КМУДА ОКУТУУЧУЛАРДЫН “ДЕН СООЛУК – 2020» СПАРТАКИАДАСЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ 

  • 28.01.2020
  • 0

27-январда И.Арабаев атындагы КМУда  “Ден соолук – 2020» аталышындагы профессордук-окутуучулар курамынын арасында өткөн спартакиада соңуна чыгып, анын салтанаттуу жабылышы болду. Иш-чарага университеттин жетекчилиги жана институттардын директорлору, факультеттердин декандары катышышты.

КМУДА ОКУТУУЧУЛАРДЫН “ДЕН СООЛУК – 2020» СПАРТАКИАДАСЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ 

Мелдеште окутуучулар спорттун волейбол, баскетбол, футбол, стол тенниси,  аркан тартыш, шахмат сыяктуу салттуу түрлөрү менен бирге спорттун улуттук түрлөрү болгон тогуз коргоол, таяк тартыш боюнча да күч сынашышты.

КМУДА ОКУТУУЧУЛАРДЫН “ДЕН СООЛУК – 2020» СПАРТАКИАДАСЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ 

Байгелүү орундарга жетишкен командаларга кубоктор, тийиштүү даражалары боюнча дипломдор, акчалай сыйлыктар берилди. Спорттун ар бир түрү боюнча мыкты оюнчуларга да өз алдынча сыйлыктар ыйгарылды. Спартакиаданын соңунда ректорат тарабынан  иш-чараны жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн окуу жайдын дене тарбия жана спорт бөлүмүнө ыраазычылык айтылды.

Бөлүшүү

Комментарийлер