КЕСИПКӨЙЛӨР ФОРУМУНА

  • 22.03.2023
  • 0

Кыргыз Республикасынын мугалимдерин, кесиптик чеберчиликти сынаган конкурс жеӊүүчүлөрүн “Жылдыздарга жол” эл аралык онлайн-конференцияга катышып, баяндама жасоого чакырабыз. Бул форум быйыл 20-майда Москва убактысы боюнча саат 10.00дө болот.

КЕСИПКӨЙЛӨР ФОРУМУНА

Бул үчүн төмөнкү шилтемеден катталып, өздүк маалыматыӊызды (аты-жөнүӊүздү, мессенжериӊизди, эл. почтаӊызды) көрсөтүӊүз — https://teacherofrussia.com/registraciya

 

Кийинчерээк кошумча кабар бергенибизде, сөзсүз түрдө кошулуп көрөсүз. Сыноо иретинде кошулганда чыгып сүйлөөчүлөр өздөрүнүн оллайн-бет ачарын жасап, текшерип көрө алат. Чыгып сүйлөөгө жана бет ачар жасоо үчүн 20 мүнөткө чейин убакыт берилет. Ким кайсы убакта чыгып сүйлөй тургандыгы жадыбалда алдын ала белгиленет.

 

Чыгып сүйлөө үчүн милдеттүү түрдө катталуу зарыл! Чыгып сүйлөөчүлөр 25-апрелге чейин катталса болот.

Сиздер менен көрүшсөк, абдан кубанабыз!

 

Бүткүл Россиялык «Жыл мугалими» уюму

Сүрөт булагы: http://tagsch21.ru/%D0%B4%D0%B5%D0%BD%D1%8C-%D1%83%D1%87%D0%B8%D1%82%D0%B5%D0%BB%D1%8F/

Бөлүшүү

Комментарийлер