КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ: «ӨЗГӨЧӨ МАКАМ», «ИННОВАТОР ЖОЖДОР»

  • 13.12.2023
  • 0

13-декабрда билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаева 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча отчеттук маалымат жыйынын өткөрдү.

КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ: "ӨЗГӨЧӨ МАКАМ", "ИННОВАТОР ЖОЖДОР"

Министр келтирген расмий статистикага ылайык, Кыргызстанда 32,8 миң окуучу билим алган 100 кесиптик лицей, 108,1 миң студент кабыл алган 142 колледж жана 227,5 миң студент кабыл алган 61 жогорку окуу жайы бар.

 

КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ: "ӨЗГӨЧӨ МАКАМ", "ИННОВАТОР ЖОЖДОР"

Башталгыч кесиптик билим

Кадрларды даярдоонун энергетика, жеңил өнөр жай, электр энергетикасы, IT, кол өнөрчүлүк жана коомдук тамактануу, тейлөө, металл иштетүү, курулуш сыяктуу тармактарында жаңы инклюзивдик окуу пландары жана программалары иштелип чыккан. Эки жылдын ичинде 80 иш берүүчү уюмду тартуу менен дуалдык билим берүүнү киргизген кесиптик лицейлердин саны 11%дан 40%га чейин өскөн.

Ошондой эле окуу башталгыч кесиптик билим беоүүдөгү окуу мөөнөтү 3 жылдан 2 жылга кыскартылды. Ал эми эл аралык эмгек рыногу үчүн кадрларды даярдоо максатында — биргелешкен кесиптик лицейлерди (Кыргыз-Индия, Кыргыз-Орус, Кыргыз-Өзбек) түзүү боюнча макулдашуулар иштелип чыкты. Мисалы, заманбап эмгек рыногунун талаптарына системаны ыңгайлаштыруу максатында — 3 кесиптик лицейде, жаштарга багытталган, мигранттарды колдоо брборлору ачылып,(18 электрондук окуу модулдары (микрокурстар) иштелип чыккан, алардын өзгөчөлүгү – 24/7 онлайн режиминде жеткиликтүү). Мындан тышкары, 10 кесиптик лицейдин базасында 10 миграцияга чейинки даярдоо борборлору түзүлдү.

КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ: "ӨЗГӨЧӨ МАКАМ", "ИННОВАТОР ЖОЖДОР"

Формалдуу эмес билим берүү тармагында алынган көндүмдөрдү таануу максатында КР БИМ алдында Көз карандысыз сертификация жана валидация борбору түзүлдү. Жогорку кесипкөй башкаруу командасын түзүү максатында кесиптик лицейлердин жана колледждердин жетекчилерин конкурстук тандоонун, аттестациялоонун уюштуруу жана өткөрүү механизми иштелип чыкты.

IT чөйрөлөрүндө башталгыч кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу №99 маалыматтык технологиялар кесиптик лицейин түзүлдү, ал жаңы IT-кесиптерге окутууну камсыз кылат: Front-end-иштеп чыгуучу; backend-иштеп чыгуучу; системалык администратор (киберкоопсуздук); машина курууну-(роботехниканы) иштеп чыгуучу. Бул кесиптик лицей толук каржылык жана академиялык эркиндикке ээ болду.

КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ: "ӨЗГӨЧӨ МАКАМ", "ИННОВАТОР ЖОЖДОР"

Орто кесиптик билим

Орто кесиптик билим берүүдө да көзгө көрүнөрлүк жакшы иштер аткарылган. Учурда киреше алып келүүчү иш үчүн шарттарды түзүү боюнча — тармактык өнөктөш иш берүүчүлөр менен пилоттук билим берүү мекемелеринин ортосунда өнөктөштүк келишимдери түзүлүп, ишке ашырылууда (жалпысынан 128 ашык меморандумга кол коюлган).

Социалдык өнөктөштүк боюнча колдонмолор, колледждерде киреше алып келүүчү ишмердүүлүктү калыптандыруу концепциясы иштелип чыккан. Алдыңкы тажрыйба борборлорунда окуу-өндүрүштүк комплекстер түзүлөт, алардын алкагында билим берүү мекемелери калкка кызмат көрсөтө алат жана кошумча каржы булагы катары товарларды сата алат.

КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ: "ӨЗГӨЧӨ МАКАМ", "ИННОВАТОР ЖОЖДОР"

Жогорку билим

Үстүбүздөгү жылы өзгөчө макамдагы 5 жогорку окуу жайы боюнча Президенттин Жарлыгы ишке ашырылып, жыйынтыктары боюнча ЖОЖдор өз жетишкендиктерин жана көйгөйлөрүн  БИМдин коллегиясында көрсөттү.

Өзгөчө макамдары бар ЖОЖдордун бир жыл ичиндеги өзгөчө жетишкендиктери жөнүндө министр баса белгилеп айтып кетти.  Андагы маалыматка караганда, КМТУ жана КММА Азия рейтингиндеги 856 жождун арасынан алдыңкы 351-400гө кирди.

Ал эми ОшМУ Евразиялык билим берүү мейкиндигиндеги университеттердин эл аралык рейтингинде алдыңкы үчтүккө кирүүгө жетишти.

Ошондой эле КМТУнун жана КУУнун бюджети 1 миллиард сомго чейин өстү. КММАнын бюджети 1 миллиард 400 миллион сомго жетти. Министрликтин атайын буйругу менен 2023-жылдын ноябрында өзгөчө макамдагы ЖОЖдор билим берүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн мектептерди көзөмөлгө алышкан.

КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ: "ӨЗГӨЧӨ МАКАМ", "ИННОВАТОР ЖОЖДОР"

Мындан сырткары ЖРТнын босого баллын жыл сайын жогорулатуу маселеси иштелип жатат. Азыр педагогикалык багыттар боюнча босого балл бешке жогорулады. Бардык иш-аракеттердин аркасынан ЖРТнын орточо баллы экиге жогорулады. Кийинки жылы бюджеттик багыттар боюнча орточо балл 123 тартибинде болушу керек.

Педагогикалык багыты бар ЖОЖдор азыр орточо 740 адам болгон мугалимдердин жетишсиздиги маселесин чечүүнү көздөп жатат. Орус тилин билген мугалимдерге болгон муктаждыкты эске алганда – өзгөчө роль КРСУга таандык болот.

Ар кандай форматтардын интеграциясын — сапаттуу мугалимдер менен алмашуу үчүн университеттер менен мектептердин өз ара аракеттенүүсүн, кесиптик лицейлерде жана колледждерде башталгыч жана орто кесиптик билим берүүнүн үзгүлтүксүздүгүн, илим менен практиканын интеграциясын камсыз кылуу зарыл. Эмгек рыногуна багыт алууну камсыз кылуу абдан маанилүү.

КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ: "ӨЗГӨЧӨ МАКАМ", "ИННОВАТОР ЖОЖДОР"

Жылдык отчетту улай айтсак, республиканын жогорку окуу жайлары үчүн Дүйнөлүк Банктын 25 миллион долларлык долбоору иштелип чыкты. Долбоор инновацияларга жана прикладдык изилдөөлөргө, алдыңкы тажрыйба борборлорун жана изилдөө хабдарын, «инноватор – ЖОЖдорду»түзүүгө багытталат.

Бөлүшүү

Комментарийлер