КАЗАНЬ ШААРЫНДА БРИКСТИН СПОРТ ОЮНДАРЫ БАШТАЛДЫ

  • 13.06.2024
  • 0

12-июнь күнү кечинде Казань шаарында  тарыхта биринчи жолу Орусияда башталган БРИКСтин спорт оюндарынын ачылыш аземи өттү.

КАЗАНЬ ШААРЫНДА БРИКСТИН СПОРТ ОЮНДАРЫ БАШТАЛДЫ

Салтанаттуу аземге Татарстандын раиси Рустам Минниханов, Татарстан Республикасынын Мамлекеттик кеңешчиси Минтимер Шаймиев, Россия Федерациясынын Президентинин жардамчысы Алексей Дюмин, Россия Федерациясынын Президентинин кеңешчиси Игорь Левитин жана Казан шаарынын мэри Ильсур Метшин катышты.

Оюндарга 90дон ашык өлкөдөн 4000дей спортчу катышууда. Алар Казань жана Москва шаарларынын 17 спорт объектисинде спорттун 27 түрү боюнча медалдын 387 комплекти байгелер үчүн ат салышат.

КАЗАНЬ ШААРЫНДА БРИКСТИН СПОРТ ОЮНДАРЫ БАШТАЛДЫРоссия Федерациясынын Президенти Владимир Путин эл аралык спорт форумунун меймандарын жана катышуучуларын видеобайланыш аркылуу куттуктады.

«БРИКС оюндарын меймандос, өзгөчөлөнгөн көп улуттуу маданияты, каада-салттары, тарыхы бай жана ошол эле учурда заманбап, келечекке караган Казань жана Москва шаарлар кабыл алууда. Мунун баары бири-биринин кызыкчылыгы үчүн динамикалуу өнүгүп жаткан, өзүнүн өзгөчөлүгүн сактап, масштабдуу маселелерди биргелешип чечкен, ишенимге, бекем достукка жана урматтоого негизделген чыныгы өнөктөштүктүн жана тең укуктуу мамилелердин үлгүсүн көрсөткөн суверендүү өлкөлөрдүн бирикмеси БРИКСтин өзүнүн рухун жана мүнөзүн толугу менен чагылдырат. Бул оюндардын келечеги кең », — деди Владимир Путин.

Ал БРИКС оюндарынын популярдуулугу жана жагымдуулугу саясий кийлигишүүсүз жана кысымы жок мелдештер катары мындан ары да өсө берерине, чындап эле дүйнөнүн бардык булуң-бурчунан келген спортчуларды бириктире тургандыгына ишеним билдирди. «Андан сырткары, быйыл биринчи жолу ачык форматта өтүп жатат. Бул Оюндар маданият аралык диалогду кеңейтүүнүн дагы бир символу, эл достугун жана мамлекеттер ортосундагы жемиштүү өз ара аракеттенүүнү адамдардын жана жалпы өнүгүүнүн кызыкчылыгында чыңдоого олуттуу салым болорун билдирет. БРИКС-2024 спорт оюндарын ачык деп жарыялайм!» — деди Россия Федерациясынын Президенти.КАЗАНЬ ШААРЫНДА БРИКСТИН СПОРТ ОЮНДАРЫ БАШТАЛДЫ

Татарстандын раиси Рустам Минниханов ачылыш аземинин катышуучуларын өлкөбүздүн негизги мамлекеттик майрамы – Россия күнү менен куттуктады. Ал республикада масштабдуу спорттук мелдешти өткөрүүгө ишеним көрсөткөнү үчүн президент Владимир Путинге ыраазычылык билдирди. «Дүйнөнүн бардык булуң-бурчунан келген көп сандагы спортчулардын катышуусу спорттун чеги жок экендигинин, спорттун саясаттан тышкары экендигинин айкын жана ынанымдуу далили», — деп белгиледи Рустам Минниханов.

КАЗАНЬ ШААРЫНДА БРИКСТИН СПОРТ ОЮНДАРЫ БАШТАЛДЫ-Бул ири масштабдуу спорттук иш-чараларды өткөрүү боюнча чоң тажрыйба экенин, Орусиянын бардык бурчунда спортту өнүктүрүүдө өбөлгө болоорун,  Казанда БРИКС оюндарын эң жогорку деңгээлде өткөрүүгө ишенип турнанын Россиянын спорт министри Михаил Дегтярев билдирди.

Салт боюнча ачылыш аземинин алкагында катышуучу өлкөлөрдүн парады өттү.   БРИКС-2024 эл аралык оюндарына Кыргызстандан 100дөн ашуун спортчу спорттун 14 түрү боюнча катышып, өлкөнүн намысын коргоп жатышат.

КАЗАНЬ ШААРЫНДА БРИКСТИН СПОРТ ОЮНДАРЫ БАШТАЛДЫЭл аралык спорттук иш-чарага Кыргызстан ушу-саньда, ушу-таолу, самбо, каратэ-до, жеңил атлетика, сууда сүзүү, шахмат, байдарка жана каноэ менен сүзүү, бокс, көркөм гимнастика, күрөш, бел боо күрөшү, дзюдо, теннис боюнча катышууда.

БРИКС-2024 оюндары 24-июнда жыйынтыкталат.

13-июндан тарта БРИКС оюндарында алгачкы медалдары үчүн күч сынашуулар башталды.

Кабыл Макешов,

спорттук баяндамачы, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер