КМУДА “УЮТКУЛУУ ОКУУ ЖАЙЫМ – СЫЙМЫГЫМ” АТТУУ ЭССЕ СЫНАГЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

  • 25.06.2020
  • 0

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети карантин убагында профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери  арасында “Уюткулуу окуу жайым – сыймыгым” аттуу эссе жазуу боюнча онлайн-сынагын жарыялаган. Бүгүн сынактын жыйынтыгы чыгарылып,   жеңүүчүлөр аныкталды.

КМУДА “УЮТКУЛУУ ОКУУ ЖАЙЫМ – СЫЙМЫГЫМ” АТТУУ ЭССЕ СЫНАГЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

Сынакка үч жүздөн ашуун иш келип түшкөн. Аны белгилүү окумуштуу-илимпоздордон, журналисттерден турган эксперттик комиссия текшерип чыкты. Жыйынтыгында 1-орунга  педагогика факультетинин доценти, педагогика илимдеринин кандидаты Муратова Айнура ээ болсо, 2-орунду Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинин ага окутуучусу Кийизбаева Чолпон жана педагогика факультетинин доценти, педагогика илимдеринин кандидаты  Абдраева Назгүл алды. 3-орунга  Мамлекеттик тил жана маданият институтунун доценти Садыкова Күлүмкан, гуманитардык билимдер факультетинин ага окутуучусу Юбурова Сония ээ болду. 4-орун Квалификацияны жогорулатуу жана кадрларды кайра даярдоо институтунун доценти, филология илимдеринин кандидаты Абдухамидова Батмаханга жана тарых жана социалдык укуктук билим берүү факультетинин окутуучусу Абдыраева Жаңылга ыйгарылды.

Студенттердин ичинен 1-орунга  Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинин 3-курсунун студенти Эсенбекова Гулайым, 2-орунга биология жана химия факультетинин 2-курсунун студенти Сапарбекова Элзат жана педагогика факультетинин 3-курсунун студенти Тынарбекова Табихат ээ болду. 3-орунду көркөм маданият жана билим берүү факультетинин 4-курсунун студенти Рысалиева Нуркыз менен  Манастаануу жана лингвистика институтунун 2-курсунун студенти Амадинова Галина алды. 4-орунга  Экономика жана менеджмент институтунун 3-курсунун студенти Атаджанова Наргиза мене физика-математикалык билим берүү жана маалыматтык техналогиялар  факультетинин 3-курсунун студенти Темиркулов Нурулло татыктуу деп табылды.

Эксперттик комиссиянын курамы:

  1. Акматалиев Абдылдажан Амантурович –  ф.и.д., профессор , КРдин  УИАнын академиги, КРдин  УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору;
  2. Ишекеев Назаркул Ишекеевич­­ – п.и.д., профессор, КРдин Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы;
  3. Мусаев Сыртбай  Жолдошевич – ф.и.д., профессор, КРдин  УИАнын корреспондент мүчөсү, И. Арабаев атындагы  КМУнун Манастаануу жана лингвистика институтунун директору;
  4. Садыкбек кызы Жайна­ – ф.и.к., доцент, И. Арабаев атындагы КМУнун Жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору, Эксперттик комиссиянын төрайымы;
  5. Соронкулов Гүлжигит Умарович — п.и.к., доцент, И. Арабаев атындагы  КМУнун  Гуманитардык билимдер факультетинин Орус тили жана адабияты кафедрасынын башчысы;
  6. Чекиров Кубат  Асангазиевич  – “Кут билим”  гезитинин башкы редактору.

        Аталган сынактын Жобосуна ылайык жазылган эссе материалдары жыйнак болуп басмадан чыгарылат жана бардык катышуучуларга ректордун ыраазычылык каты тапшырылат.

Бөлүшүү

Комментарийлер