КМУ — АГАРТУУЧУЛАРДЫН АЛТЫН БЕШИГИ

  • 25.03.2022
  • 0

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети жетимиш жылдан ашуун убактан бери замандын агымы менен тең жарышып, өнүгүү жолунда келе жаткан, тарыхы бай окуу жай. Учурда университетте он миңден ашуун студент билим алууда. Ички дүйнөсү бай, атаандаштыкка туруктуу жаш муунга сапаттуу билим-тарбия берүү максатында университетте ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.

Жаңыланган материалдык-техникалык база

Университеттин компьютердик парктарындагы жабдуулар толугу менен жаңыланып, кээ бир структуралык бөлүмдөрдө лабораториялык жана практикалык сабактар үчүн кымбат баалуу атайын жабдуулар алынган. Бардык имараттар жаңы муундагы компьютердик класстар, ачык интернетке кирүүчү wi-fi роутерлер, видеобайкоо камералары менен жабдылган, жакынкы жана алыскы чет мамлекеттердин университеттери менен онлайн лекцияларды өткөрүү үчүн заманбап технологиялар менен жабдылган үч конференц-зал бар. Университеттин бардык институттары жана факультеттери жаңы муундун компьютердик лабораториялары менен камсыздалган, азыр алардын карамагында 1000ге жакын компьютер бар.

КМУ - АГАРТУУЧУЛАРДЫН АЛТЫН БЕШИГИ

Университеттин бардык шарттары бар, заманбап техникалык каражаттар менен жабдылган үч кабаттуу cанариптештирилген илимий китепканасы эки жылдан бери студенттер менен окутуучулар үчүн кызмат кылып келет. Бир кабаттуу, эскилиги жетип, жер төлөсүн суу каптап кеткен имарат университеттин ички каражатынын эсебинен үч кабаттуу кылып кайра курулган. Анда маалыматтык борбор, миллиондон ашуун китеп фонду, автоматташтырылган библиотекалык комплекс менен коштолгон интернет зал, электрондук каталогго эркин чыгуучу интернет база жайгашкан. Бул электрондук китепкана университеттин жети китепканасын бириктирип турат. Россиянын кызматташып жүргөн ири университеттеринин китепканалары, Москванын атактуу мурунку Ленин атындагы китепканасы менен дагы түз байланышта. Ошол жактан кандидаттык, докторлук диссертациялар, монографиялар электрондук түрдө алынат. Андан сырткары университеттеги бардык диссертациялык кеңештерде корголгон эмгектердин электрондук түрү дагы ошол жакта топтоштурулат. Бул китепкана суткасына он эки саат иштеп, кечки тогузга чейин университеттин эле студенттери эмес, Бишкектин жашоочуларын дагы тейлейт.

Мындан сырткары акыркы он жылдан бери университеттин имараттары, жатаканалары капиталдык ремонттон өтүп, инфраструктасы жакшырып, бир катар заманбап борборлор ачылды.

КМУ - АГАРТУУЧУЛАРДЫН АЛТЫН БЕШИГИ

Эмгек акы жогорулап, сый акча көбөйдү

Мына ушундай заманбап университетти 2010-жылдан бери тарых илимдеринин доктору, профессор Абдырахманов Төлөбек жетектейт. Төлөбек Абылович жетекчилик милдетти колуна алгандан бери жогоруда айтылгандай, университеттин материалдык-техникалык базасы кыйла жакшырып, бюджети жылдан жылга өсүп, ал профессордук-окутуучулук курамдын эмгек акысын жогорулатууга өбөлгө болду. Себеби Төлөбек Абылович ректор болуп келгенден баштап эле ар бир институтка, факультетке финансы-экономикалык саясатын өз алдынча жүргүзүү эркиндигин берген. Башкача айтканда, ар бир институт, факультеттин түзгөн ар бир жылдык сметасындагы киреше көлөмү, чыгаша статьялар ар башкача болду. Ушуга байланыштуу университеттеги ар бир окутуучу, ар бир кафедра жана ар бир институт, факультет бөлүштүрүлгөн сметасына, андагы тапкан кирешесине, каралган чыгаша статьяларына, аткарган жумушуна, жүргүзгөн илимий изилдөөлөрүнө, аралашкан коомдук иштерине жараша ар кандай өлчөмдөгү эмгек акы, акчалай сыйлык алып келет.

Натыйжада университеттин каржы-экономикалык абалы оңолуп, рентабелдүүлүк коэффициенти жогорулады. Мунун негизинде акы төлөп окуган студенттердин саны кыйла азайганына карабастан, университеттин атайын эсеп боюнча кирешеси 2010-жылы 158,9 млн. сомду түзсө, 2020-жылы 407,7 млн. сомго чейин өсүп жетти. Эң негизгиси, келечекте бул көрсөткүчтү мындан дагы арбытуу үчүн зарыл болгон чоң мүмкүнчүлүктөр белгиленген.

Бул кадам профессордук-окутуучулук курамдын эмгек акысынын жогорулашына да өбөлгө түздү. Эгерде 2009-2010-окуу жылында алардын орточо эмгек акысы 5099 сомду түзсө, 2020-2021-окуу жылында 22395 сомго жетти. Илимдин доктору, профессорлордун эң жогорку эмгек акысы 33 000 сомго чейин барат. Мындан сырткары, окуу жайдагы илимдин кандидаттарына буга чейин үч миң сом кошумча акы төлөнсө, азыр илимдин докторлоруна алты миң сом төлөнүүдө. Мурда кандидаттык диссертациясын коргогондорго стимул катары 30 миң сом, докторлук ишин коргогондорго 50 миң сом төлөнүп келсе, азыркы учурда кандидаттыгын коргогондорго 50 миң сом, докторлугун коргогонго 70 миң сом бир жолку стимулдаштыруу стипендиясы берилет. Учурда кандидаттык жана докторлук диссертацияларын коргогон университеттин кызматкерлеринин илимий жетекчилерине дагы бир жолку стипендия берүү иши каралууда.

Ушундай иш-аракеттердин арты менен университеттин профессордук-окутуучулук курамынын сапаты жогорулап, 2010-2011-окуу жылына караганда болжол менен эки эсе өстү. Окутуучулардын чет өлкөлөргө чыгып, тажрыйба алмашып, квалификациясын жогорулатып келүүсүнө да жакшы шарттар каралган. Буга 2012-жылы атайын эсептен 152, 4 миң сом бөлүнсө, 2021-жылы ал сумма үч эсеге көбөйдү.

КМУ - АГАРТУУЧУЛАРДЫН АЛТЫН БЕШИГИ

Төлөбек Абыдрахмановдун жана университеттин эмгек жамаатынын иштермандык, демилгелүүлүк, изденүүчүлүк, жаңычылдыгынын негизинде окуу жайдын сырткы байланышы дагы жакшы жолго коюлуп, дүйнөлүк билим берүү мейкиндигинен өз ордун табууга болгон аракети өз жемишин берип келет. Башкача айтканда, университет дал ушул 2011-жылы Италияда университеттердин УЛУУ ХАРТИЯ макулдашуусуна кол койгон. Бул макулдашуунун негизинде университеттин ар бир бүтүрүүчүсүнүн чет өлкөдөн каалаган окуу жайынан билимин улантууга мүмкүнчүлүгү бар. Учурда дүйнөнүн жүздөн ашуун алдыңкы ЖОЖдору менен кызматташ.

КМУ - АГАРТУУЧУЛАРДЫН АЛТЫН БЕШИГИ

Мыкты жетекчи, иштерман жамаат

Жакшы университетте алган билим жеке инсандык өсүүдө жана адистик деңгээлде ийгиликке жетүүдө жакшы таасир берет эмеспи. Ушундай жакшы университет болуш үчүн албетте, анын жетекчиси мыкты, эмгек жамааты биримдиктүү болушу шарт. Университеттин эмгек жамааты дагы иш билги жетекчисин ар дайым колдоп, анын ар бир демилгесинин ишке ашышына өбөлгө болуп келет. Төлөбек Абдырахманов өзү да мыкты менеджер гана эмес, мыкты окумуштуу, мыкты устат, мыкты коомдук ишмер катары өз өмүрүн, өз күчүн 22 жылдан бери ушул окуу жайга жумшап келет. 2001-жылы КМУнун Окуу-инспекциялык башкармалыгынын башчысы, 2005-жылы Академиялык иштер боюнча департаменттин директору, 2006-жылы университеттин Гуманитардык билимдер институтунун директору болуп иштеген. 2009-жылы биринчи проректорлук кызматка көтөрүлүп, 2010-жылы ректорлук кызматка дайындалган. Кийин эки жолу өткөрүлгөн ректорлукка шайлоодо эмгек жамааты бир добуштан жетекчиликке шайлап алган. Окумуштуу-насаатчылык ишинде беш илимдин докторун, 13 илимдин кандидатын жана казакстандык эки, кыйтайлык бир PhD докторуна илимий жетекчилик кылган.

КМУ - АГАРТУУЧУЛАРДЫН АЛТЫН БЕШИГИ

Төлөбек Абдырахмановдун 400гө жакын эмгеги жарык көргөн. Алардын ичинен 17 монографиясы, документтердин жана материалдардын 10 жыйнагы, 21 окуу китеби жана окуу-методикалык колдонмолору жеке жана авторлоштукта, кыргыз жана орус тилдеринде Кыргызстан менен чет өлкөлөрдө жарык көргөн.

Төлөбек Абдырахмановдун мындай коомдук, билим берүүчүлүк, жетекчилик иштери мамлекет тарабынан өз баасын албай койгон жок. Илим жана билим берүү тармагына сиңирген эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын Илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреты болгон. Жогорку Кеңештин, Өкмөтүнүн Ардак грамотасы сыяктуу бир катар сыйлыктар менен бирге Ислам өлкөлөрүнүн экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКО) илим чөйрөсүндөгү өзгөчө кызматы үчүн берилүүчү эл аралык престиждүү сыйлыгынын лауреаты (Баку, 2012-ж), түрк дүйнөсүнүн илимий чөйрөсүндө жетишкен ийгиликтери үчүн сыйлыгынын лауреаты (Эскишехр, 2013, Түркия), АКШнын Чикаго шаарындагы Дүйнөлүк жетишкендиктерди баалоо борборунун 2020-жылдагы жылдын окумуштуусу сыйлыгынын ээси, Аскар Салымбековдун Прогрессивдүү демилгелерди колдоо фондунун “Акыл-Тирек” номинациясынын лауреаты (2016-ж), Россиянын өзгөчө эмгеги үчүн педагогдорго берилүүчү В.А.Сухомлинский атындагы медалы, Россия элдер Ассамблеясынын медалы (2018) жана АКШнын Колумбия университетинин жана Азия өнүктүрүү банкынын сертификат-грамотасы (2019) менен сыйланган.

Чолпон Кийизбаева, «Кут Билим»

 

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети 2022-2023-окуу жылына төмөндөгү адистиктер боюнча абитуриенттерди кабыл алат:

Мамлекеттик тил жана маданият институту:

(күндүзгү/сырттан-дистанттык)

▶ Кыргыз тили жана адабияты;

▶ Мамлекеттик тил кыргыз тилинде окубаган билим берүү мекемелеринде;

▶ Журналистика;

▶ Котормо жана котормо таануу (күндүзгү);

▶ Китепкана таануу жана документ таануу.

Манас таануу жана лингвистика институту:

(күндүзгү/сырттан-дистанттык)

▶ Манас таануу (күндүзгү/сырттан-дистанттык);

▶ Лингвистика (кыргыз, англис, немец, кытай тилдери)\(күндүзгү);

▶ Филологиялык билим берүү (англис жана немец тили)\(күндүзгү);

▶ Компьютердик лингвистика (күндүзгү).

Квалификацияны жогорулатуу жана кадрларды кайра даярдоо  институту:

Атайын орто жана жогорку билимдин базасында сырттан жана  дистанттык окутуу:

Табигый-математикалык багыт:

  • Биология;
  • Математика;
  • Информатика;
  • География;
  • Көркөм өнөр искусствосу.

Гуманитардык багыт:

  • Кыргыз тили жана адабияты;
  • Орус тили жана адабияты;
  • Тарых;
  • Социалдык кызматкер;
  • Мекеменин менеджменти;
  • Китепкана жана документ таануу.

Психолого-педагогикалык багыт:

  • Мектепке чейинки билим берүү;
  • Башталгыч билим берүү;
  • Логопедия.

Экономика жана менеджмент институту:

▶ Менеджмент (күндүзгү/сырттан-дистанттык);

▶ Экономика (күндүзгү/сырттан-дистанттык);

▶ Бизнес-информатика (күндүзгү/сырттан-дистанттык).

Япон таануу институту:

▶ Аймак таануу (күндүзгү);

▶ Мейманкана иши (күндүзгү).

▶ Социалдык иш (Колледж 9-кл. базасында).

Биология жана химия факультети:

▶ Биология (күндүзгү/сырттан-дистанттык);

▶ Химия (күндүзгү/сырттан-дистанттык).

Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультети:

▶  Коомчулук менен байланыш-Жарнама (күндүзгү/сырттан-дистанттык);

▶ Аймак таануу (күндүзгү):

* Кытай тили

* Перс тили

* Япон тили

* Корей тили

* Араб тили

* Түрк тили

* Англис тили

Эл аралык мамилелер (күндүзгү):

* Кытай тили

* Перс тили

* Япон тили

* Корей тили

* Араб тили

* Түрк тили

* Англис тили

Журналистика (күндүзгү/сырттан-дистанттык):

* Кытай тили

* Корей тили

* Япон тили

*Англис тили

Филология (күндүзгү):

* Кытай тили

* Корей тили

* Япон тили

* Перс тили

* Араб тили

* Түрк тили

* Англис тили

Которуу жана котормо таануу (күндүзгү):

* Кытай тили

* Япон тили

* Корей тили

* Перс тили

* Араб тили

* Түрк тили

* Англис тили

География, экология жана туризм факультети:

(күндүзгү/сырттан-дистанттык)

  • География;
  • Сервис;
  • Туризм;
  • Экология жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу.

Гуманитардык билим берүү факультети:

(күндүзгү/сырттан-дистанттык)

  • Орус тили жана адабияты;
  • Теология;
  • Психология;
  • Салык жана салык жыйноо;
  • Мамлекеттик муниципалдык башкаруу.

Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү факультети:

(күндүзгү/сырттан-дистанттык)

  • Социалдык-экономикалык билим берүү (тарых, коом таануу, укук таануу, дин таануу);
  • Социалдык кызмат (укук коргоо, жаштар менен иш жүргүзүү).

Педагогика факультети: (күндүзгү/сырттан-дистанттык)

  • Башталгыч билим берүү;
  • Мектепке чейинки билим берүү;
  • Логопедия;
  • Сурдопедагогика;
  • Олигофренопедагогика.

Физика-математикалык билим берүү жана маалыматтык технологиялар факультети:

(күндүзгү/сырттан-дистанттык)

  • Математика;
  • Физика;
  • Информатика;
  • Колдонмо информатика;
  • Информатика жана эсептөө техникасы;
  • Маалыматтык системалар жана технологиялар;
  • Программалык инженерия.

ПЕДАГОГИКАЛЫК КОЛЛЕДЖ:

  • Мектепке чейинки билим берүү (күндүзгү/сырттан);
  • Баштапкы класстарга сабак берүү (күндүзгү/сырттан);
  • Чет тили;
  • Адистик окутуу.

Көркөм маданият жана билим берүү факультети:

(күндүзгү/сырттан-дистанттык)

• Көркөм сүрөт жана музыка бөлүмү;

  • Дизайн (күндүзгү);
  • Адистик окутуу;
  • Костюм жана текстиль искусствосу;

• Технологиялык билим берүү.

МАГИСТРАТУРА:

(күндүзгү/сырттан-дистанттык)

  • Филологиялык билим берүү;
  • Филология;
  • Биология;
  • Педагогика;
  • Аймак таануу;
  • Менеджмент;
  • Психология;
  • Социалдык-экономикалык жана гуманитардык билим берүү;
  • Физика-математикалык билим берүү;
  • Табигый билим берүү;
  • Теология;
  • Экология жана жаратылышты пайдалануу;
  • Компьютердик лингвистика;
  • Социалдык иш;
  • Экономика;
  • Колдонмо информатика;
  • Технологиялык билим берүү;
  • Көркөм билим берүү.

Дене тарбия бөлүмү:

(күндүзгү/сырттан)

  • Дене тарбия мугалими.

ГИМНАЗИЯ-ЛИЦЕЙЛЕР

  • Дүйнөлүк тилдер гимназиясы (күндүзгү);
  • География, экология жана туризм лицейи (күндүзгү).

ГУМАНИТАРДЫК КОЛЛЕДЖ:

  • Укук жана социалдык камсыздандырууну уюштуруу (күндүзгү/сырттан);
  • Экономика, бухгалтердик эсеп жана көзөмөл (күндүзгү/сырттан);
  • Тигүү иштериндеги моделдештирүү жана конструкташтыруу;
  • Башкаруу жана маалыматтардын автоматтык системасын иштеп чыгуу;
  • Эсептөө техникасын жана автоматташтырылган системаларды программа менен камсыздоо (күндүзгү/сырттан);
  • Прикладдык информатика;
  • Дизайн;
  • Салык жана салык жыйноо (күндүзгү/сырттан);
  • Туризм (күндүзгү/сырттан);
  • Айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын рационалдуу пайдалануу.

Университеттин дареги:

720020, Бишкек шаары, Раззаков көч., 51, И. Арабаев атындагы КМУ

Тел.: 66-03-47; 62-31-52; 66-19-06.         [email protected]

Бөлүшүү

Комментарийлер