КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРДИН ОКУТУУЧУЛАРЫ КВАЛИФИКАЦИЯСЫН ЖОГОРУЛАТУУДА

  • 03.10.2022
  • 0

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы №21 кесиптик лицейинде “Өндүрүштүк окутуунун мазмунун жана методикасын окутуу” боюнча курс өтүлүүдө. Аталган курс 27-сентябрдан 3-октябрга чейин созулат.

Окутууга №21, №53, № 69, №46, №89, №111 кесиптик лицейлеринин өндүрүштүк окутуу боюнча окутуучулары катышууда.

КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРДИН ОКУТУУЧУЛАРЫ КВАЛИФИКАЦИЯСЫН ЖОГОРУЛАТУУДА

Курста өтүлүп жаткан темалар :

  • Өндүрүштүк окутуу устаттарынын укуктук- ченемдик жана жүгүртүүчү документациялары;
  • Өндүрүштүк окутууну пландаштыруу, окуучулардын жумушчу нормасын чыгаруу  коэффиценттери;
  • Өндүрүштүк окутуунун мазмуну жана методикасы;
  • Билим берүүдөгү социалдык өнөктөштүк;
  • Өндүрүштүк окутуунун формасы жана сабактын структурасы;
  • Инструкциялык — технологиялык картанын функциясы жана формасы;
  • Кесиптик окуу жайларда кесипке багыттоо иштерин уюштуруунун жаңыча ыкмалары жана жолдору;
  • Тарбиялык иштерди пландаштыруу ж.б.

Окутуу курсунун аягында катышуучуларга РИМБдин квалификацияны жогорулаткандыгын тастыктаган сертификаты берилет.

Бөлүшүү

Комментарийлер