КМТУ АКШ университеттери менен кызматташууну кеңейтет

  • 11.06.2024
  • 0

И. Раззаков атындагы КМТУнун ректору Мичигандагы (АКШ) Кеттеринг университетинин профессору Жон Греттерди кабыл алды. Жолугушууда университеттер ортосундагы кызматташтык пландары, анын ичинде жаңы билим берүү программаларын жана долбоорлорун киргизүү маселелери талкууланды.

КМТУнун АКШ университеттери менен кызматташуусунун негизги демилгелеринин бири «Жаңы продуктыларды/ишканаларды түзүү» курсу болуп саналат, ал «Инновациялар жана ишкердик» багытынын алкагында 2024-2025-жылдары киргизилет.

Бул курс АКШ Өкмөтүнүн IDEAS программасы боюнча экинчи COIL грантын алды. Курстун негизги максаты — студенттерге продукт же кызматты чыныгы бизнес-моделге айландыруу үчүн зарыл болгон кадамдарды иштеп чыгууга жана эл аралык онлайн окутуу алкагында ар кайсы өлкөлөрдүн студенттери менен өз ара аракеттенүүгө мүмкүнчүлүк берүү.

2022-2023-жылдары КМТУ АКШ Өкмөтү тарабынан каржыланган координатору Кеттеринг университети болгон Борбордук Азия университеттеринин өнөктөштүк программасы (UniCEN) долбоорун ишке ашырууга катышкан. Долбоордун күтүлүүчү жыйынтыктарына «Инновация жана ишкердик» окуу курсун иштеп чыгуу; инновациялык борборлордун тажрыйбасын изилдөө; ишкерлер үчүн жаңы технологиялар жөнүндө билим алуу, ишкерлерди бириктирүү үчүн кызыкдар тараптарды тартуу жолдорун иштеп чыгуу кирет. Ал эми COIL курсун аяктаган ар кайсы өлкөлөрдүн студенттери онлайн талкуулар аркылуу өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушуп, өз кесиптештери менен иштөө үчүн башка университеттердин жана өлкөлөрдүн студенттери менен иштей алат. Натыйжада ар кайсы өлкөлөрдүн, маданияттардын жана тилдердин бизнес өнөктөштөрү менен иштөөнүн артыкчылыктарын жана көйгөйлөрүн аныктай алышат.

Гранттын координаторлору — Кеттеринг университетинин менеджмент мектебинин практика профессору Жон Греттер жана КМТУнун профессору, Эл аралык жогорку логистика мектебинин директору Акылбек Үмөталиев.

Ошол эле күнү КМТУнун окутуучулары үчүн «Жаңы продуктуларды/ишканаларды түзүү» темасында квалификацияны жогорулатуу курсу өткөрүлүп, курстун жыйынтыгы боюнча катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.

 

КМТУнун басма сөз кызматы.

Бөлүшүү

Комментарийлер