КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРДЕГИ АЙРЫМ АДИСТИКТЕР ЖАНА ФАКУЛЬТЕТТЕР ЖАБЫЛАТ

  • 09.01.2024
  • 0

Айрым кесиптик лицейлер менен колледждер окуучулары окубай жаткан адистиктерди жоюшат. Бул тууралуу билим берүү министринин орун басары Расул Абазбек уулу билдирди.

КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРДЕГИ АЙРЫМ АДИСТИКТЕР ЖАНА ФАКУЛЬТЕТТЕР ЖАБЫЛАТ

Анын айтымында, мындай иштер Кыргызстандын билим берүү тармагын оптималдаштыруу максатында жүргүзүлүүдө.

— Студенттер жана окуучулар жок адистиктер жабылат. Билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, ошондой эле эмгек рыногундагы мезгилди жана талаптарды эске алуу менен кесиптерди кароо зарыл. Азыр талап кылынбаган адистиктерди тизмеден алып салгыла, — деди министрдин орун басары.

Ал ошондой эле Кыргызстанда студенттердин басымдуу бөлүгү гуманитардык факультеттерде билим алышарын белгиледи.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер