КИТЕП МЕНЕН БИЛИМГЕ, БИЛИМ МЕНЕН ӨНҮГҮҮГӨ!

  • 21.12.2023
  • 0

КИТЕП МЕНЕН БИЛИМГЕ, БИЛИМ МЕНЕН ӨНҮГҮҮГӨ!

Илим, билим адамзатка, улутка пайда алып келген улуу казына. Бул жашоодо илгертен ата-бабаларыбыз билимге, китепке баа берип: «билими күчтүү миңди жыгат», “билим адамга канат», «көптү окуган көптү билет» — деп айтып келишкен.

Китеп – адамдын чыныгы досу, кеңешчиси, жардамчысы. Андыктан, биздей жаштар жаш кезибизден тартып, китеп менен дос болуубуз керек.

– Китеп – адамдардын руханий байланышындагы көөнөрбөс көрөңгөнүн бири. Ал адамды өз башатына баш багууга, жан дүйнөсүнүн сырдуу түйүндөрүн чечүүгө, учурдагы, өткөндөгү жана келечектеги турмушка байкоо жүргүзүүгө түрткү берет. Китеп — адамдарды байланыштырат, — деп улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эскерүүсү бар.

Китепсиз бардык тармактагы илим-билимди билүү, таануу өтө кыйын. Кайсыл өнүккөн инсанды карабайлы көпчүлүгү китеп окуу менен эбегейсиз жетишкендиктерге жетишип, кыйынчылыктарды акылдуулук менен чечип, өз өлкөсүнүн өнүккөн экономикасына салым кошуп жатышат. Алыс барбайлы, өзүбүздүн өлкөдөгү атактуу инсан да өз айылындагы эле китепканадан көптөгөн китептерди окуп, чоң ийгиликке жетишкендигин ар дайым баса белгилеп айтып жүрчү. Ал ким деп ойлойсуз?

Кадимки эле жармадан, максымдан, чалаптан миллиондорду жасаса болоорун далилдеген, алгачкы кыргыз бизнесмени
Табылды агайдын билим тууралуу жаштарга айткандары менен бөлүшкүм келди: «Жаштарга айтаарым: жакшы билим алгыла, ошондо акча дагы, бизнес дагы силерди өзү издеп табат».

***

«Жакшы билим – уурдатып, жоготуп ийгенге мүмкүн эмес, күйүп да кетпеген (кыйыр маанисинде), эч кандай инфляция да коркунуч жарата албаган эң баалуу байлык».

Улуттук бизнести бренд кылып кеткен “Шоро”, “Супара” этнокомплекси, туризмге ылайыкташкан “Супара-Чуңкурчак” менен азыр ар бир кыргыз мактана алабыз.

Жогоруда Табылды агайдын айткандарынан билим алуу, китеп окуу менен гүлдөп, өнүккөн өлкөнү түптөсө болорун түшүнсөк болот.

Китеп — сыйкырчы. Дүйнөнү өзгөртүп, жаңырткан да китеп. Адамзаттын өлбөс-өчпөс изи да китепте. Ал адамдын оюнун жарчысы. Китеп — биздин доордун күзгүсү. Анын кары-жаштын бардыгына бирдей кереги тиет.

Дүйнөдө мыкты китептер көп, бирок алар окуй билгендер үчүн гана мыкты. Китеп окууну жакшы көрбөгөн адамдар, ой жүгүртүүнү да жакшы көрбөйт. Адамдын ким экендигин, анын кызыккан китебинен байкоого болот деп ойлойм.

Бирок акыркы жылдары биз жаштар китепке кайдыгер карап, соцтармактардын кулу болуп, китепканаларга китеп окуганы барбай калдык. Китеп окуган жаштар азайгандан азайып баратканын улуу муундар көп айтып жатат.

«…биз сабатсыз кемпир-чалдарга китеп окуп берчүбүз. Ошол кездеги чалдарга китеп окуп берген балдар бүгүн өзүбүз чал болдук. Бүгүн, тескерисинче, бизде кемпир-чалдар сабаттуу, балдар сабатсыз болуп калды. Китеп окубаган доор келди. Китеп окубаган доор менен китеп окубаган муун келди. Китеп окуган доор эми кайрылып келеби, же ушул бойдон биротоло жок болобу, айтыш кыйын. Келбей да калышы мүмкүн…» — деп Шайлообек Дүйшеевдин кейигени да бар.

Бирок мен жаштар китеп окубайт дегенге кошула бербейм. Заман талабына шайкеш жашоо керектигин карантинде, оор абал учурунда баарыбыз эле сезип, биле алдык окшойт. Ошол учурдан тартып аудио китептерди уккан жаштар да көбөйдү. Сонун китептерди аудиого жаздырып, аны окуп, ютуб каналдарга жүктөгөн инсандар да көбөйдү. Өзүмдү эле мисалга алсам, мен Эрнис
Кыязов, Шайыр Абдрахманов, Илгиз Шамырзаев, «Рух Эш» ютуб каналдарынан аудиокитептерди көп угамын. Санариптик доордо, технология өнүккөн заманда мезгилден артта калбай өнүгүү зарыл. Бирок ошо менен чектелбей, эскини алпештеп, жаңыны аңдап-билип, китеп дүкөндөрдөн китеп сатып алып, аны барактап окуу да өзүнчө керемет.

Психологдордун айтымына таянсак, китеп окуунун төмөнкүдөй пайдалуу жактары көп. Китепкөйлүк мээ ооруларынан коргойт. Мээнин активдүүлүгү өсүп, ооруларга туруштук бере алат.

Ошондой эле китепкөй адам башкаларга салыштырмалуу өзүнө ишенимдүү болот.

Азыркы заманда ким гана депрессияга түшпөйт? Китеп окуу стресстен арылтат. 2009-жылы Лондон шаарындагы Суссекса университетинин илимпоздору кыжаалат болуп жаткан алты адамга алты мүнөт китеп окутуп, тажрыйба жасап көрүшкөн. Китеп адамды кыжаалат ойлорунан кутултуп, эс алдырат. Креативдүү ойлордун жаралышына түрткү берет.

Идеяга бай адамдар көп ойлорду китептен алышат. Мисалы, атактуу «Apple» компаниясынын негиздөөчүсү Стив Жобс бош убактысынын көбүн көркөм чыгарма окууга арначу экен. Балким, китепти көп окусаңыз, сиз дагы дүйнөгө жаңы ийгилик жаратарсыз…

Китепти көп окуган адам менен китеп окубаган адамдын сүйлөө кебин салыштырса болот. Китеп окуу чечендикке алып келбесе да, керек жерден өз оюн кенен, түшүнүктүү, терең чагылдырганга жардам берет.

Эс-тутумуңуздун мыкты болушун жакшыртат. Мындайча айтканда, эс-тутум китеп окуу менен машыгып турат да, эске тутуу жакшыра баштайт.

Андыктан, көп китеп окуйлу. Билимдүүлүк — көп билгенде эмес, колдоно билгенде дегендей, китептен алган билимдерибизди, жашообузда колдонолу, башкалар менен бөлүшөлү. Анткени тажрыйба алмашуу, ийгиликтин сырлары менен бөлүшүү өлкөбүздүн билим берүү системасынын жаңыланышына алып келсе, бул да болсо жаштардын келечекте мыкты билим-тарбияга ээ болуп, турмушта өз ордун таап, коомго пайда тийгизишин шарттайт деп ойлом.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер