КЕЗЕКТЕГИ КОНКУРС БАЛА БАКЧА БАШЧЫЛАРЫНДА

  • 16.03.2023
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги «Мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилерин камсыз кылуунун жана ишин уюштуруунун негизги маселелери жөнүндө» токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Бул тууралуу министрликтин мектепке чейинки билим берүү саясаты бөлүмүнөн билдиришти.

Министрликтин мектепке чейинки билим берүү саясаты бөлүмүнүн башчысы Нурзида Касымованын айтымында, министрликте макулдашылган токтом долбоору коомдук талкуудан өткөн соң, КР Министрлер Кабинетине сунушталат. Эгерде ал жактан колдоо табылса, мындан ары бала бакча башчылары мектеп директорлору сыяктуу эле конкурстан өткөрүлүп, андан соң кызматка дайындалат.

Токтом мектепке чейинки билим берүүнүн сапатын жакшыртуу, бала бакчаларга кесипкөй адистерди тартуу, кадр саясатын иштеп чыгуу максатын көздөөрү белгиленген.

Министрликке караштуу «Улуттук билим берүү сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялар борбору» мекемеси жүргүзө турган конкурстун негизинде тандалып алынган бала бакча башчылары 5 жылдык мөөнөткө дайындалат. Токтот күчүнө киргенден тарта кызматтык мөөнөтү беш жылдан ашып кеткен жетекчилер ишинен бошотулду деп эсептелип, жаңы жетекчилерди дайындоо үчүн сынак өткөрүлөт.

Аталган токтом мамлекеттик жана муниципалдык бала бакчаларга гана тиешелүү, ал мекемелердин (ведомстволук) бала бакчаларына колдонулбайт.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын 8-июлунда Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча айрым чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койгон. Анын негизинде мектеп директорлору да сынактын негизинде дайындала баштаган.

Бөлүшүү

Комментарийлер