КЕСИПТИК БИЛИМ: СТУДЕНТТЕРДИ ШЫКТАНДЫРГАН ИШКЕРЛИК

  • 27.11.2023
  • 0

КЕСИПТИК БИЛИМ: СТУДЕНТТЕРДИ ШЫКТАНДЫРГАН ИШКЕРЛИК

Балыкчы шаарындагы Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжинин студенттери мейманкана иштетип, компьютердик кызматтарды көрсөтүп каражат табууда.

Аталган окуу жайга мындай мүмкүнчүлүктү Билим берүү жана илим министрлиги Азия өнүктүрүү банкынын жардамы менен ишке ашырып жаткан “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоору түзүп берди. Аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн Кыргызстандын ар кайсыл аймагынан окутуучуларынын, окуучуларынын, бүтүрүүчүлөрүн санына жараша сегиз колледж тандалып алынып, Алдыңкы тажрыйба борбору статусуна ээ окуу жайга айланган.

Долбоордун алкагында Балыкчы шаарындагы Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжинде былтыр студенттер үчүн окуу-өндүрүштүк комплекс — «Issyk-Kol Hotel»   мейманканасы салынган. Он эки орундуу мейманканада студенттер теориялык билимдерин, практика жүзүндө бышыкташат. Башкача айтканда, окуучулар график боюнча бөлүнүп алып, кардарларды кабыл алып, орундарга жайгаштырып, тамактарын убагында алып барып, айтор, бардык мейманкаларда талап кылынуучу кызматтарды көргөзүшөт. Окутуу дал ушул комплексте иш жүзүндө жүргүзүлөт.

КЕСИПТИК БИЛИМ: СТУДЕНТТЕРДИ ШЫКТАНДЫРГАН ИШКЕРЛИК

«Issyk-Kol Hotel»  мейманканасы Booking.com- турак жай брондоо сайтында   каттоодон  өткөндүктөн, кардарларынын 70% чет элдик жарандар түзөт. Кыш мезгилинде кардарлардын саны азайып калганы менен башка убактарда орун калбай калат. Себеби чет элдиктер орундарды алдын ала брондоп коюшат.  Мейманканада таңкы аш каралган. Калган убактарда кардардын каалоосуна ылайык тамактарга буйрутма беришет же студенттер өздөрү жасап беришет. Кыргыз колоритин чагылдырган эс алуучу жайы, ашканасы, жуунучу жайы бар. Кызмат баасы бир орунга  18 АКШ долларын түзөт. Бир жылдан ашык убакытта студенттер иштеткен мейманкана 10 000 АКШ доллар өлчөмүндө киреше алып келген. Түшкөн каражат кайра эле окуу жайдын өнүгүүсүнө жумшалат.

КЕСИПТИК БИЛИМ: СТУДЕНТТЕРДИ ШЫКТАНДЫРГАН ИШКЕРЛИК

Мындан тышкары, долбоордун  жардамы менен  ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген студенттер үчүн  «Инклюзивдуу  билим берүү» да ишке ашырылууда. «Эсептөө  техникаларынын жана автоматтык  системаларды  программалык  камсыздоо»   адистигинде билим алган 14 инклюзивдүү студент  үчүн эки окуу-өндүрүштүк комплекси түзүлүп, керектүү шаймандар менен камсыздандырылган. Студенттер окуудан  тышкары   IT чөйрөсүндөгү интернет  кызматтардын  түрлөрү: ксерокопия, ламинация, переплет, 3D принтер жана лазердик станокто ар кандай  буюмдарды  жасоо, компьютер оңдоо ж.б кызматтарды  көрсөтүп , кошумча  каражат табууга  мүмкүнчүлүк  түзүлдү.  Быйылкы өзгөчө бүтүрүүчүлөрдүн 30%  окуу жайдын өндүрүштүк базасына жумушка  орношууга  мүмкүнчүлүк  бар.

КЕСИПТИК БИЛИМ: СТУДЕНТТЕРДИ ШЫКТАНДЫРГАН ИШКЕРЛИК

Балыкчы шаарындагы Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжинин 2-курсунун студенти Ислам Кеңешбек уулу билим алуу үчүн атайын Кочкор районун келген.  Компьютерге кичинекей кезинен эле кызыгып жүрүп, ушул багыттагы адистикке окууга тапшырган. Учурда окуу- өндүрүштүк комплексинде тажрыйба топтоп, атүгүл, өз алдынча кардар күтүп, каражат таап калды.

  • Окууга тапшыра электе ноутбугумдан ар кандай сайттарды көрүп, кээде сүрөттөрдү өз алдынча шөкөттөгөндү өздөштүрүүгө аракеттенчүмүн. Окуу жайга келгенден бери компьютерди оңдоп, курагандан баштап, сайт түзүү, жаңы программалар сыяктуу компьютерге тиешелүү көндүмдөрдүн көбүн үйрөндүм. Окуу-өндүрүштүк комплекстин ачылганы бизге практикалык жактан көзүбүз менен көрүп, бат үйрөнүүгө жакшы мүмкүнчүлүк болду. Тынымсыз лекция уга бергенде, практикада көргөндөй кабыл албайсың. Азыр жакшы өздөштүрдүм. Бош убакытымда жакшылактарга кызмат кылып, видео-ролик тартып келем. Окууну бүткөндө  биздикиндей комплекс ачып, балдарды жумуш менен камсыз кылуу же студенттерге үйрөтүү үчүн курс ачууну ойлонуп жүрөм.  Себеби технология күн сайын жаңыланып турат, башкалар да учурдагы популярдуу программаларды билип алса дейм,  —  дейт студент.

Билим берүү жана илим министрлигинин “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун менеджери Нурлан Атаканов  Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүнө кесиптик окуу жайлардын  түзмө-түз тиешеси бар экендигин баса белгилеп, Билим берүү жана илим министрлигигинин  акыркы жылдардагы жасалып жаткан  иштерине токтолду.

  • Алдыңкы тажрыйба борборунун негизги максаты — кесиптик окутуудагы Билим берүү жана илим минстрлигинин саясатын жер жерлерде жайылтуу, студенттерге заманбап окутуу программаларын сунуштоо. Алар  өзгөчө компетенттүүлүктүн негизинде түзүлгөн жана жумушчу орунда окутуусу кеңири пайдаланылат.  Практика, дубалдык окутуу, санарип ж.б ыкмалары кеңири  колдонулат.

Окутуучуларга да өзгөчө көңүл бурулууда.  Электрокамсыздоо, ветеринария, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, автоматташтырылган системаларды программалоо багыты боюнча иштеп жаткан окутуучулардын дээрлик бардыгы Бишкек шаарындагы алдыңкы университеттериинин окутуу борборлорунан окуудан өтүштү. Жаңыртылган билимдерди берүүгө даяр. Арасындагы ийгилик жараткан окутуучулар башка кесиптик лицей, колледждердеги окутуучуларды даярдоо укугуна ээ болот. Мындан сырткары, окутуучуларга 900 сааттык окутуу программасы киргизилип, анын алкагында окутуулар жүрүүдө.  Пилоттук окуу жайлардын жетекчилери менеджмент, стратегиялык пландоо боюнча окутуулардан да өтүүдө, — деди Нурлан Атаканов.

КЕСИПТИК БИЛИМ: СТУДЕНТТЕРДИ ШЫКТАНДЫРГАН ИШКЕРЛИК

Балыкчы шаарындагы Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжи билим берүү системасында өзүнүн ишмердүүлүгүн 37жылдан бери жүргүзүп келет. Окуу жайда он: педагогикалык, транспорт, техника, программист, туризм жана жеңил өнөр жай багытындагы адистиктер боюнча кадрларды даярдайт. Быйылкы окуу жылында 506 студент билим алууда. Анын 107 бюджеттик негизде окуйт. 52кызматкер эмгектенет.

Колледждин директору  Бактыгүл Жумабаеванын айтымында, долбоордун   жардамы  менен окуу  жайда көп өзгөрүүлөр орун алды.  Алсак, капиталдык  ремонт   талап  кылган эскилиги жеткен төрт кабаттуу  жатаканасы  44 320 646 сомго толук  заманбап реконструкциялык-ремонттон  өткөрүлдү.

  • Биздин окуу жай долбоорго кирип калганына абдан кубанычтабыз. Биз үчүн жомоктогудай өзгөрүүлөр болууда. Ар бир окуу жай үчүн бөлүнгөн 1млн АКШ доллары системалуу, максаттуу жумшалды десем жаңылбайм. Себеби материалдык-техникалык базабызды гана чыңдабастан, методикалык жардамдарды да алуудабыз. Билим берүүгө ушундай коопсуз, заманбап чөйрө түзүлүп берилгени окутуучуларды да шыктанып, жаңы ачылыштарды ачууга, жаңычылдыкты үйрөнүүгө ашыгууда. Студенттер да сабакты калтырбай, окуу жайда болуп жаткан иш-чараларга активдүү катышат. Эки жылдан бери долбоордун алкагында алган тажрыйбабыздын баарын региондорго жайылтуу максатында ар кандай иш-чара, окууларды уюштуруп келебиз. Азыркы  тапта окуу жайда «Программалоо жана автоматташтыруу системасы» кесиби боюнча Нарын, Чүй, Токмок, Балыкчы, Той, Жумгал, Кочкор ж.б өрөөндөрдөн келип, окутуучулар квалификациясын жогорулатууда, — дейт директор.

 

Алдыңкы тажрыйба борбору – бул орто кесиптик  адистерди даярдаган, өлкөнүн социалдык-экономикалык жана эмгек рыногунун талаптарына жооп берген, заманбап, коопсуз билим берүү чөйрөсүн түзгөн, кадр даярдоодо өзгөчө потенциалга, жогорку жетишкендиктерге ээ болгон окуу жай. Ал орто кесиптик билим берүү системасында жаңы окуу программаларын жана мамлекеттик стандарттарды апробациялоо, жумуш ордунда окутуу методикаларын жана ишкердик боюнча модулду киргизүү үчүн аянтча болуп саналат. АТБ окуу процессине олуттуу өзгөртүүлөрдү киргизип, аны практикалык тажрыйба менен байытып, студенттердин кесиптик көндүмдөрүн жакшыртып, алардын коммуникативдик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жана иш берүүчүлөр менен байланышты чыңдоого өбөлгө түзөт.

Эскерте кетсек, “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун ишинин жыйынтыктыры боюнча пресс-тур 21-2-ноябрда Балыкчы, Нарын шаарында уюштурулду.

Айгерим Токтобаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер