КЕСИПТИ ТУУРА ТАНДОО — КЕЛЕЧЕККЕ ИЙГИЛИКТҮҮ КАДАМ

  • 16.02.2024
  • 0

 

КЕСИПТИ ТУУРА ТАНДОО - КЕЛЕЧЕККЕ ИЙГИЛИКТҮҮ КАДАМ

Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык илимий-методикалык борбору кесиптик башталгыч окуу жайларынын окуучулары арасында өткөргөн “Кесипти туура тандоо-келечекке ийгиликтүү кадам” деген темадагы конкурска 61 окуучу катышты. 2023-жылдын 25-26-декабрында 1-этаптын жыйынтыгы чыгарылды. Комиссия эң мыкты 12 окуучунун ишин тандап алды. Сынактын экинчи этабы жобонун талабына ылайык, 2024-жылдын февраль-апрель айларында өткөрүлөт. Биринчи этапта жакшы деп бааланган эсселердин айрымдарын  гезитибизге жарыялайбыз.

 

МАШИНА ЧЫГАРУУЧУ ЗАВОД АЧСАМ ДЕЙМ

 Кесип тандоо бул ар бир эле адамдын жашоосундагы эң маанилүү кадам.

Албетте, кесип тандоодо мугалимдерден, агай-эжелерден жана ата-энеден кеңеш суроо керек деп ойлойм. Бирок акыркы чечимди мен өзүм гана кабыл алышым керек. Себеби келечекте өзүмдү жана үй-бүлөмдү мен гана бага алам. өз кесибин сүйгөн адам гана бактылуу боло алат жана көптөгөн ийгиликтерди жаратат. Мен мектепти бүткөнчө көп ойлондум. Жакындарымдын каалоосу боюнча Бишкек шаарына да бардым. Жогорку окуу жайга тилекке каршы өтпөй калдым. Анан өзүмдүн жашаган жериме кайтып келип, Сүлүктү шаарындагы №73 Кесиптик лицейге «Автотранспорт каражаттарын оңдоо боюнча слесарь, Электр ширетүүчү» адистигине тапшырдым. Бирок бул окуу жайга тапшырганымда ар кимден ар кандай сөздөрдү уктум. Мисалы: -Ал жерде окууга өтпөй калган ийгиликсиздер окуйт, эмне үчүн ал жакка тапшырдың?- деген сөздөрдү да уктум. Башында чынын айтсам сабакка келгим келбей, уялып да жүрдүм. Себеби бул кесиптерге (ширетүүчү, сантехник, куруучуларга ж.б.) адамдар терс көз караш менен карашат. Анткени ал кесипте иштегендер кыйналып иштеп, чыдап жүрүп, пенсияга чыгат деп ойлойт. Мен окууга келип баштаганымда бул пикирлер таптакыр туура эмес экенин билдим. Азыркы замандын талабына жараша ширетүүчүлөр, сантехник, автоунаа оңдоочу адистер көп акча табат экен. Биздин окуу жайда төрт күн кадимкидей сабактар өтүлсө, эки күн өндүрүштүк окуу болот. өндүрүштүк окууда окуу жайыбыздын СТОсуна барып, практика жүзүндө автоунааларды оңдогонду үйрөнөбүз. Ошол күндөрү убакыт кантип өткөнүн билбей да калабыз. Менин оюм боюнча ийгиликтүүлөрдүн көпчүлүгү өз пайдубалын кесиптик лицейлерден бекемдешет. Андан соң өз ишинин мыктысы болуп, чет өлкөлөрдө да эмгектенип жүрүшөт. Ушул эле окуу жайда окуп, көптөгөн ага-эжелерибиз Бишкек шаарында кийим тигүүчү цехтерди ачып эмгектенип жүрүшөт.

Ар бир кесиптин өзүнөɵ жараша кыйынчылыктары бар эмеспи. Мен тандаган кесип дагы оңой эмес. Мен бул кесип менен чектелип калбайм. Келечекте билимимди жогорулатып, чет өлкөлөрдө окуу ниетим бар. Кыргызстанды алдыга сүйрөй турган биз жаштарбыз. Мен жакшы окуп, билим алып Кыргызстанда машина чыгаруучу завод ачууну каалайм.

Мекениме пайдалуу жумуштарды жасасам, кесибимди туура эмес тандабаганымдын далили болот.

Азамат Камчиев, Сүлүктү шаары №73 кесиптик лицейи, 10 айлык курс, 8-тайпа

ОКУУМДУ БҮТСӨМ АЙЫЛДА КАЛАМ

Азыркы биз жашап жаткан XXI кылымда кесиптин көптөгөн түрлөрү бар. Мен мына ушул кесиптердин ичинен автоунаа оңдоочу жана тейлөөчү кесибин тандап алдым. Тандап алган кесибиме ылайык азыркы мезгилде Чаткал районундагы №46 кесиптик лицейинде автоунаа оңдоочу жана тейлөөчү адистигинин 1-курсунда билим алып жатам. Келечекте ушул окуу жайды аяктап, билимимди жогорулатсам деген ойдомун. Жогорку окуу жайын бүткөндөн кийин өз жеримде, айылда эле иштесем болот. Себеби биздин Чаткал районунда казуу жумуштарын жүргүзгөн чет элдик фирмалар көп. Ошол фирмаларда жогорку билимдүү, техниканы жакшы билген инженер-механиктер жетишпейт.

Бул кесиптегилер райондо жок болгондуктан, башка облустардан келип иштеп жатышат. Өзүм окуп бүткөн окуу жайда да жаш адистер жетишпейт. Ошондуктан мен терең ойлонуп, ушул кесипти аркалоону туура көрдүм.

Кен казуу менен иштеген чет элдик фирмаларда айлык акы жогору, шарттары жакшы. Анын үстүнө биздин райондун эли да мал чарбачылыгы менен аракеттенишет. Ошондуктан айылда техника менен иштегендер чоң ролду ойнойт. Биздин райондо техниканын абалын үнүнөн же чыгарган добушунан билген инженер-механиктер ар бир айылда көп. Мисалы: Алым Баймырзаев, Нурлан Эгембердиев, Турдукул Алимбеков, Самат Орозбаев сыяктуу агаларымдай техниканы мыкты билген, элимдин керегине жараган, өз кесибин мыкты билген инженер-механик адиси болууга болгон күчүм менен аракет жасайм. Мен үчүн бул кесип күнүмдүк жашоодо да өтө керектүү кесип деп эсептейм. “Айылда жашасаң техниканы башкара бил” – деген сөз бар эмеспи элибизде.

Максатташ Акжолов, Чаткал районундагы №46 кесиптик лицейде автоунаа каражаттарын оңдоочу слесарь адистиги

 

АЙДООЧУ БОЛОМ

Өз кесибин туура эмес тандаган адамдар турмуштагы ордун табууда жана кесиптик өсүүдө да кыйналышат. Азыркы учурда кесиптин түрлөрү көп. Кесипти чоң, кичине, жакшы, жаман деп бөлүүгө мүмкүн эмес, кесипке үйрөтүүчүлөрдү дагы алгачкы, баштапкы, негизги, орто, жогорку деп бөлүү жарабайт. Өзү сүйгөн кесибинин устаты, чыныгы ээси болуп чыгуу үчүн кесип тандоодон баштап, өнөргө үйрөнүү жана үзүрлүү талыкпаган эмгек гана адамды ийгиликке жеткирет. Максат кесипти туура тандоодон мурда ошол кесипти аркалап кетүүдөн ийгиликке жетүү, муктаждыктарын чече билүүсүндө турат. Көп иштеп аз акча тапкыча, аз иштеп көп акча тапкан жумуштар бар. Бирок аны өздөштүрүп кетүү колдон келеби деп ойлоном.Чоң кызматкер болом дебей дыйканчылыктан мал чарбасынан баар таап жашагандар арбын. Биз айыл жергесинде тоолуу өлкөдө жашайбыз, андыктан бизде эл мал чарбачылыгы жана дыйканчылык менен алектенет.

А бирок мен өзүмдүн оюмча туура кесип тандадым. Азыр мен 46-кесиптик лицейде окуйм. Бул кесипти окуп бүтүп, элдин кызматына жараган чоң айдоочу болгум келет. Кесибимди андан ары улантып азыркы учурдун талабына ылайык айтишник же туризм окуусуна тапшырсам дегенде эки көзүм төрт. Мен бул кесипти тандаганымдын себеби: жигитке жетимиш өнөр аздык кылат демекчи бул кесиптер да мага аздык кылат. Анткени мага үлгү болгон адам азыркы учурда чет мамлекетте, Америкада жашайт. Ал өзү Баткен облусунан болот. Мага окшоп шаар кыдырып, эл көрүп, жер көрүп, ошону менен эле тим болбостон, кесибинин үзүрүн көрүп жатат. Америкадан иштеп үй алып, жер алып, ошол жерди иштетип пайда табат. Кыргыздын улуттук тамак-аштарын жасап сатат, бээ саап кымыз кылат.Тоок жана кой фермасы бар, ал талыкпай эмгектенип, эмгегинен баар тапкан адам. Ар кандай программалар менен иштеп өзүнүн кесибин да сүйө билет. Ушунун баары талыкпай эмгектенгендин натыйжасы. Мен да ушул эжедей эмгектенип, келечекте мыкты инсан болом.

Бекболсун Абасбеков, Чаткал районундагы №46 кесиптик лицей, автоунаа каражаттарын оңдоочу слесарь адистиги

 

ШВЕЯ — ПРОФЕССИЯ НА ВСЕ ВРЕМЕНА

Каждый человек в своей жизни мечтает о том, какую же профессию ему выбрать. Я тоже с детства мечтала стать дизайнером. Это профессия самая лучшая, нужная и, кажется, всем по душе. Поэтому я выбрала профессию швеи. Эта профессия приносит людям радость, дает возможность в полной мере проявить свою фантазию и воображение.

В настоящее время в нашей стране очень большой спрос на швей.

В нашей столице действуют много фабрик и всегда можно найти работу швеи. А в России, как пишут и говорят в интернете, на каждом шагу висят объявления, в которых говорится о том, что требуются швеи.

Работа швеи приносит хороший финансовый доход, а чтобы хорошо зарабатывать нужны хорошие знания, высокая квалификация. Чтобы овладеть знаниями и повысить квалификацию нужно пройти курсы после окончания лицея. Это необходимо, потому что сегодня в производство поступают современные швейные машины с компьютерными программами, и надо научится работать с ними.

Моя сестра окончила Ошский технологический университет и там же работает преподавателем. Мне нравится ее профессия, я тоже хочу быть как она. Она хорошо шьет, ее изделия ценятся, у нее много заказов. Моя сестра не только шьет нарядные, модные костюмы, но и пальто.

Пять лет назад сестра работала в России на швейной фабрике, она шила нарядные костюмы спортсменам по фигурному катанию. Эти платья были с цветочками и очень аккуратно сшиты, я была удивлена мастерством ее работы. По телефону она отправляла фотографии этих платьев, которые меня заинтересовали и с этого времени я определилась с выбором профессии.

Я хочу приносить радость людям, быть полезной и хочу дать себе слово, что буду такой знаменитой, известной как Мария Лопес в бразильском сериале.

Еще я мечтаю быть полезной обществу, соседям, родным и близким. Хочу, чтобы у меня было много заказов, чтобы клиенты искали и стояли в очереди ко мне.

Профессия швеи очень тяжелая работа, требует много сил и самоотверженности. Несмотря на это, я выбрала эту профессию, и, если Бог мне поможет, я добьюсь своей цели.

Эта профессия не исчезнет с развитием науки и технологий, так как пока есть люди, молодежь, будет жива и мода! Ведь красиво жить не запретишь.

В завершение хочу сказать: «Я буду служить людям, буду приносить радость всем!»

Севгуль Беширова, лицеистка Караванского профессионального лицея №8 имени Н. Мусаева

Бөлүшүү

Комментарийлер