КИТЕПКАНАЧЫ МУГАЛИМ БОЛУУГА ТИЙИШ

  • 09.02.2023
  • 0

Китепканачылардын ишин жеңилдетүү жана заман талабына жараша иш алып баруусуна шарт түзүү максатында Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан  алгылыктуу иштер аткарылууда.

“Жаңы китеп” мекемесинин директору Төлөгөн Аматовдун айтымында, мекеме “Жаңы китеп” маалыматтык системасын ишке ашырды. Ал жерде мурунку колго чогулган отчёттор санариптештирилди. Мурда китепканачы  бир отчётту  бир ай жазып,  андан кийин  районго, ал облуска жиберилип отуруп,  үч айлык убакыт талап кылынчу. Азыркы онлайн система аркылуу 5-10 мүнөттүн ичинде алаканга салып койгондой бүт отчётторду көрүүгө болот.

  • 2022-жылы көп жаңылыктар кирди. 2019-2020-жылдары “Азия Өнүктүрүү” банкы тарабынан Билим берүү жана илим министринин колдоосу менен ар бир китепканачыга 2139дан ашык компьютер жабдуулары менен алынып, интернет кабелине чейин туташтырып берилген. Бирок бул учурда дагы бир көйгөй китепканачылардын санарип көндүмдөрүнүн төмөндүгү болууда. Ошондо атайын тренерлерди даярдап, өзүбүз онлайн, офлайн түрдө республика боюнча эки миңден ашык китепканачыны окуттук, үйрөттүк.  Чынында, мышка башкаруудан корккон, компьютер күйгүзгөндү билбеген, атүгүл көрбөгөндөр да болду. Кантип туура колдонуу боюнча атайын видео-сабактарды тартып жиберсек, алар өз тилинде “муну бас” деп колу менен компьютерди сайып көрсөтүп, бири-бирине видео тартып жиберип жатышты. Директорлор өз кабинетине коюп алган учур да катталып, компьютер китепканачынын жанынан кетпесин деген буйрук чыгардык, — деп, азыр китепканачылар социалдык баракчаларда активдүүлүгүн көрсөтүп, санариптин мүмкүнчүлүктөрүн көргөзө баштагынан кошумчалады Төлөгөн Аматов.

Китепканачынын жумушун жеңилдеткен иш планы тууралуу система да иштелип чыкты. Андан, райондук адистер, ата-энелер жана башкалар онлайн режимде эле мектепте кандай иш-чара өткөрүлгөндүгүн, алдыдагы пландарды көрүүгө болот. Китепкананын иши менен толук таанышат.  Бул – китепканачылардын арасында атаандаштыкты да күчөтүп, активдүүлүккө өбөлгө түзөт.

  • Тилекке каршы, китепканачы – окуу жылынын башында китепти таратып, аягында чогултуп алган адам, техникалык эле жумушту аткарат деген стереотип калыптанып калыптыр.  Мындан улам биз алардын статусун көтөрүү максатында ар кандай иш-чараларды уюштурдук. 2021-жылы биринчи, 2022-жылы экинчи  форумду өткөрдүк. Биринчи форумда активдүү китепканачыларды чогултуп, көйгөйлөрүн угуп, жол көрсөттүк. Көйгөйдү түп-тамыры менен чечүүгө аракеттенип жатабыз. Китепканачынын статусу педагог менен барабар болсун деп жаңы мыйзамга киргиздик. Себеби китепканачы деле окуучулар менен иштеп, китепти сүйүүгө үйрөтөт. Экинчи форум  кантип долбоор жазып, краудфандинг, жарманкелерди уюштуруп, китеп фонддорун чоңойтуу, жаңы китеп алып келүүнүн жолдорун изилдөө тууралуу болду.  Китепканачылар басып өткөн жолу тууралуу айтып, башкаларга дем берип, иштеп баштады. Мындай көңүл буруу биздин жумушту да алдыга жылдырды, — дейт директор.

Мекеме китепканачыларды шыктандырууну токтотпой, “Китепканачыга арналган ыр” деген конкурс уюштуруп, жүз адамдын ичинен Жалал-Абад шаарынан Тагаева Кимия жеңүүчү аталган.  Ал жазган ырга обон жазылып, клип тартылып, китепкананын гимнине айланды.

Быйылкы жылы маркет-плейс системасын ишке киргизип, анда китепканачылар жетишпеген китептерин ижарадан түшкөн акчага эле  онлайн сатып алууга ыңгайлаштырылды. Муну менен кагаз жумуштарын кыскартууну, убакытты үнөмдөөнү көздөйт.

Муну менен катар эле “Жаңы китеп”  сайтындагы “Китепканачынын блогу” бөлүмүнөн иш пландарын, канча китеп бар экендигин, канчасы ашыкча экендигине чейин маалымат алуу баарына жеткиликтүү.   Атайын ютуб каналын ачып, китепканачы тууралуу таасирдүү, мотивациялык маектерди сунуштап, китепканасын жакшыртуу үчүн  жок дегенде бир идея алуусун көздөйт. Алардын жумушун жеңилдетип, мотивация берүү менен убакытын чыгармачыл изденүүгө бөлүүсүн  каалайт.

  • Китепканачылар 2006-жылы жазылган токтом менен иштеп жатыптыр. Министрликтин колдоосу менен китепканачынын кызматтык милдеттери тууралуу документти жаңылап жатабыз. Бул токтомдун жаңы долбоорун министрликке тапшырдык. Анда биз китепкананы өнүктүрүү, чыгармачылык менен иштөөгө басым жасадык. Китепканачылар квалификациясын жогорулатууну ЖОЖдордон онлайн окууну да пландоодобуз. Китепкана —  балдар бош убактысын өткөрүүчү жер болушун, мейли, робототехника, мейли ТикТок тартабы, балдардын эс алуу борборуна айланышын каалайбыз, — дейт Аматов Төлөгөн.

КИТЕПКАНАЧЫ МУГАЛИМ  БОЛУУГА ТИЙИШ

“ЖАҢЫ СИСТЕМАЛАР КИТЕПКАНАЧЫЛАРДЫН КӨЗҮН АЧТЫ”

Ак-Суу районуна караштуу Каракол айылында Аман Айтпаев атындагы мектебинин китепканачысы Молдоташева Дилара Билим берүү жана илим министрлиги иштеп чыккан система иштөөгө ыңгайлуу экендигин,  анын келиши менен  китепканачылар компьютер менен иштөөнү үйрөнгөнүн айтат.  Ал эми азыр китепканачылардын канчалык көп  иш алып барары четинен далилденип келе жатат. Бирок улуу муундагы китепканачылардын арасында заманбап техникаларды колдонууну билбегендер да жок эмес.  Өзгөгө жардамын аябаган жаны алар үчүн да кам көрүп, социалдык тармактарда китепканачылар үчүн атайын группаларды түзүп, ишмердүүлүккө арналган түрдүү видеолорду тартып, салып турат.

  • Кесиптештеримде көптөгөн көйгөйлөр болгону менен эч ким озунуп чыгып айтпаганын байкадым.  Көбү өз укугун билбеген, өзүнө ишенбегендер экен.  “Биз, техперсонал болсок, эч ким тоготпойт. Директорубуз “сен, ким элең дейт” деген ойлорун билдиргендер да болду.  Аларга шыктандыруу жетишпегендей сезилип, эжелерди өзүнө ишенүүгө, иш жүзүндө мыктылыгын далилдеп берүүгө чакырып турам. “Сен жетишесиң, башкалар деле бала-чакалуу” деп  шыктандырсам, “Чын эле, жетишсе болот экен” деп күлүп, мени үлгү тутуп калышат. Аларды көрүп өзүм түздөнөм. Жумушка жаңы келип, түшүнбөй жаткан кыз-келиндерге күнү-түнү жардамымды аябайм. Өзүмдүн иш тажрыйбам аз болгондуктан, райондогу 35 мектептин китепканаларынын кандай иштеп жаткандыгын кыдырып көрүп, салыштырдым, тажрыйба топтодум. Системаны түшүнбөгөн китепканачылар да бар. План жазуу, класс толтуруу сыяктуу система менен туура иштөө боюнча эрежелер тууралуу кыскача видео жасап, аны социалдык тармак аркылуу таратам. Бизге берилген тапшырмалар боюнча жеке устат-сабактарды өтөм. Фейсбук баракчама китепканам боюнча видео киргизип койсом,  министр Уланбек Эсенбекович дагы баракчасына чыгарыптыр. Мен үчүн абдан жагымдуу болуп, дем-күч берди.
  • Китепканачылык жумушумдагы башкы максатым – китепканачыларды алдыга чыгаруу,  билим берүүдөгү башкы рычак биз экенибизди жеткирүү.  Кыргызстандагы 2000ден ашык китепканачынын башын бириктирип, жайында эки күндүк форум уюштуруу идеясын ойлонуп жатам, — дейт Д.Молдоташева.

Дилара кесиби боюнча тарых мугалими. Китепканачылык жумушу менен катар эле адам жана коом, сүрөт сабагынан кошумча сааты бар. Азыр китепканачыларды педагогдор менен теңеп жатканын колдойт. Себеби алар да  иш-чараларды өткөрүп, окуучулар менен тыгыз байланышта иштейт. Мугалимдердей эле тажрыйба алмашуу программасы иштелип чыкса, өзүн өнүктүрүү үчүн чет мамлекетке барып, чоң тажрыйба топтоп келмек.

КИТЕПКАНАЧЫ МУГАЛИМ  БОЛУУГА ТИЙИШ

 

АЗЫРКЫ БАЛДАР “КАНТИП БАТ БАЙЫШ КЕРЕК” ДЕП ОЙЛОНОТ

Дилара иштеген мектеп эки тилдүү.  Китепканадагы китептердин басымдуу бөлүгү — Толстой, Тургеневдин чыгармалары. Мурда шедевр болуп эсептелген бул чыгармалар азыркы балдар үчүн кызыксыз. Аларга азыр жаңы, заманбап китептер, эмеректер керек.

  • Азыркы балдар “кантип бат байыш керек” деп ойлонот. Бат эле стресс, депрессияга туш болот. Бирок балдарга орой мамиле кылбай, мээрим төгүп, жан дүйнөсүн окуп, билүүбүз керек. Азыр 1-4-класска чейинки окурмандарым көп. Күнүнө 20 жакын окуучу кирет. Окуганын кайра айтып берүүсүн талап кылам. Чоң класстар дем берүүчү китептерге басым жасайт. Окуучуларга өзүм окуган китепти жомок кылып айтып берип кызыктырганга, алардын дүйнө-таанымын өзгөрткөнгө аракет кылам, Караколдогу өзгөчө стилдеги “Дем” китепканасына көп алып барам. Аталган китепканага тренинг өтүп берүү сунушун да киргиздим. Өзүмдүн классым менен гүлдөрдү жасап, китепканада жагымдуу маанай түзгөнгө тырышам. Балдар кооз дүйнөгө келиши керек, бөлмөнүн ичи канчалык кооз, жылуу, жайлуу болсо окурмандар ошончо тартылышат. Азыр балдардын телефондо көп отуруп жатканы абдан чоң көйгөй болууда. Ошентсе да китеп окууга кызыккандар такыр жок деп айтуудан алысмын, — дейт активдүү китепканачы.

КӨЙГӨЙЛӨР ДА ЖОК ЭМЕС

Тилекке каршы, чаң жутуп отурган китепканачыларга зыяндуулук үчүн акча төлөнүп берилбейт, китептерди жеткирүү үчүн каражатты да өз чөнтөгүнөн чыгарат.

  • Келген китептерди РайОНО каалаган убакта алып кеткиле дейт. Ага эле бир күн кетет. Ар бир райондун шартыар башка. Бир китепканачы жол киреге эле 800 сом жумшайт. Өзүм деле Ак-Сууга барып алып келем. Кээде директорумдан суранам, бирок анын унаасы жок болгондуктан, көп сандагы китепти алып келе албайт. Ошондуктан китептерди жеткирүү райОНО тарабынан каржыланса же ошолор жеткирип берсе жакшы болот эле, — дейт Дилара Молдоташева.

                                                   Айгерим Токтобаева “КУТ БИЛИМ”

Бөлүшүү

Комментарийлер