КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕР ӨЗҮН ӨЗҮ КАРЖЫЛАЙТ

  • 27.02.2023
  • 0

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Президент Садыр Жапаров менен жолугушуу учурунда кесиптик лицейлерге толук финансылык жана чарбалык эркиндик берилип, өндүрүш менен бирге иштөөгө өтөрүн билдирди.

КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕР ӨЗҮН ӨЗҮ КАРЖЫЛАЙТ

КР Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Билим берүү жана илим министрлигиндеги жолугушууда 25 мин бала ЖРТ тапшырбаганын айтып, билимсиз, эч кандай көндүмдөргө ээ болбогон балдардын келечегине тынчсызданды.

— Союз мезгилинде 7-8-класстан баштап эле кесип берилчү, бүгүнкү күнү орто кесиптик билим берүүнүн саны 154 болсо, анда 93 миң 966 бала билим алат. Башталгыч кесиптик билим берүүнүн саны — 99, анда 31мин 500 бала окуйт. Быйылкы жылы 25миң бала ЖРТ тапшырган жок. Эч кандай билими жок, көндүмдөргө ээ болбогон балдарыбызды кайда кетирип жатабыз? Японияга барсак 350 миң медайым жетишпейт экен. Япондор башка өлкөлөрдөн адамдарды жумушка кабыл алганды жактырбайт. А биздин кыргыз жарандарды абдан баалап, суроо-талап көп. Ошондуктан бат эле жумушка орношууга мүмкүнчүлүк бар. Жумушка талап деле оор эмес, эптеп Японияга жетип, япон тилин анча-мынча өздөштүрүп алганы эле жетиштүү. Медайымдарды даярдай турган, чет жерге жиберүүгө ылайыктуу программаларды ишке ашыруу керек. Азыркы учурда 10 миң үй-бүлөнүн эки миң баласына билет алып берип, тилди үйрөтөлү деп жатабыз. 1000 кишини Лондонго, Кореяга жиберүүнү сүйлөштүк. Алар алты айдын ичинде 8500-10 миң АКШ долларына чейин киреше таба алган жумуштарга орношот. Америкага барсак 100 миң тракт айдоочусуна муктаждык бар экен.  Колледж, лицейлер ушундай маселелердин үстүндө иштөөсү керек, — деди Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров.

Буга чейин республика боюнча төрт окуу жайына  — Бишкек шаарындагы №18 лицейге, Жалал-Абад шаарындагы №1 лицейге, Чүйдүн Жаңы-Жер айылындагы №43 лицейге, Баткен облусундагы №8 лицейге гана пилоттук долбоор катары өндүрүштүк база ачылып, өз алдынча акча табуу мүмкүнчүлүгү берилген. Орто кесиптик окуу жайларга каржылык эркиндик берилсе, лицейлер өзүндө эле окуу өндүрүштүк базаларды ачып, калкка кызмат көрсөтүп, түрдүү ишкердүүлүк менен алектенип, тапкан акчасын өз алдынча пайдалана алат.

Кесиптик окуу жайлар тууралуу 18-ноябрда Бишкекте өткөн башталгыч кесиптик билим берүүнүн 80 жылдыгына арналган салтанатта Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов да токтолуп,  мамлекет үчүн башталгыч кесиптик окуу жайлардын билим берүү тутумундагы орду жана баалуулугу, келечекте аткарыла турган иштери тууралуу сөз козгогон.

— Учурда бул тутумду кайрадан департамент кылып бөлүү боюнча сунуштар айтылып жатат. Бирок биз мындай кадамга барбайбыз. Башталгыч кесиптик билим берүү тармагы Билим берүү жана илим министрлигинин бөлүп алгыс бир бутагы катары министрликтин курамында өнүгүшү керек. Буюрса, бардык лицейлер жакынкы үч жылда алдыңкы тажрыйба борбору болгон окуу жайлардын катарын толуктайт. Буга мамлекеттин күчү жетет. Келечекте чоң-чоң фабрикалар, заводдор иштейт. Бир эле мисал, буюрса, чакан-чакан кийим тигүүчү мекемелер бир фабрикага биригет дагы, Европага бренд кийимдерди чыгарат. Муну менен катар эле тоо-кен өнөр жайы да, жеңил өнөр жайы да өнүгөт.  Ошондо бизге дал силер даярдап жаткан адистер абдан керек болот. Биз кайсы аймакта кайсы өнөр жайын өнүктүрө турган болсок, ошол аймактагы лицейлерге адис даярдоо боюнча мамлекеттик заказдарды берип баштайбыз, — деген Эдиль Байсалов.

Эң мыкты деп аталган Баткен облусундагы №7 кесиптик лицей республикада эң алгачкылардан болуп ачылган. Ал 1942-жылы согуш учурунда ата-энесинен ажыраган улан-кыздарды тоо кен багытындагы кесиптерге даярдаган интернат катары өз ишин баштаган. Андан бери заман талабына жараша багыты өзгөрүп, учурда тигүүчүлөрдү, ашпозчуларды, кондитерлерди, официанттарды, слесарларды, автослесарларды, автомеханиктерди даярдоодо. Жаңы мыйзам долбоору лицейдин өнүгүүсүнө жаңы жол ачары анык.

— Негизи лицейлер долбоорлордун негизинде жолго коюлду десем жаңылышпайм. Азыр максат туура коюлду деп ойлойм. Уккандан бери абдан кубанып отурам. Бул мыйзамдын негизинде келечекте ар бир кесип боюнча окуучулар менен биргеликте рынокко керек болгон продукцияларды өндүрүп, сатууга алып чыксак болот. Мисалы, бизде тигүү тармагына байланыштуу жабдуулардын баары бар. Ушуну менен эле кызга сеп даярдасак болот. Тойлорго таттууларды жасап берип, тейлеп акча тапсак да болот. Ири базарлардын бирине лицейдин атынан дүкөн ачып, ошол жерге продукцияларды алып чыгуу да оюбузда бар. Устат-шакирт болуп ТТЦ ачууну да пландап жатабыз. Биздин лицей шаардын четинде, эл аз жашаган жерде жайгашканына карабай, сапаттуу продукцияларды чыгара баштасак, кардарлар өздөрү эле бизди издеп келет деп ойлойм. Алыс кетпей эле жаныбыздагы мектеп, ишканалар үчүн кафе ачсак, окуучулар үчүн практика да, акча табуунун жолу да болмок. Бул ишти ишке ашыруу колдон келет. Бир гана адамдын каалоосу күч болууга тийиш. Мыйзам долбоору ишке ашып калса, лицейге кошумча каражаттарды алып келүүчү жолдор ачылат, — дейт директор Бүсара Ажигулова.

Директордун айтымында, түшкөн каражатты техникалык базаны жаңыртуу сыяктуу лицейдин ар тараптан өнүгүүсүнө жумшайт. Лицейде социалдык жактан муктаж, аз камсыз болгон, убагында окуусуна жакшы көңүл бурбай калган балдар басымдуулук кылгандыктан, эки жылдын ичинде ар бир баланы ийгиликке жеткирүү кыйынга турат. Ошондуктан балдарга көбүрөөк практикалык түрдө көрсөтүп, үйрөтүү жакшы натыйжа берет. Учурда акыркы үлгүдөгү технологиялар жок болсо да, иштөөгө ылайыктуу материалдык-техникалык база бар. Мыйзам долбоору ишке кирсе, акыркы үлгүдөгү техникаларды алууга мүмкүнчүлүк жаралат.

 

 

Айгерим Токтобаева «КУТ БИЛИМ» 

Бөлүшүү

Комментарийлер