КЕСИПТИК БИЛИМДЕН ТҮПТӨЛГӨН КЕЛЕЧЕК

  • 10.04.2019
  • 0

Кыргыз Эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин КР Жаштар, эмгек, ишке орноштуруу министрлигинин жана Кесиптик билим берүү мамлекеттик агенттигинин Ардак грамоталарынын ээси, Кесиптик билим берүүнүн отличниги, “Кесипкөй” коомунун башчысы, активдүү агартуучу Эгемберди Усупов жөнүндө “Эгемберди инимдин уул-кыздарын колуна “папке” көтөрүп, шапкеси менен көктү караган “чоң болом” дедиртпей, кесипке үйрөткөнү мага жагат, ошонусуна суктанам, өзү да кесиптик-техникалык окуу жайында иштеп, ошол эле учурда чыгармачылыкка үзбөй аралашып келатат”-деп айтканы бар. Ансыңарындай, кесиптик билим берүүдөн келечекке ишеним башталарын жакшы өздөштүргөн, оргуштап тынымсыз аккан Нарын дарыясынын башындагы кайберен баккан Нарын районунун ардактуу атуулу Эгемберди Усупович жана анын агартуучулук жана турмуш жолунда бирге келаткан жан шериги Элмира Назарова жөнүндө төмөндө сөз кылмакчыбыз. 

              Инженер болууну кыялданган чабандын баласы

Эгемберди Усупов мал киндиктүү Нарын өрөөнүндө малчынын үй-бүлөсүндө өсүп чоңойду. Малчынын баласы болгондо да тун уулу болгондуктан, алты жашынан мал артына түштү. Ал кездеги малчы-чабандардын балдарындай эле ага да жатак мектепте окууга туура келди. 1-класстын босогосун Нарын шаарындагы жатак-мектептен аттады.

— Мен бардык бош учурумда атама жардам берип, мал артында өткөрдүм. Техникага кызыгуум 5-класстан башталды деп ойлойм. Анткени 5-класста окуп жүргөн кезде кесип тандоо боюнча сөз болуп калганда, “инженер болом” деп жазганым эсимде. Ошондон баштап техникага кызуугум артып, 6-класстын аягында каз тамандуу жана дөңгөлөктүү трактор айдаганды үйрөнүп калдым. Кийинки жайда тоодон жакага кымыз ташып келген сайын атты аркандай калып, атамдын досунун ГАЗ автоунаасын айдап чөп тартып жүрдүм. 1976-жылы 8-классты аяктаган 19 баланы ПТУга – кесиптик техникалык окуу жайга жиберишти. Ал кезде ошондой шарт бар эле. Менин техникага шыгымды байкап жүргөн атам 10-классты аяктатпай эле, он беш жашымда Токмок шаарына окууга жиберди. Аны 1980-жылы ийгиликтүү аяктап,  Германияда армиянын катарында кызмат өтөөгө кеттим. Армиядан келгенде колхоздо коопсуздук инженери болуп иштей баштадым. Коммунисттик партиянын катарына да ошол жерден кабыл алышты,-деп эскерет Эгемберди Усупович алгачкы эмгек жолу башталган учурун.

Профессор атка конгон устат

Эгемберди агай өзүнүн өмүрлүк жубайын өз айлынан тапты. Турмуштун ачуу-таттуусун бирге татуу ой-тилеги менен кол кармашкан эки жашка партия мааниси жагынан андан кем эмес олуттуу тапшырма берип, жолдомо менен кесиптик окуу жайына иштөөгө жиберди. Түрк акыны Юнус Эмренин “Кесипти, жубайды, досту туура тандасаң жашооң өтөлгөлүү өтөт” деп айтканы бар эмеспи, айткандай эле, жараткан жар тандоодо жаңылтпаптыр, жубайы Элмира экөө кол кармашып айылдан аттанып ааламга таштаган ошол алгачкы кадамдары байсалдуу, жашоосу өтөлгөлүү болду. Экөө бирге ээрчишип иште да, үй-бүлөдө да эриш-аркак, бири-бирине өөдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болушуп, балдарын өстүрүп тарбиялап ар дайым бирге келатышат. Турмушта туу тутканы —  туруктуулук, чыдамкай болуу, бири-бирине түшүнүү, көтөрүмдүүлүк. Бакыттын эң жөнөкөй формуласын ушундай эң жөнөкөй чечишкен жубайлардын 36 жыл бирге түтүн булаткан үй-бүлөлүк пайдубалынын бекем куралгандагы сыры ушунда болсо керек. Ар дайым жанаша жүргөн агартуучулар жети дубандан келген миңдеген жаштарды кесипке үйрөтүшүп, өздөрү учурда эки уул, үч кызын татыктуу тарбиялап эрезеге жеткиришти. Азыр экөө 10 неберелүү.

— Ата-эне балага тарбияны өз каалоосу менен тандаган кесипке түрткү берүүдөн башташы керек. Кесип келечектеги иш, акча таап жан багуучу булак. Тагдырлаш адамдардын таасири да кесиптик тармакта калышына чоң өбөлгө болот. №50 кесиптик окуу жайынын директору Осмонов  Мурат агайым бизди партиянын күчү менен  алдыртып алганын кийин билдим. Аны менен иштеген эки жыл ичинде көптү үйрөндүк. Агайымдын ар  бир иши, башкаруу жөндөмү, жамаатка жасаган мамилеси, уюштуруучулук жагы көп адамга үлглү болорлук эле. Андан кийин №88 окуу жайында алты жыл эмгектендик. Өтө күчтүү кадрларды  топтогон Жакыпбаев Бейше агайымдын жаркын элеси эсибизде бекем сакталып калды. Бул окуу жайы бизге  негизги көөрүкана болду окшойт. Элмира экөөбүз Свердловск  шаарындагы СССР боюнча жалгыз инженер-педагогикалык институтунан билим алдык. Ушул учурларда жамааттык ынтымак, бирдиктүү команда дегенди,  жаштарды окутуу, тарбиялоо жана турмушка аттантуу, ата-эне, коом, мекеме, өкмөт менен  байланышып иштөө сыяктуу кесиптин көптөгөн сырларын өздөштүрдүк,-деп эскерет Эгемберди агай.

КЕСИПТИК БИЛИМДЕН ТҮПТӨЛГӨН КЕЛЕЧЕК

Биз окуткан балдардын алды устат, насаатчы болушту

Эгемберди Усупов Сокулук  районундагы №43 кесиптик окуу жайында директордун  орун  басары, филиал  башчы  болуп  иштеген 1994-2006  жылдары, айыл чарбасы, өндүрүш менен окуу жайды айкалыштырууда көп тажрыйба топтогонго жетишти. Чүй жана Нарын облусунун окуу жайларынын ортосундагы тыгыз байланышты уюштуруп, калк кыйналган ошол учурда элеттен ички миграция менен келген адистерди жумушка орноштуруп, техникаларды иштетип дыйкандарга жардам берген. Айылдык  окуу  жайдын  өзгөчөлүгүн  түшүнүп, башкаруу  чөйрөсү  менен  аралашат. Ушул жылдары “профессор” деген атка конгон. Учурда жубайлар Бишкек  шаарындагы №3-кесиптик лицейинде эмгектенишет. Андан тышкары, Бишкек автожол колледжинде да сабак берет.

— Мугалимди бекеринен мөмөлүү даракка салыштырбаса керек. Биз окуткан билим тамыр алып, мөмө байлап, жемиш берсе, биздин эмгегибиз текке кетпегени, бааланганы ошол эмеспи. Мен окуткан окуучуларымдын жетишкендиктери арбын. Учурда алардын балдарын окутуп жатабыз. Бир окуучубуз генерал болду, бир окуучубуз — Боинг самолетунун командири. Бүтүрүүчүлөрүбүз айылдарга, шаарларга ТТС ачып жатышат. Ар бир өз кесибинде иштеп кеткен бүтүрүүчүлөрүбүздү кийинкилерине насаатчы кылып дайындайбыз. Жогорку окуу жайларында билимин улантуусуна шарт түзөбүз. Алдыңкы окуучуларыбыздан устаттыкка иштеп калгандары да бар.

Окуучусун экзаменге АН-2 самолету менен алып келген

Эгемберди Усуповичтин иш тажрыйбасында кызыктуу окуялары арбын.

Эсинде, 1985-жылы №50 кесиптик окуу жайында иштеп жүргөндө 120 дипломдорду жаза бер,-деп директор кабинетине бекитип, унутуп шаарга кетип калып, эч кимде ачкыч жок, жазып бүтүп үч саат отурганын кесиптештери кийин көпкө күлүп айтып жүрүшкөн.

1986-жылы 85 рубль айлык алган агартуучу ар бир окуусун автобазаларга практикага орноштуруп, үч ай кесипке такшалдырган. АТПдан 4400  рубль акча  которулуп, анын 10 пайызын – 440 рубль алганда,  гезит-журналдарга жазышып, республикалык семинар өткөрүшкөн.

Дагы бир кызыктуу окуя эсинде, Казармандагы Канболот деген окуучусун Нарындан саат 9-00до  АН-2 самолету  менен  учуп барып, саат 11:0до экзаменге алып келген.

Техникалык терминдерди туура которууга кошкон салымы

Эгемберди Усуповго Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук Тил Комиссиясынын Ардак Грамотасы кыргыз тилибиздин таза  сүйлөнүшү, сакталышы, өркүндөтүлүшү жана кыргыз тилинде кесипке окутуу-үйрөтүүгө жана борбор калаабыздагы көрнөк-жарнактардын туура жазылышына кошкон салымы үчүн берилген. 2008-жылы  директор  менен  эки  жыл  алышып  жүрүп, №  100 кесиптик  окуу  жайындагы  “Автослесарь”  кесибин кыргызча  окутууга  өткөргөнүнө сыймыктануу менен эскерет. Ал эми  техникалык терминдердин туура которууга болгон аракети үчүн ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу термикомдун эксперттик тобунун мүчөлүгүнө кабыл алынат.

Кесиптик тармак менен 80 жылдык үй-бүлөлүк байланыш

Атасы  Айылчы  1959-жылы Куланактагы  ШМКдан окуган. Эгемберди агайдын өзүнөн кийинки алты бир  тууганы жана өзүнүн беш баласы тең кесиптик окуу жайлардын босогосунан чоң турмушка кадам ташташып, ардактуу кесип ээлери болушту. Ошо атасы алгач кадам таштаган чыйырды 80 жылдан бери улантып, кесиптик тармактагы байланышты үзбөй улантып келаткан Усуповдордун үй-бүлөсүн үлгүлүү десек куп жарашчудай.

Эгемберди агайдын басып өткөн турмуш жолуна баам салган адам “Ар бир кесип ардактуу” экениге ынанат. Жаш  муундарды үйрөтүү түйшүгүн аркалаган жубайлардын коом ичиндеги орду келечекте чөйрөгө, өлкөгө тассири бар “Кесипкөй” коому менен тыгыз байланышкан. Жубайлар айылдарга ӨЖТ топторун уюштуруп, семинарларды өткөрүп турушат. Калк арасындагы ынтымак, өз ара жардам, биримдикти чыңдоого багыт алган, уюмду түптөп, сактоолук топтошуп, жашоо  турмуш оңдоого максатташтар менен бирге бара жатышат. Калк арасындагы адеп-ахлак, урмат-сый жана карылардын нуска кептери, жаштардын абийир, адеби  жөнүндө  коомчулукка, калайык  калкка кайрылуу жасашып, үй-бүлө бекемдигин арттырууга, терс көрүнүштөрдүн  азайышына өз салымдарын кошуп келишет.

Усуповдорун үй-бүлөсү туулуп-өскөн Дөбөлү айылындагы мектепте чет тилин, компьютерди эң жакшы билген жана жалаң беш менен окуган жети окуучуга жылына бир жолу ар бирине 1000 сомдон стипендия беришет. Коомдук иштердин алкагында Ак-Жол айылындагы таштанды төгүлгөн аянтты тазалап, спорт аянтчасына айландырып жатышканы эле колдоого аларлык.

Элетти көтөрүүгө багыт алган иш-чараларында айылдагы, өрөөндөгү ата уулдары жана  жашоочулары менен тыгыз байланышып турушат. “Бабалар баскан жол”, “Кайберен  баккан өрөөн”, “Ата-Конуш”, “Эне тилим, эне сүтүм” видео тасмаларын тартышып, борбор менен байланыштырышкан.

Тогуз көркөм адабият жана алты кесиптик китеп-тесттерди чыгарган Эгемберди Усупов менен анын жубайы Элмира Назарованын жемиштүү эмгек жолу арыбай, алган багыттары, тунук ойлору, бийик максаттары ийгиликтүү улана беришине биз да тилектешпиз.

 

Айнагүл Кашыбаева,

“Кут Билим”

 

Материал КР Билим берүү жана илим министрлигинин жана Европа биримдигинин “Мугалим кесиби” сынагынын алкагында жазылды.

Бөлүшүү

Комментарийлер