КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕР ӨЗҮН-ӨЗҮ КАРЖЫЛООГО СУНУШТАЛАТ

  • 08.02.2023
  • 0

Кесиптик лицейлерди өзүн-өзү каржылоого өткөрүп, билим берүү мөөнөтүн эки жылга кыскартуу сунушталганы жатат. Мындай өзгөртүү киргизилген мыйзам долбоорун эл өкүлдөрү Бактыбек Чойбеков, Эльдар Сулаймановдор демилгелеген.

КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕР ӨЗҮН-ӨЗҮ КАРЖЫЛООГО СУНУШТАЛАТ

Маалыматка ылайык, депутаттар бул сунуштун негизинде облустардагы кесиптик окуу жайлардын жетекчилери менен жолугуп, алардын пикирин угуп жатышат. 7-февралда жолугушуу Ош шаарында өттү.

Мыйзамда эмнелер сунушталган?

Кесиптик лицейге түшкөн окуу төлөмүн мамлекеттин казынасына өткөрбөй окуу жайдын өзүнө жумшоо; кесиптик лицейди аяктаган студент жогорку окуу жайга тапшырса окууну 2-курстан баштоосу керек экени сунушталып жатат.

Депутат Бактыбек Чойбековдун айтымында, кесиптик лицейлердин өзүн-өзү каржылаганга мүмкүнчүлүгү бар.

— Кесиптик лицейлер мамлекетти күтүп отура бербей, өзүнүн каражатын өзүнө жумшаганга мүмкүнчүлүк беришибиз керек. Азыркы учурда да мындай өзүн-өзү каржылай алган лицейлер бар, — дейт эл өкүлү.

Эл өкүлдөрү кесиптик окуу жайлардын көйгөйүн угуу үчүн өткөргөн көчмө жыйында 40-50 жылдан бери капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтпөгөн лицейлер бар экендиги айтылды. Мындан сырткары, студенттердин тамак-ашы үчүн 30 сом гана бөлүнөөрү, каражатты көбөйтүү керектиги сунушталды.

— Эгерде балдарга тамак-аш 60-100 сомго жетип калса, аябай жакшы болот эле. Себеби биздин окуу жайларга ата-энеси жок же аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн балдар көп келет. Аларда өткөөл курак мезгили болот. Организм тамакты талап кылат. Ошол маселе чечилип калса жакшы болот эле, — деди Алай районундагы №67 кесиптик  лицейдин директору Жолдош Мурзалиев.

Кыргызстанда 100 башталгыч кесиптик билим берүү лицейлери болсо, алардын алтоосу абактарда жайгашкан. Жалпы 100 кесип боюнча үйрөтүлүп, 50 кесипке өзгөчө басым жасалат. Кесиптик лицейлерде окуган балдар бюджеттик жана контрактык негизде окуп, жылына 8 миңден 48 миңге чейин окуу акысын төлөшөт.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер