КМУ ЯПОН МЕЙМАНКАНАСЫ МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТ

  • 30.03.2023
  • 0

И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Япониядагы «Prince Hotel» мейманканалар тармагынын жетекчилиги менен мейманкана бизнеси багытындагы адистерди биргелешип даярдоо мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады. Бул тууралуу университеттин ректору Айгүл Абдраеванын Японияга жасаган расмий иш сапарында белгилүү болду.

КМУ ЯПОН МЕЙМАНКАНАСЫ МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТ

Жолугушуунун жүрүшүндө мейманкана бизнеси тармагындагы адистерди биргелешип даярдоонун келечеги, КМУнун мейманканалар тармагында практикант-студенттер үчүн стажировка программасын уюштуруу, мазмуну, алардын санын көбөйтүү жана бүтүрүүчүлөр үчүн жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Иш сапардын соңунда, «Prince Hotel» мейманканалар тармагынын жетекчилиги КМУнун делегациясына ыраазычылык билдирип, кызматташуу мындан ары да жемиштүү жана ийгиликтүү өнүгө берерине ишенимин билдирди.

Эскерте кетсек, учурда Японтаануу институтунун студенттери  Япониядагы белгилүү «Prince Hotel» мейманасында практикадан ийгиликтъъ өтүүдө.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер