КЕСИБИНЕН ЫРАХАТТАНГАН АГАЙ

  • 14.04.2023
  • 0

КЕСИБИНЕН ЫРАХАТТАНГАН АГАЙ

Азыркы заман мугалимден медиа жана санарип  сабаттуулукту талап кылууда.  Бишкек шаарындагы №94 орто мектебинде эки жарым жылдан бери тарых мугалими болуп эмгектенип келе жаткан Курманбек Айдаров заман агымынан артта калбай, билимин өркүндөтүп келе жаткан жаш мугалимдердин бири.

26 жаштагы Курманбек И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетинин бүтүрүүчүсү. Учурда Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде магистратурада окуйт.

— Негизи адам менен иштөө, ага туура тарбия берүү чоң жана түйшүктүү жумуш. Класста кырк окуучу болсо, баарына бирдей көңүл бөлүү, тарбиялоо жоопкерчиликтүүлүктү да талап кылат.  Окуучу эки себептен предметти жакшы окуйт деп ойлойм. Биринчиси, предметке кызыкса, экинчиси, ошол предметтен сабак берген мугалимди жакшы көрсө. Менимче, мугалимди жакшы көргөн окуучу предметке кызыккан окуучуга караганда көп болушу керек. Мен окуучуларыма гумандуу мамиле жасаганга, жүрөгүн ээлегенге аракеттенем. Окуучу менен тил табышканда сабак да эффективдүү болот. 6-11-класстын балдарына  сабак өткөндүктөн, бул курактагы балдардын психологиясын да үйрөнгөнгө аракет кылам, бул өтө маанилүү, — дейт Курманбек.

КЕСИБИНЕН ЫРАХАТТАНГАН АГАЙ

МЕКТЕПКЕ БОЛГОН СҮЙҮҮ КАЙРА КАЙТАРЫП КЕЛГЕН

Балдар менен иштөөдөн ырахат алган мугалим университетте окуп жүргөндө кесибин анчейин жактырган эмес. Качан гана мектепке практикага барып баштаганда окуучу менен иштөө жагып, мугалимдик кесипке болгон сүйүүсү ойгоно баштаган. Төртүнчү курсунда мектептеги ийримге жетекчи болуп, айына 2500 сомго да иштеген. Тилекке каршы, университетти аяктагандан кийин эмгек акынын аздыгынан жумушун таштап, бир жарым жылдай жеке иштер менен алек болуп, кайрадан мектепке кайтты.

— Чындыгында, башында кыска ойлуулук кылыптырмын. Ал жумуштан күнүнө үч миң сомго чейин тапчумун. Бирок адам канча акча тапса, ошончо көп чыгым болот экен. Канча акча тапсам дагы берекесин көргөн жокмун. Байып деле кетпедим. Жан дүйнөм сүйгөн кесип болбогондуктан, ырахаттанып иштей албай койдум. Бир нерсе жетпегендей эле сезилип туруп алды. Ошентип, акчасына да кайыл болуп, мектепке кайттым. Көрсө, менин ордум мектепте экен, — дейт жаш мугалим.

СЫНАКТАР ОКУУЧУЛАРДЫ ТАКШАЛТАТ

Курманбек  окуучулары менен дайыма маданий иш-чараларга, акыл таймаштарга катышып турат. Ал бул ыкма окуучулары менен болгон мамилени чыңдоого, жакындан таанышып, ар биринин ички сезимин билүүгө, талантын ачууга жана инсан катары калыптандырууга чоң өбөлгө болот деп эсептейт. Окуучулары башка таланттуу балдарды көрсө, аларга таасирленип, шыктанат, бир эле мектептин ичинде жүрө берсе тажап, толук ачыла албай калуусу ыктымал деген пикирде. Көп учурда олжолуу кайтып, диплом, грамота жана башка баалуу белектер менен сыйланат.

— Адатта, көпчүлүк мугалимдер сынакка жалаң гана алдыңкы окуучуларды алып барат. А мен окуусун өздөштүрө албай жаткан окуучуларды көп тартам. Маданий иш-чараларга катышса, жөндөмү артып, өзүнө болгон ишеним жогорулаганын байкайм. Ар дайым «3» деген баа алып жүргөн бала үйүнө ыраазычылык баракча же грамота менен барса, ата-энеси да сыймыктанат. Айрым ата-энелер начар окуган баласын жемелейт, жаман фразаларды колдонуп кемсинтет. Иш-чарадан жеңүүчү аталып барса, жакындарынын ага болгон мамилеси өзгөрүп, аны колдой баштайт, — дейт каарманыбыз.

Жаш мугалим сабак өтүү менен гана чектелбестен, өтүлгөн темасын бышыктоо максатында окуучулар менен тарыхый жерлерге саякаттоону да жакшы жолго коюп алган. Ал дайыма окуучуларга улуттун маданиятын, каада-салт, үрп-адаттарды тааныштырганга ашыгат.

КЕСИБИНЕН ЫРАХАТТАНГАН АГАЙ

САБАТТУУ БОЛУУГА УМТУЛАТ

Медиа-сабак долбооруна да катышып, мектептин медиа бурчун түзгөн. Анда социалдык тармактарга мектептин баракчаларын ачып, бардык иш-чаралар, кызыктуу рубрика, окуучулардын ийгиликтери жана башкалар тууралуу маалыматтар менен бөлүшөт. Командасы оператор, алып баруучу, дизайнер, сценарист болуп беш окуучудан турат. Медиа бурчка мурдагы билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов менен биргеликте «Министрдин бир күнү» аталышындагы репортаж даярдаган.

Курманбек Айдаров жумушунан сырткары өзүн өнүктүрүү үчүн ар кандай тренинг, мастер-класстарга катышып, окууларга барып турат. Анын оюнда, мугалим күн сайын окуп, билимин тереңдетип, жүрүм-турумунан тартып, кийген кийимине чейин окуучуларга үлгү болуп турушу кажет. Өзү ар дайым калпагын башынан түшүрбөйт, комуз ийримине да барат. Учурда магистратурада окугандыктан, кээде эки жүктү бирдей алып кетүү кыйынчылык туудурарын айтат.

— Күн сайын түшкө чейин окууда болом. Сабагым түштөн кийин башталат. Мектептен кечки саат тогузда чыгам. Бул менин күнүмдүк графигим.  Чындыгында, окуумдагы тапшырмаларды аткаруу, сабагыма даярдануу, кагаз иштерин убагында аткаруу түйшүктүү эле жумуш. Бирок кесиптеш эжей-агайларым жардамын аябайт. Өзүм дагы жаш, энергиялуу кезимде баарына жетишип калышым керек деп болгон күчүмдү жумшап келем, — дейт активист мугалим.

УБАКЫТТЫ ТУУРА ПАЙДАЛАНГАНДЫ ЖАКТЫРАТ

Жаштар арасында гаджет көйгөй болуп,  коомчулуктун тынчын алып жатса, Курманбек Айдаров тескерисинче, аны колдойт. Себеби сабак өтүүдө жаңы технологияларды, ыкмаларды колдонуу – замандын талабы деп эсептейт. Эски ыкма балдардын сабакка болгон кызыгуусун жоготот. Чөнтөк телефондун жардамы менен түрдүү тиркемелерди колдонуп, интернет булактарындагы маалыматтарды колдонуу балдардын сабакка болгон кызыгуусун арттырат.

— Биз өнүккөн технология заманында жашайбыз, кааласак, каалабасак дагы телефон пайдаланабыз. Өзүмдүн классымдын ата-энелери да чогулуш учурунда «балдарыбыз телефонго алаксыйт» деген сыяктуу ойлорун айтышкан. Ошондо балдарды телефондон арылтуу үчүн ийрим же курстарга жаздырып коюуну, такыр бош таштабоону сунуштагам. Телефонду колунан алып койсок эле окуучу укмуш окуп кетет дегенге кепилдик жок. Жөндөм, кызыгуусуна жараша убактысын туура бөлүштүрсөк гана телефон маселесин чече алабыз. Азыр телефон ушундай көйгөйдү жаратып жатса, 5-10 жылда кадыресе көрүнүшкө айланат. Ошондуктан балдарга телефонду туура пайдаланууну үйрөтүшүбүз керек. Мисалы, мен окуучуларыма бул тууралуу түшүндүргөм, азыр танапис учурунда гана карап коюшат, — дейт.

Айгерим Токтобаева,  “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер