“КЕЛЕЧЕК ҮЧҮН БИЛИМ БЕРҮҮ” ИРИ ДОЛБООРУ БАШТАЛДЫ

  • 06.05.2021
  • 0

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги “Дүйнөлүк Банктын” каржылык колдоосу менен билим берүү жаатындагы масштабдуу долбоорду баштады.

Долбоор мектепке чейинки билим берүү программасын кеңейтүүгө, билим берүүнүн сапатын, тарбиячылар менен мугалимдердин санариптик көндүмдөрүн, кесиптик квалификациясын жогорулатууга багытталган.

“КЕЛЕЧЕК ҮЧҮН БИЛИМ БЕРҮҮ” ИРИ ДОЛБООРУ БАШТАЛДЫ

“Келечек үчүн билим берүү” долбоору эки багыттан турат: негизги жана ишке ашырууну колдоо багыты. Негизги компонентте мектепке даярдыкты жана мугалимдердин ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, санариптик технологиялар аркылуу окутууну колдоо жана билимди баалоонуу өркүндөтүү багыттары боюнча иш алып барылат.

Мектепке даярдыкты жогорулатуу

2019-жылга карата алынган расмий эсепте Кыргызстандагы 3-5 жаштагы балдардын 26 пайызы гана мектепке чейинки билим берүү программасына тартылган. Абалды жакшыртуу үчүн долбоордун алкагында кыска мөөнөттүү 500 бала бакча ачылат. Алар аркылуу 40 миң баланы эрте өнүктүрүүгө шарт түзүлөт. Жаңыча форматтагы бул мекемелер бала бакча жетишсиз же камтуу төмөн, алыскы, дотацияда болгон жана тоолуу аймактарда, чек ара айылдарында, ошондой эле этникалык азчылык өкүлдөрү жашаган райондордо ачылат.

 Кыска мөөнөттүү бала бакча кандай шартта иштейт?

Мындай бакчада балдар 3 саат гана болушат. Окутуу, тарбия берүү жана өнүктүрүү жагы гана каралган. Балдар тамактанбайт, уктабайт. Долбоордун алкагында жергиликтүү бийлик тарабынан сунушталган ар бир имарат оңдоодон өткөрүлөт; балдар үчүн санитардык-гигиеналык жана башка бардык шарттар түзүлөт; мекеме окутуу, өнүктүрүү куралдары, балдар аянтчалары менен камсыздалат.

“КЕЛЕЧЕК ҮЧҮН БИЛИМ БЕРҮҮ” ИРИ ДОЛБООРУ БАШТАЛДЫ

Бала бакчанын мындай форматы экономикалык жактан пайдалуу жана салттуу бала бакчага караганда чыгымы аз. Казынада каражат тартыш болуп жаткан учурда эң оптималдуу вариант болуп саналат.

Азыркы учурда кыска мөөнөттүү бала бакчаларды уюштуруу үчүн жергиликтүү бийликтен өтүнмөлөрдү кабыл алуу иштери жүрүп жатат. Мекемелердин алгачкылары 2022-жылы пайдаланууга берилет.

Мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу

Долбоордун алкагында бир катар билим берүү тренингдери өткөрүлөт, алардын максаты – балдарды окууга даярдоо аркылуу окутуунун натыйжаларын жакшыртуу, мугалимдердин компетенттүүлүгүн жана сабакта натыйжалуу иштөөгө мүмкүнчүлүк берүүчү педагогикалык чеберчилигин өркүндөтүү. Мугалимдер окуучулардын илгерилөөсүн өлчөй ала турган маалыматтарды чогултуп, окуу процессин туура пландап жөндөп алууга, окутуу жана билим алуу үчүн керектүү ресурстарды жана материалдарды пайдаланууга үйрөнүшөт.

Бардык окутуу программалары учурдагы мугалимдерди даярдоо жана окутуу тутумдарына (баштапкы окутуу жана үзгүлтүксүз билим берүү) киргизилет. Долбоор Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институту жана анын 6 аймактык филиалында эмгектенген инструкторлордун жана ошондой эле колледждердин мугалимдеринин потенциалын жогорулатуу иш-чараларын каржылайт.

“КЕЛЕЧЕК ҮЧҮН БИЛИМ БЕРҮҮ” ИРИ ДОЛБООРУ БАШТАЛДЫ

Бул компоненттин алкагында жалпы 50 миңден ашуун мугалим педагогикалык көндүмдөрүн жана санариптик сабаттуулугун жогорулатуу тренингдеринен өтөт.

Долбоордун жардамы менен ачылчу кыска мөөнөттүү бала бакчалардын 700 тарбиячысы жаңыланган “Балалык” программасы боюнча атайын окутуудан өтөт. Мындан сырткары 2021-2024-жылдар аралыгында башталгыч класстардын 7 миң мугалимин коррекциялык окутуунун техникасы жана ыкмалары боюнча тренингден өткөрүү каралган. Мугалимдер теориялык гана билим албастан, артта калган балдардын окуу көндүмдөрүн өркүндөтүүчү ыкмаларды жана практикалык тажрыйбаларды да үйрөнүшөт.

Математика, башталгыч класс жана табигый илимдер боюнча мугалимдерге тренингдер

Республикадагы башталгыч класстын 7 миң мугалими заманбап инновациялык педагогикалык технология боюнча окутууга катышат. Табигый илимдер дисциплиналарынын (математика, физика, химия, биология) 8 миң мугалими STEM билим берүү системасынын элементтери камтылган тренингден өтөт. Предметтик мазмун мугалимдердин адистешкен багытына шайкеш келтирилет жана аны интеграциялоонун жолдору да сунушталат.

Пандемияга байланыштуу (COVID-19) өлкөдөгү кырдаалды эске алып, мугалимдерди салттуу форматта окутуу менен бирге онлайн окутуу жагы да каралууда. Электрондук форматка которулган окуу-дидактикалык каражаттар башка документтер менен бир базага топтолуп, атайын түзүлгөн электрондук платформага жүктөлөт. Мында мугалимдер онлайн аркылуу автономдук режимде билимин өркүндөтө алышат.

“КЕЛЕЧЕК ҮЧҮН БИЛИМ БЕРҮҮ” ИРИ ДОЛБООРУ БАШТАЛДЫ

Санариптик технологиялар аркылуу окутууну колдоо

Мында санариптик материалдарды колдонуу аркылуу окутуу процессин жакшыртуу каралган. 1200 мектептеги 36 миң мугалимдин санариптик сабаттуулугу жогорулатылат. Ал үчүн тренер жана устат-машыктыруучулар конкурс аркылуу тандалып, даярдыктан өтүшөт. Тренингдер 2022-жылы башталып, эки жылга чейин созулат.

Мындан сырткары долбоор Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институту үчүн ИТ-платформасын (бул мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу үчүн санариптик контент түзүүгө көмөктөшөт) жана 8 педагогикалык колледжде ИТ-класстарын түзөт (бул санариптик жактан сабаттуу педагогдорду эффективдүү даярдоого шарт түзөт).

Долбоор математика, химия, биология, физика предметтери боюнча санариптик контентти иштеп чыгууга, которууга жана адаптациялоого жардам берет. Жогоруда аталган предметтер боюнча учурда кандай санариптик контент бар экени такталып, кайсынысын которуу же адаптациялоо, кайсынысын жаңыдан түзүү керектиги аныкталат. Андан кийин жогорудагы жумуштарды аткаруу үчүн каржылык жана техникалык колдоо көрсөтүлүп, даярдалган санариптик материалдар бардык мектептер үчүн жеткиликтүү болот.

Акырында чакан изилдөө жүргүзүлөт. Ал сунушталган IT платформа менен санариптик контент мугалимдер жетишсиз аймактардагы педагогдорго коюлган талаптардын таасирин баалоого мүмкүндүк берет.

“КЕЛЕЧЕК ҮЧҮН БИЛИМ БЕРҮҮ” ИРИ ДОЛБООРУ БАШТАЛДЫ

Окуу процесиндеги натыйжаларды баалоо системасын өркүндөтүү

Бул подкомпонент буга чейинки долбоорлордун жана программалардын жардамы менен баалоо системасын жакшыртылган аракеттерге негиздейт.

Максаты – окуу процессиндеги натыйжаларды баалоо системасын андан ары өнүктүрүү жана окуучулардын билим алуудагы жетишкендиктерин когнитивдик жана когнитивдик эмес көндүмдөр менен өлчөө үчүн анын потенциалын жогорулатуу. Алдыдагы бул иш-чараларды үч категорияга бөлсө болот:

  • калыптандыруучу баалоо,
  • жыйынтыктоочу баалоо,
  • билим берүү системасын баалоо.

Калыптандыруучу баалоо

 Бул багыттын алкагында долбоор окуу процессин жеке жана класстык деңгээлде жогорулатууга жардам берген критерийлик баалоо инструментин жана методологиясын иштеп чыгат. Анын жардамы менен башталгыч класстардын мугалимдери окуучулардын жетишкендиктерин байкап, баалап, белгилеп турушат. Пилоттук сыноонун натыйжалары боюнча иштелип чыккан критерийлер жана методика такталып, өркүндөтүлөт. Бул инструментти киргизүү үчүн мугалимдерди жана инструктор менен методисттерди даярдоо үчүн тренингдик модулдар даярдалат. Ошондой эле сынактан өткөн программа педагогдорду даярдоо окуу жайларынын программасына жана мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу курстарына кирет. Пилоттук сыноо аяктагандан кийин бардык мектептерге бул куралды ишке ашыруу боюнча расмий көрсөтмөлөр жана эрежелер берилет.

“КЕЛЕЧЕК ҮЧҮН БИЛИМ БЕРҮҮ” ИРИ ДОЛБООРУ БАШТАЛДЫ

Жыйынтыктоочу баалоо

 Бул багыттагы пландалган иш-чараларга ылайык кайрадан иштелип чыккан окуу планына туура келген 4-8-класстар үчүн стандартташтырылган тесттер иштелип чыгат, алар окуучулардын белгилүү бир мезгил ичинде окуу программасынын мазмунун өздөштүрүү деңгээлин аныктоого жана окуу процессин пландаштыруу, түзөтүү жана талдоо үчүн колдонууга мүмкүндүк берет.

Мектептер иштелип чыккан тесттерди окуу жараянында колдонуу үчүн толук мүмкүнчүлүк алышат. Мектеп директорлорунун орун басарлары менен усулдук бирикмелеринин башчылары үчүн тренинг/семинар өткөрүү пландалууда. Анда тестирлөөнү өткөрүүнү, жыйынтыктарды талдоону жана алынган жыйынтыктарды окутууну жакшыртуу үчүн колдонууга үйрөтөт.

Билим берүү системасын баалоо

Социалдык-эмоционалдык көндүмдөрдү баалоо

Бул жаатта окуучулардын социалдык-эмоционалдык көндүмдөрдүн пилоттук баалоосун өткөрүү пландалган. Изилдөө билим берүү системасы аркылуу окуучунун социалдык өнүгүүсүн аныктоону баалоо инструментин иштеп чыгат. Бул инструмент окуучунун социалдык өзгөчөлүктөрүнүн жана жеке мүнөздөмөлөрүнүн өнүгүшүнө мектеп жана үй-бүлө кандай таасир этип жатканын аныктоого, ар кандай деңгээлдеги сунуштамаларды иштеп чыгууга, аны өнүктүрүүгө жардам берет.

 Окуучулардын билим алуу жетишкендиктерин улуттук деӊгээлде баалоо (ОБЖУБ)

Бул изилдөөнүн максаты Кыргызстандагы билим берүүнүн абалы жөнүндө объективдүү жана илимий негизделген түшүнүк алуу болуп эсептелет. Баалоо 3 тилде (кыргыз, орус, өзбек) жүргүзүлөт жана 4- жана 8-класстардын окуучуларынын 3 предметтик багыттагы: математика, окуу сабаттуулугу жана табигый илимдер (химия, физика, биология, физикалык география) боюнча билим алуу жетишкендиктерин аныктайт. Негизги жыйынтыктары жалпы өлкө, окутуу тили, мектеп категориялары, гендер ж.б. боюнча маалымат берет.

“КЕЛЕЧЕК ҮЧҮН БИЛИМ БЕРҮҮ” ИРИ ДОЛБООРУ БАШТАЛДЫ

Мурда жүргүзүлгөн (4-кл. – 2007, 2009, 2014, 2017-жж. жана 8-кл. – 2007, 2009, 2017-жж.) изилдөөлөрдөй эле, 2024-жылкы изилдөө системаны өнүктүрүү үчүн тиешелүү чараларды колдонууга жана мектеп окуучуларынын билим алуусунун реалдуу өзгөрүшүнө шарт түзөт.

PISA – 2025

Билим берүү системасындагы жалпы тенденциялар боюнча түшүнүк алууга жана билим берүү процессин тутумдук деңгээлде өзгөртүү үчүн тиешелүү факторлорду аныктоо максатында Кыргызстан 2025-жылы PISA изилдөөсүнө катышат. PISAнын алкагында долбоор потенциалды өркүндөтүү жана изилдөөнү ишке ашырууну колдойт. Өлкө PISAнын бардык жаңы версияларына жана варианттарына, анын ичинде акыркы версиясын, түзүмүн жана вариантын колдонуу укугун алат. Анын ичинде кеңейтилген конструкциясы менен тапшырмаларды аткарууга (табигый илимдер боюнча эксперименттер, стандарттык эмес тексттерди окуу) жана адаптациялык тестирлөөгө даярданууга мүмкүнчүлүк алат. PISAга байланыштуу иш-чаралар, окуучуларды жана мугалимдерди даярдоо министрлик тарабынан иштелип чыккан Жол картасына ылайык жүргүзүлөт.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер