КММАда БИЗНЕС-ИНКУБАТОР АЧЫЛДЫ

  • 02.09.2022
  • 0

И.Ахунбаев атындагы КММАнын базасында бизнес-инкубатор ачылды.

Ачылыш аземи акыркы жылдарда активдүү колдонулуп келаткан аралаш форматта: онлайн жана оффлайн – видеобайланыш аркылуу өттү. Ага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров, Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиева, ошондой эле Кыргызстандын 30 окуу жайы катышты.

Кызыл тасманы окуу жайдын ректору, профессор Индира Кудайбергенова жана академик, мүчө-корреспондент Миталип Мамытов кести.

Иш-чаранын алкагында КММАнын бизнес-инкубаторунун мүдүрү Фархад Виндиза стартап идеяларды ишке ашырууну колдоого алган КММАнын лабораторияларына экскурсия өткөрдү.

Белгилей кетсек, бизнес-инкубатор инновациялык идеяларды стимулдаштыруу жана өнүгүүнүн бардык баскычтарында: идеяны иштеп чыгуудан аны коммерциялаштырууга чейинки студенттик долбоорлорду колдоо үчүн түзүлгөн. Негизги максат студенттерге конкреттүү багыттарда (маркетинг, продукцияны жылдыруу, бизнести монетизациялоо ыкмалары, жарнак ж.б.) реалдуу бизнес технологияларын үйрөтүү.

Бизнес-инкубатордун милдети жаштардын ишкердигин өнүктүрүү борбору катары студенттердин, бүтүрүүчүлөрдүн, жаш адистердин арасынан жаш ишкерлерге бизнес-концепциясын иштеп чыгуу, аны толук кандуу бизнес-долбоорго айландыруу көндүмдөрүн калыптандырууга жардам берүү болуп саналат.

Бөлүшүү

Комментарийлер