КМТУда КӨНДҮМДӨРДҮ ӨНҮКТҮРҮҮ БОРБОРУ АЧЫЛДЫ

  • 26.01.2024
  • 0

 

И. Раззаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик Техникалык университетинде Erasmus+ программасы каржылаган 101082829-DEFA-ERASMUS-EDU-2022-CBHE «Кыргызстандын университеттеринин финансылык автономиясын өнүктүрүү» (DEFA) долбоорунун алкагында Көндүмдөрдү өнүктүрүү борборунун ачылуу аземи болуп өттү.

КМТУда КӨНДҮМДӨРДҮ ӨНҮКТҮРҮҮ БОРБОРУ АЧЫЛДЫ

Борбор заманбап жабдуулар менен камтылып, бардык кызыкдар тараптар үчүн ЖОЖдордун финансылык автономия маселелери боюнча семинар жана тренингдердин өткөрүлүшүнө даяр.

Көндүмдөрдү өнүктүрүү борборунун ачылыш аземинен кийин тегерек стол өтүп, анда анын катышуучулары Кыргызстандагы ЖОЖдордун финансылык автономиясынын маселелерин жана DEFA долбоорун ишке ашыруунун максаттары, милдеттери жана алынган натыйжалары жөнүндө маалымат таратууну талкуулашты.

КМТУда КӨНДҮМДӨРДҮ ӨНҮКТҮРҮҮ БОРБОРУ АЧЫЛДЫ

Иш-чарага Билим берүү жана илим министрлиги, финансы министрлигинин, Erasmus+ офисинин өкүлдөрү, Кыргызстандагы ЖОЖдордун ректорлору жана проректорлору катышышты. Кыргызстандын аймактык ЖОЖдору жана башка кызыкдар тараптар тегерек столго онлайн катышууга мүмкүнчүлүк алышты.

КМТУда КӨНДҮМДӨРДҮ ӨНҮКТҮРҮҮ БОРБОРУ АЧЫЛДЫ

Билим берүү жана илим министрлигинин жогорку жана орто кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Азамат Найманбаев, Кыргызстандын жогорку окуу жайлар Ассоциациясынын төрагасы Абдылда Мусаев жана КРдагы Erasmus+ офисинин өкүлү Нургуль Касенова өз сөздөрүндө экономика жана эмгек рыногу ааламдашып жаткан шартта Кыргызстандын ЖОЖдорунун финансылык-экономикалык ишмердүүлүгүнүн автономиясын жогорулатуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

КМТУда КӨНДҮМДӨРДҮ ӨНҮКТҮРҮҮ БОРБОРУ АЧЫЛДЫ

Долбоордун менеджери Нурлан Омуров өз баяндамасында иш-чаранын катышуучуларын долбоордун негизги максаттары менен тааныштырды:

— өзгөрүп жаткан муктаждыктарды канааттандыруу үчүн, ресурстарды мобилизациялоого жана башкарууга мүмкүндүк берүүчү жогорку окуу жайлардын финансылык автономиясынын ийкемдүү жана натыйжалуу моделин иштеп чыгуу;

— университеттердин өз алдынча башкаруусунун жана финансылык автономиясынын жогорулатуусунун жаңы системасын пилоттук турдө иштетүү жана кеңейтүү;

— университеттердеги процесстердин стратегиялык башкаруусун жакшыртуу, финансылык туруктуулугун, мотивациясын камсыз кылуу жана кадрдык потенциалын өстүрүү.

КМТУда КӨНДҮМДӨРДҮ ӨНҮКТҮРҮҮ БОРБОРУ АЧЫЛДЫ

Бул максаттарга жетүү үчүн долбоордун консорциуму активдүү иш алып барууда. Консорциумдун курамына өлкөдөгү 12 университет, Европадан эки университет кирет: Otto-Von-Gericke-Universitaet — OVGU (Магдебург, Германия) жана Universita Degli Studi di Firenze — UNIFI (Флоренция, Италия), ошондой эле CESIE коомдук уюму (Италия).

Бүгүнкү күнгө карай, долбоор төмөнкү натыйжаларга жетишти:

  • 2024-2030-жылдарга Кыргызстандын ЖОЖдорунун финансылык автономиясын өнүктүрүү стратегиясы бекитилди;
  • 2024-2030-жылдарга Кыргызстандын ЖОЖдорунун финансылык автономиясынын моделин ишке ашыруу боюнча Жол картасы бекитилди;
  • Кыргызстандагы ЖОЖдордун финансылык автономиясынын модели бекитилди.

КМТУда КӨНДҮМДӨРДҮ ӨНҮКТҮРҮҮ БОРБОРУ АЧЫЛДЫ

Тегерек столдун катышуучуларына Флоренция университетинин (Италия) профессору Елена Гори “ЖОЖдордун каржылык планын иштеп чыгуу жана аны ишке ашыруу” деген темада, И.Раззаков атындагы КМТУнун профессору Эркин Боронбаевдин эл аралык QS рейтингинин методологиясы жөнүндө баяндамаларын айтып беришти.

 

Кыргызстандагы ар кандай менчик түрүнө ээ болгон ЖОЖдордун автономиясынын көйгөйлөрү жана келечеги талкууланды.

Тегерек столдун катышуучулары билим берүү мекемелеринин өз алдынча болушу алардын өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизип жатканын белгилешти.

Белгилей кетсек, бул долбоор ЕБ Эразмус+ программасынын алкагында каржыланат.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер