«КЕЛЕЧЕК МЕЗГИЛДИН КЕМИБЕС РОМАНЫ»: АРСЛАН КАПАЙ УУЛУНУН СОҢКУ ЧЫГАРМАСЫНА ПИКИР

  • 12.06.2020
  • 0

АРСЛАН КОЙЧИЕВ МЫРЗА, МЫКТЫ РОМАН ЖАЗЫПСЫҢ

Ап-бали-и, Арслан Койчиев (Arslan Koichiev) мырза! 21-кылымдын жыгылбас, келечек мезгилдин кемибес романын жазыпсың! Окудум “Бакшы менен Чынгыс хан” романыңды. Окуп чыгышымды астейдил сурандың эле Лондондо. Ал тургай каттарыңда шаштырдың эле. Бир жыл кечиктирсем да, акыры окуп бүтүп – өзүңдү алкап олтурам, калемдешим. Бир жолу фейсбукта менин ырларыма кө-өп окурмандар жабалактап пикир жазган экен, арасында сен да жүрөсүң – ырды кандай талап окушат, романды эч ким карабайт турбайбы, атаңгөрү-ү деп. Мага кыйытып атканыңды түшүндүм. Мен да кагазга көмүлгөн адаммын го. Эмне үчүн окуй албай жүргөнүмдү айтып берсем, мага дагы эки жыл кошуп берет элең.

Мурун-соңгу сенин көркөм чыгармаңды окуган эмесмин. Баштаганда эле романдан баштасаң анан… Бирин-бири окубаган жазуучулар кыргызда кырман. Окумуштуулугуңдан, тарыхчылыгыңдан түзүк эле кабарым бар. Сенин романыңды окуймун деген сайын тилиңден чочулаганымды айтпа. Илимпоздун тили көркөм адабиятка көп келе бербейт. Ал тургай журналистикада өгөйлөнүп-билинип турат. Бейшенбай Усубалиевге илимпоз болуп туруп ушундай ийги, көркөм тили бар деп таңдана берем. Эми сага таң калуудамын! Илимпоз экениңди эске алып, романыңдын баштан аягына “Жигули-тил” менен деле кете бермекмин, сен “Мерседес-тил” менен алып кеттиң жымылдатып. Ал турсун тилиң керек жерде кудум куштай оболоп-сабалап, керек кезде куюндай буралып-толгонуп, керек кезде жашаң чөптөй жайкалып-жайылып турат экен дейсиң!.. Томас Элиот жөн жерден мурдагы мыкты делген эле чыгармаларын тилим начар экен аларды жазган кезимде деп кийин чанбаса керек. Баса, кыргыз тилинин эрежелеринен кыйгап өткөн жерлериңе да жүрө-жүрө ынанып калдым. Мисалы, “болчусунда”, “келчүсүндө”, “жатчусунда” дегендериңе. Моголдун дагы, казактын дагы, өзбектин дагы сөздөрүн колдонупсуң – ыктуу колдонупсуң. Кыргыз тилинин лексикону болсо жетишерлик бай экен, майлуу, көөнө, көрктүү сөздөр мол экен. Солженицин Бродскийдин ырларын астейдил окугандан кийин бир нерсеге нааразы болгон – эч ким колдонбогон, сага таандык дей турган бир да орустун сөзүн таба албадым деп. Сенин романыңды Солженицын окуса дагы куп гана ыраазы болмок!

Тил го – тил. Жазуучулук ой сүрүмүң, акыл чабытың, фантазияң да арыштуу, эркин, стандарттан тыш. Мистика чыгармага мизилдете жалгаштырылган, сиңирилген. Романыңдын лейтмотивине жандооч кылып Чынгыс хандын арбагын колдонгонуң – жазуучулук табылгаң деп айтаар элем! Айта турган оюңдун баарын так, таасын бергенге жол ачкыч болуптур. Андан эч кандай саясий ката табууга да мүмкүн эмес – анткени арбак. Чынгыс ханды кыргынбаш, каничкич, жырткыч, башкесер, тиги-бу деп азыр чаап алчудай чамынгандар уяла түшчүдөй – кокуй, мен компартиянын эле өзү турбаймынбы деп… Анткени, Чынгыс хан арбагынын алдында компартия ишмердүүлүгү ушунчалык сарказм менен берилиптир… Чыдаш мүмкүн эмес… Романдагы окуялар Чынгыс хан доорунан баштап 20-кылымдын соңуна чейинки мезгилди, Чынгыс хан жортуул салган уч-түпсүз мейкиндикти камтыса да – букта чагылдырылган, мерчемдерге сыйдырылган. Этек-жеңи чубалгандай ашык нерсе жок. Параллелдүүлүк, кайманалуулук, салыштыруучулук күч. Романдын ичинде моголдун турмушу, казактын турмушу, өзбектин турмушу, орустун турмушу, татардын турмушу ж.б. чагылдырылып жатса да – ал кыргызга кыргыздын турмушу, түркмөнгө түркмөндүн турмушу, башкырга башкырдын турмушу ж.б. сыяктуу кабылданат. Эгер ушинтип айтууга мүмкүн болсо, эл аралык стандарт бийиктигине жеткиргенсиң. Романдын келечек-болочогу үчүн ушул жагдай жеңишке жол ачпай бойбойт, буюрса. Бул сенин алдыңа койгон жазуучулук атайын максат-мүдөөң болсо керек. Ошол мүдөөң үдөөсүнө жетиши менен колуңду кош колдоп кысам, калемдешим! Ырасында Бактыгерей Избасаров, Николай Аблеухов, Хамид Хайруллаев, Рахим Абдуллаев бардык улуттарда бар эмеспи. Өгөдөй, Сайчы уул өрнөктүк-сабагы, Өзбек хан, Теңиз Бука жырткычтык-мисалы өтмүштө көп улуттарга орток.

Тил чеберчилигиңдин, ой чеберчилигиңдин катарында, атайын бөлүп, окуяны сүрөттөө чеберчилигиңди дагы баса белгилегим келет. Согушту согуштай, кыргынды кыргындай, кыйынчылыкты кыйынчылыктай, эзүүнү эзүүдөй, сүйүүнү сүйүүдөй, рух дүйнө улуулугун рух дүйнө улуулугундай , саясий кампанияны саясий кампаниядай, партжыйынды партжыйындай, базарды базардай, сулуулукту сулуулуктай, жаратылышты жаратылыштай сөз-фильмге сөөлөтүнөн ажыратпастан салганың суктантты! Ал эми кадимки фильмде айрым нерселер мындай так көрсөтүлө бербесе керек эле… Өтмөлүк-кечмелик ыкмаларың (переходдоруң дегеним) да ынантты. Изденүү ийгиликтериң ошолорго чейин “шимшилеп” жетиптир. Бир жаман жери, бул романга окурман даярдоо маселеси бар… Бул олуттуу маселе!
Ал эми көп эле моголдордун аттары кыпкыргызча болуп жүрөт – бул жагы сенин окумуштуулук-тарыхчылык абийриңде. Анын үстүнө могол-кыргыз этносу, могол-кыргыз уруучулугу бир сызыкта каралган илимий версия да бар эмеспи, сен анын жактоочусусуң…

Мени ынандырбаган бир гана нерсе – романдын аты болду. “Бакшы менен Чынгыс хан”. Оболу “бакшы” аталат. Андан барып “Чынгыс хан”. Демек, аты – чыгарманын идеясына да, лейтмотивине да, тулку-маанисине да, логикасына да бап түшө бербейт, менимче. Дагы бир нерсе, чыгарма кайсы бир өлчөмдө тарыхка жандатылып жазылгандан кийин – роман Токтомуш баланын (келечектеги Токтомуш хандын) кызыктуу, сырдуу кыймыл-аракети же сөзү менен бүтсө бар-рбы…

Азыркы замандын көрүнүктүү жазуучуларынын бири Арслан Капай уулу Койчиевдин «Бакшы менен Чыңгыс-хан» романы жөнүндө Кыргызстандын эл акыны Кожогелди Кулуев жакшы пикир жазып жарыялады. Ошол пикирди айрым кыскартуулар менен «Кут Билимдин» окурмандарына сунабыз."КЕЛЕЧЕК МЕЗГИЛДИН КЕМИБЕС РОМАНЫ": АРСЛАН КАПАЙ УУЛУНУН СОҢКУ ЧЫГАРМАСЫНА ПИКИР

«Ап-бали-и, Арслан Койчиев мырза! 21-кылымдын жыгылбас, келечек мезгилдин кемибес романын жазыпсың! Окудум “Бакшы менен Чынгыс хан” романыңды. 

Мурун-соңгу сенин көркөм чыгармаңды окуган эмесмин. Баштаганда эле романдан баштасаң анан… Бирин-бири окубаган жазуучулар кыргызда кырман. Окумуштуулугуңдан, тарыхчылыгыңдан түзүк эле кабарым бар. Сенин романыңды окуймун деген сайын тилиңден чочулаганымды айтпа. Илимпоздун тили көркөм адабиятка көп келе бербейт. Ал тургай журналистикада өгөйлөнүп-билинип турат. Бейшенбай Усубалиевге илимпоз болуп туруп ушундай ийги, көркөм тили бар деп таңдана берем. Эми сага таң калуудамын! Илимпоз экениңди эске алып, романыңдын баштан аягына “Жигули-тил” менен деле кете бермекмин, сен “Мерседес-тил” менен алып кеттиң жымылдатып. Ал турсун тилиң керек жерде кудум куштай оболоп-сабалап, керек кезде куюндай буралып-толгонуп, керек кезде жашаң чөптөй жайкалып-жайылып турат экен дейсиң!.. Томас Элиот жөн жерден мурдагы мыкты делген эле чыгармаларын тилим начар экен аларды жазган кезимде деп кийин чанбаса керек. Баса, кыргыз тилинин эрежелеринен кыйгап өткөн жерлериңе да жүрө-жүрө ынанып калдым. Мисалы, “болчусунда”, “келчүсүндө”, “жатчусунда” дегендериңе. Моголдун дагы, казактын дагы, өзбектин дагы сөздөрүн колдонупсуң – ыктуу колдонупсуң. Кыргыз тилинин лексикону болсо жетишерлик бай экен, майлуу, көөнө, көрктүү сөздөр мол экен. Солженицин Бродскийдин ырларын астейдил окугандан кийин бир нерсеге нааразы болгон – эч ким колдонбогон, сага таандык дей турган бир да орустун сөзүн таба албадым деп. Сенин романыңды Солженицын окуса дагы куп гана ыраазы болмок!

Тил го – тил. Жазуучулук ой сүрүмүң, акыл чабытың, фантазияң да арыштуу, эркин, стандарттан тыш. Мистика чыгармага мизилдете жалгаштырылган, сиңирилген. Романыңдын лейтмотивине жандооч кылып Чынгыс хандын арбагын колдонгонуң – жазуучулук табылгаң деп айтаар элем! Айта турган оюңдун баарын так, таасын бергенге жол ачкыч болуптур. Андан эч кандай саясий ката табууга да мүмкүн эмес – анткени арбак. Чынгыс ханды кыргынбаш, каничкич, жырткыч, башкесер, тиги-бу деп азыр чаап алчудай чамынгандар уяла түшчүдөй – кокуй, мен компартиянын эле өзү турбаймынбы деп… Анткени, Чынгыс хан арбагынын алдында компартия ишмердүүлүгү ушунчалык сарказм менен берилиптир… Чыдаш мүмкүн эмес… Романдагы окуялар Чынгыс хан доорунан баштап 20-кылымдын соңуна чейинки мезгилди, Чынгыс хан жортуул салган уч-түпсүз мейкиндикти камтыса да – букта чагылдырылган, мерчемдерге сыйдырылган. Этек-жеңи чубалгандай ашык нерсе жок. Параллелдүүлүк, кайманалуулук, салыштыруучулук күч. Романдын ичинде моголдун турмушу, казактын турмушу, өзбектин турмушу, орустун турмушу, татардын турмушу ж.б. чагылдырылып жатса да – ал кыргызга кыргыздын турмушу, түркмөнгө түркмөндүн турмушу, башкырга башкырдын турмушу ж.б. сыяктуу кабылданат. Эгер ушинтип айтууга мүмкүн болсо, эл аралык стандарт бийиктигине жеткиргенсиң. Романдын келечек-болочогу үчүн ушул жагдай жеңишке жол ачпай бойбойт, буюрса. Бул сенин алдыңа койгон жазуучулук атайын максат-мүдөөң болсо керек. Ошол мүдөөң үдөөсүнө жетиши менен колуңду кош колдоп кысам, калемдешим! Ырасында Бактыгерей Избасаров, Николай Аблеухов, Хамид Хайруллаев, Рахим Абдуллаев бардык улуттарда бар эмеспи. Өгөдөй, Сайчы уул өрнөктүк-сабагы, Өзбек хан, Теңиз Бука жырткычтык-мисалы өтмүштө көп улуттарга орток.

Тил чеберчилигиңдин, ой чеберчилигиңдин катарында, атайын бөлүп, окуяны сүрөттөө чеберчилигиңди дагы баса белгилегим келет. Согушту согуштай, кыргынды кыргындай, кыйынчылыкты кыйынчылыктай, эзүүнү эзүүдөй, сүйүүнү сүйүүдөй, рух дүйнө улуулугун рух дүйнө улуулугундай , саясий кампанияны саясий кампаниядай, партжыйынды партжыйындай, базарды базардай, сулуулукту сулуулуктай, жаратылышты жаратылыштай сөз-фильмге сөөлөтүнөн ажыратпастан салганың суктантты! Ал эми кадимки фильмде айрым нерселер мындай так көрсөтүлө бербесе керек эле… Өтмөлүк-кечмелик ыкмаларың (переходдоруң дегеним) да ынантты. Изденүү ийгиликтериң ошолорго чейин “шимшилеп” жетиптир. Бир жаман жери, бул романга окурман даярдоо маселеси бар… Бул олуттуу маселе!

Ал эми көп эле моголдордун аттары кыпкыргызча болуп жүрөт – бул жагы сенин окумуштуулук-тарыхчылык абийриңде. Анын үстүнө могол-кыргыз этносу, могол-кыргыз уруучулугу бир сызыкта каралган илимий версия да бар эмеспи, сен анын жактоочусусуң…».

 

Бөлүшүү

Комментарийлер