КМШ АДИСТЕРИ БИЛИМ БЕРҮҮНҮ МОДЕРНИЗАЦИЯЛООНУ ТАЛКУУЛООДО

  • 15.12.2022
  • 0

15-декабрда Билим берүү жана илим министрлиги менен “Алтын түйүн” улуттук балдар инженердик-техникалык академиясы “Билим берүү системасын өнүктүрүүдөгү илимдин жана инновациянын артыкчылыктуу багыттары” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференциянын ачылышы өткөрүштү.

КМШ АДИСТЕРИ БИЛИМ БЕРҮҮНҮ МОДЕРНИЗАЦИЯЛООНУ ТАЛКУУЛООДО

КМШнын билим берүү тармагынын 100дөн ашуун адистери билим берүүнүн көйгөйлөрүн жана өнүгүү тенденцияларын талкуулашат.

Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов катышуучулардын көңүлүн билим берүү тармагын модернизациялоого бурду.

“Кыргыз Республикасынын 2018-2040-жылдарга карата Улуттук стратегиясы өлкөдө билимдин, инновациялардын, маалыматтык технологиялардын уникалдуулугуна негизделген жана чыгармачылык жана социалдык-маданий аспекттер экономикалык мүмкүнчүлүктөрдүн өсүшүнүн акселератору болуп саналган креативдүү экономиканы актуалдаштыруу милдетин коет. Мындай шарттарда креативдүү экономика билим берүү чөйрөсүн да модернизациялоого багытталган. Анткени креативдүү экономиканын алкагында жаңы экономикалык моделдер, келечектеги кесиптер, социалдык мамилелердин жаңы түрлөрү, аз капиталды талап кылган жана инновациялык чечимдерге өтүүгө тезирээк негизделген жаңы маданий парадигмалар калыптанууда”, — деди министр.

Пленардык жыйында Кыргызстандын, Беларустун, Казакстандын, Россиянын жана Өзбекстандын адистери жаш окумуштуунун коммуникативдик компетенциясы, инженерлерди даярдоо жана технологиялык көз карандысыздык, билим берүүдө креативдүү экономиканын ролу, технопарктарды жана стартаптарды өнүктүрүү, окуу жайлардын, илимий мекемелердин жана өндүрүш ишканаларынын кооперациясы темаларында сөз сүйлөштү.

15-16-декабрда конференциянын катышуучулары “окуу жайлардын, илимий мекемелердин жана өндүрүштүк ишканалардын кооперацияларын өнүктүрүү”, “Педагогдордун жана окуучулардын илимий компетенцияларын өнүктүрүү” жана “Илимий жана билим берүү уюмдарынын ийгиликтүү өз ара аракеттенүүсү катары креативдүү билим берүү” секцияларында иштешет.

Бөлүшүү

Комментарийлер