КЕСИПТИК ЛИЦЕЙ: МАСТЕРЛЕР ӨНДҮРҮШТӨ

  • 07.06.2024
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги “Куликов” кондитердик үйү ЖЧКсынын өндүрүштүк базасында кесиптик лицейлердин “кондитер” багыты боюнча өндүрүштүк окутуу чеберлери үчүн өткөрүлүп жаткан квалификацияны жогорулатуу курсу менен тааныштыруу максатында пресс-тур уюштурду.

КЕСИПТИК ЛИЦЕЙ: МАСТЕРЛЕР ӨНДҮРҮШТӨ

Билим берүү жана илим минстрлиги менен Республикалык илимий-методикалык борбор тарабынан уюштурулган он күндүк квалификация жогорулатуу курсуна өлкөнүн бардык аймагынан 37 мастер катышып, өндүрүштүн базасында  кесиптик ишмердүүлүк боюнча теориялык жана практикалык сабактарды алып, заманбап эмгек рыногунун талаптарына жооп берген атайын жабдуулар жана алдыңкы технологияларда иштөөнүн практикалык көндүмдөрүн өздөштүрүүдө.

КЕСИПТИК ЛИЦЕЙ: МАСТЕРЛЕР ӨНДҮРҮШТӨ

Мындай кыска мөөнөттүү окууга Балыкчы шаарындагы №22 кесиптик лицейинен келген Нургүл Самудинова окуу жогорку деңгээлде өтүп жатканын айтат.

  • Бүгүн, окуунун төртүнчү күнү. Цехтин ишмердүүлүгү, өндүрүш менен жакындан таанышуу, практикалык жумуштарга катышуу өзүбүзгө жана окуучуларга керектүү жакшы маалыматтарды үйрөнүп чыгууга чоң өбөлгө түзүүдө. Лекцияны да, практикалык сабактарды да өтүп, технологдор өздөрүнүн ишмердигин көрсөтүп жатышат. Жумушчулар менен чогуу иштеп жатабыз. Мени таң калтырганы — өндүрүштүн жетишкендиги. Заманбап жабдуулар, жумушчулардын ишмердүүлүгү, технологдордун жогорку деңгээлде ишин билгендиги болду, — дейт.

КЕСИПТИК ЛИЦЕЙ: МАСТЕРЛЕР ӨНДҮРҮШТӨ

Курстун дагы бир катышуучусу Бишкек шаарындагы 91 лицейинен келген Кыял Өмүрканова. Ал да өндүрүштөн көп жаңы маалымат алганын айтып, учурдагы тренд болуп жаткан трайфл, макаронс, примавера сыяктуу таттуу азыктардын түрлөрү менен таанышып, өз колу менен жасап жаткандыгын кошумчалады.

  • Кыргызстан эле эмес, коңшу мамлекеттерге да таанымал брендде практика өтөө абдан жакшы көрсөткүч. Ичинен сыртына чейин баары заманбап стилде жасалган, кызматкерлери да тажрыйба бөлүшүүдөн аянбайт. Мындай заманбап мекемеде иштегиң да келет экен… Бирок, албетте, мугалимдик кесибим мен үчүн баалуу. Окуудан алган маалыматтарды жаңы окуу жылындагы программага киргизип, окуучуларга үйрөтөбүз. Албетте, мындай чоң өлчөмдө эмес, мини версияларын жасасак болот. Ал үчүн чоң жабдуулар деле керек эмес деп ойлойм. Татаалыраак болсо да жасаганга мүмкүнчүлүк бар, — деген пикирде.

КЕСИПТИК ЛИЦЕЙ: МАСТЕРЛЕР ӨНДҮРҮШТӨ

“Куликовский” кондитердик үйүнүн өндүрүштүк директору Наталья Чайкинанын айтымында, мастерлер бир гана өндүрүштө практикалык сабак өтпөстөн, эмгекти коргоо, техникалык коопсуздук, тамак-аш стандарттарынын коопсуздугу темаларында да регламент боюнча окутулууда. Алар үч тайпага бөлүнүп, ар бирине үч башка учурдагы тренд болуп жаткан кондитердик азыктар боюнча белгиленген убакытта практикалык сабактар өтүлүүдө. Андан сырткары, кондитердик үйдүн технологдору өз  рецепттери менен бөлүшүп, таттуу жасоодогу сырларын да үйрөтүшүүдө.

  • Бул окутуунун аркасында мастерлердин билим кутучасы дагы да быйыйт деп ойлойм. Курсту аяктагандан кийин алган тажрыйбаларын тастыктоо үчүн экзамен тапшырышат. Мастерлердин эмгектери катуу критерийлер менен талданат. Алсак, оргонолептика, физика-химиялык көрсөткүчтөр боюнча, татуунун даамына, дизайнына карап баа беребиз. Кандай презентация жасоосу да каралат, — дейт.

КЕСИПТИК ЛИЦЕЙ: МАСТЕРЛЕР ӨНДҮРҮШТӨ

Республикалык илимий методикалык борбордун директорунун орун басары Алымкан Сатарова Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан окутуунун сапатына болгон талапты оңдоо, камсыздоо боюнча көптөгөн иш-чаралар жүргүзүлүп жатканын, бул иш-чаранын алкагында башталгыч кесиптик окуу жайларында эмгектенип жаткан өндүрүштүк окутуу устаттарынын кесиптик чеберчилиги жогорулатылып жатканын айтты.

КЕСИПТИК ЛИЦЕЙ: МАСТЕРЛЕР ӨНДҮРҮШТӨ

3-13-июнга чейин созулган окутуудан кийин мастерлер кесиптик лицейдин базасында өндүрүштө үйрөнгөн кондитердик азыктардын жасалуу жолун көрсөтүп беришет. Ага “Куликов” кондитердик үйүнүн технологдору, мастерлери да катышып,  өз баасын беришет. Экзаменден ийгиликтүү өткөн мастерлерге 72 саатык квалификациясын жогорулаткандыгын тастыктаган сертификаттар тапшырылат.

 

  • Квалификацияны жогорулатуу курсунун алкагында кесиптик лицейдин мастерлери ири ишканага келип, даярдалып жаткан кондитердик азыктардын кандай технологияда, кандай жабдыктардын жардамында даярдалары менен жакындан тааныша алышты. Эми бул окуудан алган тажрыйбасынын негизинде кесипкөй адистерди даярдаганга өз салымын кошо алышат, — дейт директордун орун басары.

 

Айгерим Токтобаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер