КАЗАКСТАНДАГЫ ГРАНТТЫК ОРУНДАРГА ДОКУМЕНТТЕРДИ КАБЫЛ АЛУУ УБАКТЫЛУУ ТОКТОТУЛДУ
- 01.04.2020
- 0
Билим берүү жана илим министрлиги коронавирус боюнча дүйнөдөгү кырдаалга байланыштуу Казакстандын жогорку окуу жайларындагы беш гранттык орун үчүн документтерди кабыл алуу убактылуу токтоду.
Эскерте кетсек, Казакстан 2020-2021-окуу жылына карата кыргызстандыктар үчүн 5 гранттык орун бөлгөн болчу. Бакалавриат программасына 3 жана магистратурга 2.
Документтерди кабыл алуунун кайра башталышы тууралуу кошумча маалымат берилет.
Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы
Бөлүшүү
Комментарийлер