КИЙИНКИ ҮЧ ЖЫЛДА СТУДЕНТТЕР ҮЧҮН ОКУУ АКЫСЫ ӨЗГӨРБӨЙТ

  • 11.12.2021
  • 0

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө системасын жакшыртуу жана билим берүү уюмдарынын финансылык ишинин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу боюнча кээ бир чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Аталган Жарлык жогорку жана орто кесиптик билим берүү уюмдарынын студенттерине, жетим балдарга жана ата-энесинин багуусунан ажыраган балдарга, бала кезинен майып адамдарга, майып балдарга, I жана II топтордогу майып жарандарга колдоо көрсөтүү, аталган билим берүү уюмдарынын финансылык ишинин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу максатында иштелип чыкты.

Билим берүү чөйрөсү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын артыкчылыктуу тармактарынын бири болуп эсептелет.

Ар бир адамдын билим алууга укугу Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген.

Билим алууга болгон конституциялык укук билим алуучулардын түрдүү укуктарынын, эркиндигинин жана милдеттеринин болушун билдирет. Ошол эле учурда окуучулардын укуктарын жана керектөөлөрүн камсыз кылуу мамлекеттин маселеси жана милдети болуп эсептелет.

COVID-19 коронавирустук инфекциясынын пандемиясы жайылып баштагандан жана республиканын аймагында өзгөчө кырдаал (абал) режими киргизилгенден бери студенттерден контракттардын наркын азайтуу, окутууга акы төлөөнүн мөөнөтүн узартуу, төлөө системасын кайра карап чыгуу жөнүндө келип түшкөн кайрылуулардын саны көбөйгөн.

Мындай кайрылуулардын өсүшү баарынан мурда пандемия мезгилинде көптөгөн үй-бүлөлөр киреше булактарынан айрылып, окутуунун толук наркын төлөөгө мүмкүнчүлүктөрү болбогондугу менен байланышкан.

Кыргыз Республикасында 73 жогорку окуу жайы (мындан ары – жож) иштейт, алардын ичинде 33 мамлекеттик жож жана 40 мамлекеттик эмес жож. 2020-2021-окуу жылында жождордун студенттеринин контингенти 219 030 адамды түзөт, алардын ичинде 184 871 студент – мамлекеттик жождордо, 34 159 мамлекеттик эмес жождордо окуйт. 26 446 студент – гранттык негизде, 192 584 контракттык негизде окуйт.

Мамлекеттик жождордо окутуунун орточо наркы Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн – жылына 32 391 сом, чет элдик жарандар үчүн 48 876 сомду түзөт. Ошол эле учурда жеке жождордо окутуунун орточо наркы Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн – жылына 55 100 сом, чет элдик жарандар үчүн 96 396 сомду түзөт.

Мында республикада 153 орто кесиптик окуу жайы (мындан ары – окож) иштейт, алардын ичинде 48 мамлекеттик окож, 44 окож мамлекеттик жождордун курамында турат жана 61 мамлекеттик эмес окож. 2020-2021-окуу жылында окождордун студенттеринин контингенти 95 991 адамды түзөт, алардын ичинде бюджеттик негизде – 11 685 студент, контракттык негизде 84 306 студент окуйт.

Мамлекеттик окождордо окутуунун орточо наркы Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн – жылына 19 400 сом сомду түзөт. Ошол эле учурда жеке окождордо окутуунун орточо наркы – 18 000 сомдон 53 000 сомго чейин.

Ошол эле учурда коомдук-мамлекеттик камкордукка муктаж калктын категорияларынын арасында жетим балдар жана ата-энесинин багуусунан ажыраган балдар өзгөчө орунду ээлейт. Бул үй-бүлөсү жана туугандары тарабынан колдоонун жоктугуна байланыштуу алар жашоосунда көптөгөн кыйынчылыктарга туш боло тургандыгы менен шартталган.

Жетим балдарга жана ата-энесинин багуусунан ажыраган балдарга камкордук көрүү мамлекеттин социалдык милдети болуп саналат.

Алсак, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 27-беренесинде мамлекет жетим балдарга жана ата-энесинин багуусунан ажыраган балдарга 18 жашка чейин камкордук көрөт, тарбиялайт жана окутат деп белгиленген. Ошол эле учурда аларга башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билимди акысыз алууга шарт түзөт. Аларга социалдык камсыздоо көрсөтүлөт деп белгиленген.

Акысыз билим алуу үчүн шарттарды түзүүгө муктаж адамдардын категориясына ошондой эле бала кезинен майып адамдар, майып балдар, I жана II топтордогу майып жарандар кирет.

Мында Кыргыз Республикасынын билим берүү жөнүндө мыйзамдарында аталган категориядагы жарандар үчүн жогорку окуу жайларына кабыл алууда белгилүү бир жеңилдиктер каралган.

Бирок аталган категориядагы жарандарга реалдуу жардам көрсөтүү үчүн көрүлүп жаткан чаралар жетишсиз.

Жогорку жана орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын студенттерине, жетим балдарга, ата-энесинин багуусунан ажыраган балдарга, бала кезинен майып адамдарга, майып балдарга, I жана II топтогу майып жарандарга колдоо көрсөтүү, аталган билим берүү уюмдарынын финансылык ишинин ачык-айкындыгын камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылынат:

  1. Төмөнкүлөр белгиленсин:

– 2021-2022-окуу жылына Кыргыз Республикасынын жогорку жана орто кесиптик билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарында акы төлөнүүчү билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтер кийинки үч окуу жылында Кыргыз Республикасынын жарандары болуп эсептелген студенттер үчүн көбөйүү жагына өзгөрбөөгө тийиш;

– жетим балдарга, ата-энесинин багуусунан ажыраган балдарга, бала кезинен майып адамдарга, майып балдарга, I жана II топтогу майып жарандарга Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүүсүнүн билим берүү уюмдары үчүн мамлекеттик билим берүү гранттарынын жалпы санынын 5 %ы санындагы квоталар жыл сайын берилип турууга тийиш.

  1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети эки айлык мөөнөттө төмөнкүлөр боюнча зарыл чараларды көрсүн:

– менчигинин түрүнө карабастан Кыргыз Республикасынын жогорку жана орто кесиптик билим берүүсүнүн билим берүү уюмдарынын Кыргыз Республикасынын жарандары болуп эсептелген студенттерине акы төлөнүүчү билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн наркын 10 айдын ичинде (студенттин каалоосу боюнча) ай сайын бирдей бөлүк менен төлөө мүмкүндүгүн берүү;

– Кыргыз Республикасынын жогорку жана орто кесиптик билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын чыгашалар жана кирешелер, анын ичинде социалдык эсеп боюнча чыгашалар сметасын аткаруусун контролдоо;

– Кыргыз Республикасынын жогорку жана орто кесиптик билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарын мамлекеттик үлүш катышкан банктарда тейлөөгө өткөрүү.

  1. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы Кыргыз Республикасынын жогорку жана орто кесиптик билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын бюджеттик жана атайын каражаттарды максаттуу пайдалануусуна аудиттин натыйжалуулугун көтөрсүн жана жыл сайын 1-апрелге чейин аудит жөнүндө отчетторду Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берип турсун.
  2. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы билим берүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын аткарылышына, анын ичинде билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөн келип түшкөн каражаттардын максаттуу пайдаланылышына системалуу түрдө көзөмөл жүргүзсүн жана жыл сайын 1-апрелге чейин тиешелүү маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берип турсун.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер