КМУ САНАРИПТЕШТИРҮҮНҮ ЯПОН IT КОМПАНИЯСЫ МЕНЕН УЛАНТАТ

  • 30.03.2023
  • 0

КМУнун ректору Айгүл Абдраева менен Digital Knowledge компаниясынын президенти Хага Хироаки жолугуп, билим берүү процессиндеги өз ара аракеттенүү маселелерин, рынокто чоң суроо-талапка ээ болгон IT тармагынын жаңы багыттары, адистиктерди ачуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу талкуулады.

КМУ САНАРИПТЕШТИРҮҮНҮ ЯПОН IT КОМПАНИЯСЫ МЕНЕН УЛАНТАТ

Компаниянын президенти IT тармагындагы жетишкендиктерге жана студенттерди жасалма интеллект аркылуу окутуунун ыкмаларына токтолду. Окуу жайдын Японтаануу институту менен япон тилин үйрөнүүнүн эффективдүү ыкмалары менен бөлүшүүгө даяр экендигин билдирди. Ошондой эле, студенттердин Японияда өндүрүштүк практикадан өтүүсү жана ишке орношуу маселелери козголду. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында, кызматташуу боюнча маанилүү келишимге кол коюлду.

КМУ САНАРИПТЕШТИРҮҮНҮ ЯПОН IT КОМПАНИЯСЫ МЕНЕН УЛАНТАТ

Белгилей кетсек, Digital Knowledge 27 жылдан бери электрондук жана дистанттык окутууга адистешкен жана электрондук окутуу системасын калыптандыруудан, окуу материалдарын иштеп чыгуудан баштап окуу процессинин бардык этаптарында ар тараптуу колдоо көрсөтөт.

КМУ САНАРИПТЕШТИРҮҮНҮ ЯПОН IT КОМПАНИЯСЫ МЕНЕН УЛАНТАТ

Айгерим Токтобаева, «КУТ БИЛИМ» 

Бөлүшүү

Комментарийлер