КМУ АККРЕДИТАЦИЯДАН ИЙГИЛИКТҮҮ ӨТТҮ

  • 20.03.2024
  • 0

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети 18-19-мартта аккредитациядан өттү. Окуу жайдын ишмердигин Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агенттиги баалады.

КМУ АККРЕДИТАЦИЯДАН ИЙГИЛИКТҮҮ ӨТТҮ

Көз карандысыз аккредитациялоонун негизги максаты болуп И.Арабаев атындагы КМУда жүргүзүлүп жаткан окуу процессинин уюштурулушу, ошондой эле билим берүү сапатына кепилдик берүү, билим берүү сапатынын башкарууда университетте уюштурулган иш-чаралар, жалпы билим берүү программасында билим алып жаткан университеттин студенттери, магистранттары, орто кесиптик билим берүү багытындагы ар бир студентке түзүлгөн шарт, материалдык-техникалык база, окуу-усулдук китептер менен камсыздалышы, илимий жактан профессордук-окутуучулук курамынын сапаттык көрсөтүлүшүнүн дал келиши болуп саналат.

КМУ АККРЕДИТАЦИЯДАН ИЙГИЛИКТҮҮ ӨТТҮ

Эксперттер ар бир программа боюнча иш алып барды. Ошондой эле эл аралык эксперт жана байкоочулар да катышты.

Окуу жайдагы билим берүү сапатынын абалы, окуу-усулдук китептер менен камсыздалышы жана профессордук-окутуучулук курамынын сапаттык көрсөткүчтөрү, ж.б. у.с. окуу процессиндеги критерийлер боюнча баа берилип, ийгиликтүү жыйынтыкталды.

Белгилей кектсек, Көз карандысыз аккредитациялоо өзүнүн тартиби боюнча ар 5 жылда өткөрүлүп турат. И.Арабаев атындагы КМУда 2019-жылы 36 программа, анын 12си – ОКББП, 12си – ЖКББП (магистратура), 4 программа – бакалавриат багыты боюнча өткөрүлгөн.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер