ӨКМӨТ МАМЛЕКЕТТИК ПРОГРАММАЛАРДЫ ИШКЕ АШЫРУУ АЛКАГЫНДА БЕРИЛГЕН КРЕДИТТИК КАРАЖАТТАРДЫ КАЙТАРУУ ШАРТЫН КАЙРАДАН КАРООНУ СУНУШТАДЫ

  • 20.04.2020
  • 0

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү финансылык институттарга мамлекеттик программаларды ишке ашыруу алкагында берилген кредиттик каражаттарды кайтаруу шартын кайрадан кароону снуштады. Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Кабыл алынган чечим алкагында «Мамлекеттик ипотекалык компания» ачык акционердик коомуна, Кыргыз Республикасында катталган коммерциялык банктарга жана банктык эмес финансы-кредиттик уюмдарга мамлекеттик программаларды ишке ашыруу алкагында берилген кредиттик каражаттарды кайтаруу шартын кайрадан кароо сунушталды.

Кредиттер, анын ичинде бюджеттик кредиттер боюнча карыздарын жоюуда кыйынчылык тарткан насыя алуучуларга колдоо көрсөтүү максатында төмөнкүлөр сунушталган:

— төлөө мөөнөтүн 3 (үч) айдан кем эмес мөөнөткө артка жылдыруу менен кредиттер боюнча төлөмдөр мөөнөтүн кайрадан карап чыгуу;

— кредиттик келишимдер шартын кайрадан кароого байланыштуу комиссиялык жана башка төлөмдөрдү албоо жана негизги суммага кошуп эсептебөө;

— кредиттик келишимдерде каралган милдеттенмелердин тийиштүү түрдө аткарылбагандыгы үчүн насыя алуучуларга айыппул санкцияларын, анын ичинде үстөк айыптарды салбоо жана албоо.

Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен макулдашуу боюнча бюджеттик каражаттарды кайтаруунун төмөнкү шарттарын кайра карап чыгуу тапшырылды:

— өзгөчө кырдаал же өзгөчө абал режими киргизилгендигине байланыштуу финансы-чарбалык ишин толугу менен токтотуп турган зайымчыларга, алар берген ырастоочу документтердин негизинде өзгөчө кырдаал же өзгөчө абал режими киргизилген мезгилге туура келген төлөмдөрдү капиталдаштыруу жана бул төлөмдөрдүн мөөнөттөрүн карызды жоюу мезгилинин аягына пайыздарды эсептебестен тиешелүү түрдө узартуу;

— финансы-чарбалык ишин токтотпогон, ошону менен бирге өзгөчө кырдаал же өзгөчө абал режими киргизилгендиктен финансы-чарбалык ишине начарлоо жагына (финансылык агымдардын өзгөрүшү, продукцияны сатуунун азайышы, абоненттерден жана субзайымчылардан төлөмдөрдүн жетишсиз чегерилиши) кыйыр түрдө таасир тийген зайымчыларга ырастоочу документтердин негизинде төлөмдөрдү 6 (алты) айлык мөөнөткө жылдыруу. Мында мөөнөтү кийинкиге жылдырылган төлөмдөр кийинкиге жылдырылган мөөнөт аяктаганга чейин 12 (он эки) айдын ичинде төлөнө тургандыгы аныкталсын;

— өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режими киргизилген мезгилде финансылык санкциялар (бышмана) эсептелбейт.

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Бөлүшүү

Комментарийлер