КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ СИСТЕМАСЫНДА ЖУМУШ ОРДУНДА ОКУТУУ КОНЦЕПЦИЯСЫНЫН ДОЛБООРУ ТАЛКУУЛАНДЫ

  • 15.12.2020
  • 0

Кесиптик билим берүү тармагындагы улуттук эксперттер менен окуу жайлардын жана иш берүүчүлөрдүн ортосунда Жумуш ордунда окутуу концепциясынын долбоорун талкуулоо иш-чарасы өткөрүлдү.

Пилоттук колледждерде  жана кесиптик лицейлерде апробациялоо үчүн Жумуш ордунда окутуу концепциясынын ушул долбоору АӨБдүн “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан иштелип чыккан.

Кесиптик билим берүү системасы үчүн жумуш ордунда окутуу деп окуу жайлардын базасында кесиптик билимдерге жана көндүмдөргө ээ болууга, ошондой эле керектүү кесиптик билимдерди жана көндүмдөрдү бышыктоого жана ишканалардын базасында иштөө тажрыйбасына ээ болууга багытталган окутуу түшүнүлөт.

АӨБдүн “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорун ишке ашыруу бөлүмүнүн компетентүүлүк негизинде окутуу боюнча координатору Айжаркын Осмонованын айтымы боюнча азыркы учурда кесиптик билим берүү системасынын бүтүрүүчүлөрүнүн квалификациялары иш берүүчүлөрдүн кесиптик талаптарына ылайык келбейт.

“Азыркы абалда колледждердин жана кесиптик лицейлердин бүтүрүүчүлөрү жетиштүү кесиптик квалификацияга жана практикалык ишмердүүлүк тажрыйбасына ээ болбогондугунан улам, эмгек рыногундагы кыйынчылыктарга дуушар болууда. Бүтүрүүчүлөрдүн көбү жумуш ордунда дароо кайра окуп, керектүү көндүмдөргө ээ болууга мажбур болууда”, – деп билдирди ал.

Талкуулоо учурунда жумуш ордунда окутуу студенттерге чеберчилигин, кесиптик билимдерди жана көндүмдөрдү өнүктүрүү, алгачкы тажрыйба алуу мүмкүнчүлүгүн берип, алардын эмгек рыногуна чыгуусун жеңилдетет деп белгиленди. Колледждер жана кесиптик лицейлер өз кезегинде билим берүү программаларынын сапатын жогорулатат, окутуучу курамды өнүктүрөт, бизнес менен кызматташууну жакшыртат деп күтүлүүдө.

Иш берүүчүлөр аталган концепциядан квалификациялуу жумушчу күчтү сунуштоо, көндүмдөрдөгү кемчиликтерди жоюу, эмгектин өндүрүмдүүлүгүн жана жемиштүүлүгүн жогорулатуу боюнча оң таасирди күтүүдө.

Кыргызстанда жумуш ордунда окутууну ишке киргизүү боюнча жүргүзүлүүчү ишмердүүлүк коомду жаштардын жумуштуулугуна натыйжалуу салымды кошкон, эмгек рыногунун керектөөлөрүнө жооп берген квалификациялуу жумушчу күч менен камсыздоо мүмкүнчүлүгүн берет деп белгиленди.

Бөлүшүү

Комментарийлер