КЕСИПТИК ОКУУ ЖАЙЛАРГА КАБЫЛ АЛУУ 19-АВГУСТТА АЯКТАЙТ

  • 18.08.2022
  • 0

Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлагандай, өлкөдөгү кесиптик окуу жайларга кабыл алуу мөөнөтү 19-августта аяктайт.

Абитуриенттер кесиптик орто окуу жайларына тапшыруу сынагына катышуу үчүн 2022-жылдын 17-августту саат 17:00гө чейин III турга өтүнмө бере алышат. Мектептин бүтүрүүчүлөрү 2022-2023-окуу жылында КООЖго тапшыруу үчүн “Абитуриент online” автоматташтырылган электрондук системасы аркылуу каттоодон өтүп, https://2020.edu.gov.kg/spuz/ сайтынан окуу жайды жана кесипти тандоосу зарыл. Абитуриенттер ар бир турда бир бюджеттик жана бир келишимдик негизде окууга өтүнмө бере алат.
Аймактардагы абитуриенттер орто кесиптик окуу жайларына тапшыруу сынагына университет жайгашкан жерге барбай туруп, интернет аркылуу катыша алат.
А.АЛИБЕКОВ, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер