КМТУ Фрайберг академиясы менен кызматташат
- 28.11.2024
- 0
Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректор Мирлан Чыныбаев баштаган делегация Германиядагы Фрайберг тоо-кен академиясына иш сапары менен барды.
Жолугушууда КМТУ менен Фрайберг тоо-кен академиясынын өкүлдөрү тоо-кен иштери, экология, энергетика жана өнөр жайдагы инновациялык технологиялар сыяктуу багыттарда биргелешкен иштерди жүргүзүү перспективаларын талкуулашты. Өзгөчө көңүл студенттерди, аспиранттарды, докторанттарды жана окутуучуларды алмашуу, ошондой эле биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү маселелерине бурулду.
Иш сапардын негизги максаты эки университеттин ортосунда кызматташтык боюнча келишимге кол коюу болду. Бул документ студенттер менен аспиранттарды алмашууну, биргелешкен конференциялар менен семинарларды өткөрүүнү, ошондой эле эл аралык изилдөө долбоорлорун ишке ашырууну камтыйт.
КМТУнун ректору: «Фрайберг тоо-кен академиясы тоо-кен иштери боюнча алдыңкы жогорку окуу жай болуп саналат жана бул стратегиялык жактан маанилүү кызматташтык. Бул келишим узак мөөнөттүү жана жемиштүү мамилелердин пайдубалына айланарына ишенебиз.» -деди.
Өз кезегинде Фрайберг тоо-кен академиясынын жетекчилиги тажрыйба бөлүшүүгө даяр экенин билдирип, Борбор Азиядагы университеттер менен кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
КМТУнун делегациясынын иш сапары Фрайберг тоо-кен академиясынын кампусун кыдыруу менен жыйынтыкталды. Делегациянын өкүлдөрү заманбап лабораториялар жана көмүр технологиялары, айнек, колдонмо геология, кара металлургия, ачык тоо-кен иштери жана тоо-кен машиналарын куруу тармагындагы илимий борборлор менен таанышып, алдынкы профессорлор жана окумуштуулар менен байланыштарды түзүштү.
КМТУ менен Фрайберг тоо-кен академиясынын кызматташтыгы илим менен билимдин өнүгүүсүнө жаңы горизонтторду ачат жана бул Кыргызстандагы тоо-кен тармагына жогорку квалификациялуу адистерди даярдоого оң таасирин тийгизери анык.
Бөлүшүү
Комментарийлер