КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРДИН ПЕДАГОГДОРУ ОКУУ ПРОЦЕССИНЕ МИГРАНТТАРДЫН УКУКТАРЫН КОРГОО БОЮНЧА ТЕМАЛАРДЫ КИРГИЗИШЕТ

  • 31.01.2023
  • 0

2023-жылдын 16-январынан 27-январына чейин Билим берүү жана илим министрлиги менен Тилектештик борбору республиканын 92 кесиптик лицейлеринин директорлорунун орун басарлары үчүн семинарларды өткөрдү.

КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРДИН ПЕДАГОГДОРУ ОКУУ ПРОЦЕССИНЕ МИГРАНТТАРДЫН УКУКТАРЫН КОРГОО БОЮНЧА ТЕМАЛАРДЫ КИРГИЗИШЕТ

Директорлордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басарлары Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилген коопсуз, жооптуу миграция жана адамдарды сатууга каршы аракеттенүү боюнча билим берүү модулу тууралуу билим алышты.

Катышуучулар кесиптик лицейлердин окуу процессине семинарда окутулган миграцияга даярдоо, мигранттардын эмгек укуктарын коргоо жана ишке орноштуруу, адамдарды сатуу жана мажбурлап иштетүү, балдар эмгегинин формалары жана зомбулук экстремизм сыяктуу темаларды киргизүү пландаштырылууда.

Бөлүшүү

Комментарийлер