentralasia.org/Research/ResearchPapers/RU.

 

Китептер сериясынын максаты – ар түрдүү маданият менен ар кыл муундардын өкүлдөрүнүн ортосундагы өз ара түшүнүүчүлүктү өнүктүрүү болуп саналат. Ал үчүн жаңычыл темаларды сапаттуу изилдөөдө Борбордук Азиянын окумуштууларына колдоолор көрсөтүлүп, алардын эмгектери басып чыгарылып жатат, изилденип жаткан аймактардын ар кыл чөйрөлөрүнүн ортосунда жана жалпы эле дүйнө жүзүнө таркатылып жатат. Басып чыгарылган китептерди БАУнун Маданий мурастар жана гуманитардык илимдер боюнча бөлүмүнөн төмөнкү электрондук дарекке байланышуу менен алууга болот: [email protected].

Салттуу билимдердин алып жүрүүчү ээлери карып бара жатат, мунун баары чектелген ресурстар, миграция жана сырткы таасирлер менен бир катарда бул билимдерди жоголуп кетүү коркунучуна дуушар кылып жатат. БАУнун миссиясынын маанилүү бөлүгү – аймактын элдерине келечек муундарга кайталангыс жана ар түрдүү маданий мурастарды сактоого жардам берүү, бул иште китептер сериясы эң маанилүү ролду ойнойт.

 

Кененирээк маалымат алуу үчүн төмөнкү дарекке кайрылсаңыздар болот:

Борбордук Азия Университети

Тел: +996 (312) 621-979
Электрндук дареги: [email protected]

Интернет баракчасы: www.ucentralasia.org

Бөлүшүү

Комментарийлер