КМУда КАФЕДРАЛЫК ЖЫЙЫНДАР ON-LINE РЕЖИМДЕ ӨТҮҮДӨ 

  • 08.04.2020
  • 0

И. Арабаев атындагы КМУнун педагогика факультетинин  табигый-математикалык билимдер жана аларды башталгыч мектепте окутуунун технологиясы кафедрасы жана атайын педагогика жана психокоррекция кафедрасы on-line режиминде жыйын өткөрүштү.

КМУда КАФЕДРАЛЫК ЖЫЙЫНДАР ON-LINE РЕЖИМДЕ ӨТҮҮДӨ 

Анда учурдагы өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу аралыктан окутуу формасын күндүзгү окутуу формасына киргизүүдөгү кээ бир маселелер каралды.  Ошондой эле учурда педагогикалык практикаларды уюштуруунун жол-жоболору, Google кызматтары жана уюлдук операторду колдонуу,  видеобайланышты уюштуруу мүмкүнчүлүктөрү жана AVN порталынын негизинде сабактарды уюштуруу формалары жөнүндө сөз болду.
КМУда КАФЕДРАЛЫК ЖЫЙЫНДАР ON-LINE РЕЖИМДЕ ӨТҮҮДӨ 

Жыйынтыгында профессордук-окутуучулук курам  окуу процессин үзгүлтүккө учуратпай, бекиген жүгүртмөнүн негизинде  өтүүсү, студенттерге ийкемдүү баалоону уюштуруу зарылчылыгы баса белгиленип, бир катар маселелер талкууланды.

Бөлүшүү

Комментарийлер