КЕСИПКӨЙ, ИЗДЕМЧИЛ МУГАЛИМ

  • 19.12.2020
  • 0

Кара-Көл шаарына караштуу Кетмен-Төбө айылындагы Хуриев атындагы №5 жалпы билим берүүчү мектебинде «Биология сабагынын окутууда практикалык билимдерди жана көндүмдөрдү калыптандыруу» аттуу шаардык семинар болуп өттү.

КЕСИПКӨЙ, ИЗДЕМЧИЛ МУГАЛИМ

Улуу педагог В. А. Сухомлинский «Мугалим жакшы сабакка өмүр бою даярданат» дегендей, даярдыксыз, жакшы сабак өтүү мүмкүн эмес. Анткени сабакка даярдануу жана план жазуу — ар бир мугалимдин милдети. Сабактын максатын жана милдетин туура пландаштырып, ага керектүү техникалык каражаттарды, көрсөтмө куралдарды, дидактикалык материалдарды алдын-ала даярдап алсак, анда сабак жеткиликтүү болуп, сезимге сергектик нурун чачып, окуучуну шыктандырып, логикалык ойлоосун өстүрүп, чыгармачылык шыгын арттырат эмеспи.

КЕСИПКӨЙ, ИЗДЕМЧИЛ МУГАЛИМ

Мына ушундай жакшы сабакты бул күнкү семинарда Хуриев атындагы №5 орто мектептин химия, биология мугалими Жакшыбаева Салкынбү өз кесиптештерине тартуу кылды. Өз предметин кызыгуу менен аркалап, жандуу жаратылыштын жөнөкөй, адамга байкалбас сырларын балдарга таанытып, алардын келечектеги кесип тандоосуна да жол көрсөтүп келген чыгаан педагог өзүн бүгүнкү семинарда кесипкөй, издемчил мугалим катары тааныта алды.

КЕСИПКӨЙ, ИЗДЕМЧИЛ МУГАЛИМ

Семинардын катышуучулары Салкынбү эжейдин жогорку сабак өтүү чеберчилигин, практикалык иштеринин майнаптуу жыйынтыгын белгилешти. Чындыгында, педагогдун билими канчалык терең болсо, анын өткөн сабагы так жана маңыздуу болот. Мугалимдин бүгүнкү «Гүлдүү өсүмдүктөрдүн уруктанышы, мөмөнүн пайда болушу» деген темадагы сабагы мында келгендерди кайдыгер калтырбай, ар бир педагогду шыктандырып, чыгармачылык сыр сандыгына бир нече асыл ойлорду бере алды.

КЕСИПКӨЙ, ИЗДЕМЧИЛ МУГАЛИМ

Семинардын катышуучулары алгач мугалимдин педагогикалык ишмердүүлүгүнө саякат жасашып, мектептин фойесиндеги иш- тажрыйбасынын жарманкеси менен таанышты. Анан ачык сабагына катышып, мугалимдин педогогикалык чеберчилигине күбө болушту.

КЕСИПКӨЙ, ИЗДЕМЧИЛ МУГАЛИМ

Андан кийин семинардын катышуучулары «Мөмө-жемиш багынын окуу процессиндеги жана тамактануудагы мааниси» деген темадагы мугалимдин класстан тышкаркы предметтик кечесине байкоо салышты.

Айта кетсек, мектептин 35 сотка жерде Мерсиконун жардамы менен тигилген алма, өрүк багы бар. Биология мугалими С. Жакшыбаева мөмө-жемиш багын кантип өстүрүү керектигин, бак кыйыштыруу жана организмге керектүү витаминдер кайсы азык-түлүктөрдө көбүрөөк кездешерин айтып да, көргөзмөлүү көрсөтүп да, даамдатып да, окуучулары менен бирдикте демонстрациялап да берди.

А. Алибеков, «Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер